Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу тартиби
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 1-Глава
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектөөчү жагдайлардын жоктугу тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Жалпы жарандык паспорт 16 жашка чыга элек балага төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен жол-жоболоштурулат:
- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми анын чегинен тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту берүү ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту жол-жоболоштуруу белгиленген тартипте тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими киргизилгенде 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартат. (КР 2026-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык).
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын…Постановление · 17.12.2021 · № 306
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы №…Приказ · 22.04.2024 · № 1-д
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 19-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 19.12.2005 · № 589 · Күчүн жоготкон
- Калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттары (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин 23-июну 2023-жылындагы №1-д буйругу…Стандарт · 23.06.2023 · № 1-д · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна…Постановление · 01.06.2006 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 25.05.2026
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-октябрындагы № 465 «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана ким экенин билдирүүчү күбөлүгү жөнүндө» жана «Тышкы миграция…Постановление · 03.10.2005 · № 465 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-43" title="43-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>