Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-19.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-декабры № 589
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде ма-
кулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын жараны-
нын паспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап
чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй пикирлердин жана сунуштардын неги-
зинде макулдук бербеди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору республиканын жарандарын документ-
тештирүүнү автоматташтырылган эсепке алуу жана контролдоо, республика-
нын жарандарын документтештирүүнү мамлекеттик контролдоо, маалыматтык
ресурстардын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоо, документтерди пер-
соналдаштыруу маселелерин чагылдырбайт.
Мыйзамдын долбоорунда паспортту Кыргыз Республикасынын чегарасына
кирүү жана чыгуу үчүн негизги документ катары аныктаган бөлүктөрүндө
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" жана "Ички миграция
жөнүндө" мыйзамдарына каршы келген нормалар бар.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
42-статьясында чыгуу үчүн документ Кыргыз Республикасынын жаранынын
жалпы жарандык паспорту болоору аныкталган. Ошондой эле паспорттун ор-
дуна жүрүүчү документтердин аныкталган тизмеси "Ички миграция жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына каршы келет. Мындан
тышкары, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында
паспортту 16 жашка толгон жарандарга берүү каралган. Берилчү паспорттун
мөөнөтсүздүгү "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын 43-статьясына каршы келет, ал статьяга ылайык паспорт 10 жыл
мөөнөткө берилет.
Каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунда кызматтык жана дипломатиялык
паспортторго тийиштүү нормалар каралган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 5 жана 23-статьяларына "Кыргыз Республикасы-
нын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамына ылайык тийиштүү оњдоолорду
киргизүү керек. Сунушталган Мыйзамдын айрым статьяларын редакциялык
оњдоо зарыл.
Мындан тышкары, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 43-статьясында жана "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясында Кыргыз Республикасынын айма-
гында паспорт бергендик жана жарактуулук мөөнөтүн узарткандык үчүн мам-
лекеттик пошлина алынаары белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын долбоорунун 13-статьясынын 2-пунктунда Кыргыз Рес-
публикасынын жаранынын паспортунун бардык түрлөрү ушул статьянын
3-пунктунда каралгандан башка учурларда акысыз берилет деп айтылган.
Бирок "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мынын 3-статьясынын 5 жана 6-пунктчаларында мамлекеттик пошлина
төмөнкүдөй учурларда алынаары айтылган, алар:
- чет өлкөгө чыгуу укугуна жана чет өлкөлүк адамдарды Кыргыз Рес-
публикасына чакыруу боюнча документтерди тариздегендик үчүн;
- ал документтерге өзгөртүүлөрдү киргизгендик үчүн;
- чет өлкөлүк паспортторду же анын ордуна жүрүүчү документтерди
каттагандык жана мөөнөтүн узарткандык үчүн;
- жашоо укугун бергендик же узарткандык үчүн;
- чет өлкөлүк паспортко же анын ордуна жүрүүчү документке Кыргыз
Республикасынан чыгуу жана Кыргыз Республикасына кирүү укугуна виза,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз
Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды кабыл алгандык
үчүн;
- жалпы жарандык паспортторду бергендик үчүн.
Сунушталып жаткан жана техникалык кызматтарды көрсөткөндүк үчүн
гана акы алууну белгилеген мыйзамдык нормалар мамлекеттик бюджетке
жүктүн орчундуу көбөйүшүнө алып келет.
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-статьясынын 3-бөлүгүндө айдоочулук
күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштыруучу доку-
мент болуп эсептелет деп белгиленген. Бирок ошол эле учурда, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айдоочулук күбөлүк жарандыгы жок
адамдарга да, чет өлкөлүк жарандарга да берилсе болот.
Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Респубчикасынын Өкмөтү Кыргыз
Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамын кабыл алууга макулдук бер-
бейт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О государственной пошлинеЗакон · 16.12.1992 · № 1072-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон