Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 1-июнундагы № 398
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 1-июну № 23-57/17
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция- сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес- публикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде максатка ылайыксыз деп эсеп- тейт. Сунуш кылынган мыйзам долбоору республиканын жарандарынын автомат- таштырылган эсебин алуу, документтештирүүнү мамлекеттик контролдоо жана маалыматтык ресурстарды пайдалануу маселелерин чагылдырбайт. Мыйзам долбоору "Тышкы миграция жөнүндө" жана "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүчү нормаларды камтыйт. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясында тышка чыгуу үчүн документ Кыргыз Республикасынын жараны- нын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын диплома- тиялык паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспор- ту болуп санала тургандыгы белгиленген. Сунуш кылынган мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту" деген түшүнүктү камтыбайт. Мыйзам долбоорунун 4-статьясынын 3-пунктунда Кыргыз Республикасы- нын жаранынын паспортун бекер берүү каралган, бул Кыргыз Республикасы- нын мамлекеттик бюджетине оорчулуктун кыйла көбөйүшүнө алып келет. Мын- дан тышкары "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-статьясында жана "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамынын 5-статьясында Кыргыз Республикасынын аймагында паспорт берүү үчүн жана паспорттун колдонулуш мөөнөтүн узартуу үчүн мамлекеттик пошлина алына тургандыгы белгиленген. Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы өлкөнүн ичинде жарандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарандын эки документин алардын укуктук статусунда жана колдонулуш мөөнөтүндө кандайдыр бир олуттуу чектөөлөрсүз киргизүүнү карайт, бул дагы ар бир конкреттүү документти берүү тартибин жеткире иштеп чыгууну жана аныктоо тартибин талап кылат. Жогоруда аталган Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын паспортун алмашты- руучу документке кире тургандыгы белгиленген, бул "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына каршы келет, анткени айдоочулук күбөлүк жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга да берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жаранына берилүүчү паспорттун мөөнөтсүздүгү жөнүндө норма "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы- нын 43-статьясына каршы келет, ага ылайык паспорт 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Сунушталган Мыйзам долбоорунун айрым статьяларын редакциялык түзөтүү зарылдыгы бар. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун кабыл алууга макул- дук бере албайт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О государственной пошлинеЗакон · 16.12.1992 · № 1072-XII · Күчүн жоготкон