Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-07-23.
КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1999-жылдын 23-декабры № 145 Фирмалык аталыштар жөнүндө (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте катталган юридикалык жактардын фирмалык аталыштарын мамлекеттик каттоону регламенттештирет. I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында Мамлекеттик каттоо, укук коргоо жана фирмалык аталыштарды пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2-статья
2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган
Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында фирмалык аталыштарды коргоо жагын мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган болуп эсептелет. Кыргызпатент фирмалык аталыштарды каттоо боюнча өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, алар боюнча экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрөт, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды аткаруу боюнча өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен фирмалык аталыштарга байланыштуу, анын эрежелерине ылайык башка кызматтарды аткарат. Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында, фирмалык аталыштарды укуктук коргоо боюнча Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш иштейт, ал фирмалык аталыштар боюнча келип чыккан талаштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат. Апелляциялык кеңеш тарабынан каршы пикирлерди кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Фирмалык аталыштарды укуктук жактан жөнгө салуу
Мамлекеттик каттоо менен байланышкан, укук коргоо жана юридикалык жактардын фирмалык аталыштарын пайдалануунун ортосунда келип чыккан мамиле ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Фирмалык аталыштарды мамлекеттик каттоо ыктыярдуу болот.
II Глава Фирмалык аталыштар, аларды укуктук коргоо
4-статья
4-статья. Фирмалык аталыштар
Фирмалык аталыш - бул ушул аталыштын алдында өз ишин жүзөгө ашырган жана аны башка юридикалык жактан айырмалаган юридикалык жактын туруктуу толук же кыскартылган аталышы. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук түрүн жана айырмалоочу маанидеги энчилүү атын же жалпы атын камтууга тийиш. Ушул Мыйзамда көрсөтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктардын жана иши лицензиялануучу каржы-кредиттик мекемелердин фирмалык аталыштары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш. Ушул статьянын экинчи бөлүгү тарабынан каралган маалыматтар менен катар юридикалык жактын фирмалык аталышы башка элементтерди да камтышы мүмкүн. Фирмалык аталыш катарында өзүнүн фамилиясы же болбосо анын ысымы менен айкалышы пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде дал ошондой фамилия же аны менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош фамилия фамилиясы бирдей адам тарабынан фирмалык аталыш катары мурда пайдаланылып жүрсө, арыз берүүчү Кыргызпатенттин сунушу боюнча айырмалоочу белгилерге ээ болгон сөздүк элемент түрүндөгү толуктоону фамилияга кошууга тийиш. Жеке жак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык, ишкердик кылуу укугун аты-жөнүн камтыган өзүнүн атына гана алат жана жүзөгө ашырат. Ишкердин ишин жекечелештирүүнү жеке жак өзүнүн атын товардык белги катары каттатуу жолу менен жүзөгө ашыра алат. Фирмалык аталыштарда "Кыргыз", "Мамлекеттик" жана "Улуттук" деген сөздөрдү ар кандай айкалыштарда, ошондой эле толук же кыскартылган расмий аталыштарда Кыргыз Республикасын көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жол берилет. Юридикалык жактын Кыргызпатент тарабынан катталган фирмалык аталышына экспертизанын натыйжалары боюнча күбөлүк берилип, ал аны коргоо жөндөмдүүлүгүн ырастайт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья
5-статья. Фирмалык аталыштарды каттоодон баш тартуу үчүн негиздер
Фирмалык аталыштар катарында:
1) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) анын же анын мураскорлорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү фамилия менен дал келгендер;
4) белгилүү коммерциялык эмес уюмдардын аталыштары менен дал келгендер же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшоштор;
5) иштин бирдей же окшош түрлөрү үчүн - Кыргызпатентте катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштарга дал келгендер, же аралашып кетүү деңгээлине чейин аны менен окшоштор;
6) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө карата алганда Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу жалпыга белгилүү товардык белгилери, сөз же аралаш товардык белгилери (тейлөө белгилери), товарлардын чыккан жерлеринин аталыштары менен төп келген же алмашып кетүү деңгээлине чейин окшош болгон;
7) мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын аталыштары менен дал келген же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош;
8) өнөр жайлык менчиктин корголуучу объектинин ээсине, анын турган жерине (дарегине), ишинин мүнөзүнө жана түрүнө фирмалык аталыштары, товардык белгилерине жана тейлөө белгилерине карата алганда керектөөчүнү адашууга алып келүүчү;
9) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) моралдын ченемдерине, гумандуулуктардын принциптерине жана коомдун таламдарына каршы келген;
15) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(2-бөлүк КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья
6-статья. Фирмалык аталыштарды укуктук коргоо
Кыргыз Республикасында фирмалык аталышты укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аны мамлекеттик каттоонун негизинде, ал эми каттоосу жок чет өлкөлүк жактын фирмалык аталышына карата - чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жүгүртүүнүн катышуучусу катары ишин жүзөгө ашыра баштаган датадан тартып пайда болот. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Глава Фирмалык аталыштарды каттоо
7-статья
7-статья. Фирмалык аталыштарды каттоого өтүнмө
Фирмалык аталыштар анын артыкчылык укугун алууга кызыкдар жактын Кыргызпатентке берген өтүнмөсү боюнча катталат. Өтүнмө Кыргызпатентке катталган патенттик ишенимдүү, же ыйгарым укугу ишеним кат менен күбөлөндүрүлгөн башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин көрсөтүү менен, фирмалык аталышты каттоого арызын;
- сунуш кылынган фирмалык аталышын жана анын сыпаттамасын.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- юридикалык жактын ишинин түрүн тастыктоочу документ;
- фирмалык аталышты бергендиги жана экспертизадан өткөргөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;
- юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү;
- талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү.
Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө Кыргызпатент тарабынан бекитилген талаптарга ылайык берилет. Өтүнмө бергендиги жана каттоого берилген аталышка экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө патенттик алым (мындан ары - алым) төлөнөт. Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча каттоо каралып жаткан анын бардык этаптарында кайра чакыртылып алынышы мүмкүн. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья
8-статья. Фирмалык аталыштын артыкчылыгы
Фирмалык аталыштын артыкчылык датасы фирмалык аталыштарды каттоо үчүн Кыргызпатентке берилген өтүнмөнүн датасы боюнча аныкталат. (2-бөлүк КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья
9-статья. Фирмалык аталыштын экспертизасы
Кыргызпатент билдирилген фирмалык аталыштын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келгендигин аныктоо үчүн, алым төлөнгөн шартта, өтүнмө келип түшкөн датадан тартып он беш жумуш күн ичинде фирмалык аталышка экспертиза жүргүзөт. Ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча, суроо-талапты алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде болгон кемчиликтерди четтетүү үчүн, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт. Жүйөлүү себептер болгон учурда, белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнүч кат боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү эки айга узартылышы мүмкүн. Бул учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, мөөнөттүн эсеби оңдолуп келген документтер түшкөн датадан башталат. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, анда өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет жана бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабар берилет. Кыргызпатент фирмалык аталышка экспертиза жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактын мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун, Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринин жана башка булактардын маалыматтарын пайдаланат. Кыргызпатенттин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби ушул статьянын алтынчы бөлүгүндөгү жоболорду камсыз кылуу максатында маалыматтарды өз учурунда алмашуу маселеси боюнча жогоруда көрсөтүлгөн ведомстволор биргелешип иштеп чыккан жана бекиткен ченемдик укуктук актылар менен аныкталат. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Билдирме материалдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Өтүнмө боюнча чечим кабыл алганга чейин өтүнмө ээси фирмалык аталыштарды каттоого өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу. Эгерде фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына киргизилген толуктоолор, оңдоолор жана тактоолор анын маңызын өзгөртсө, анда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган артыкчылык жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй эсептөө мөөнөтү андай өтүнүч кат келип түшкөн дата боюнча аныкталат. Өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө алым төлөнүүгө тийиш, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурда, фирмалык аталышка жаңыдан экспертиза жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнөт. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья
11-статья. Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечим. Фирмалык аталышты каттоо
Фирмалык аталыштар ушул Мыйзамдын талаптарына дал келген учурда, Кыргызпатент каттоо жөнүндө чечим кабыл алат жана аны өтүнмө ээсине жөнөтөт. Эгерде ал боюнча оң чечим чыгарылган фирмалык аталыш менен бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгиге карата өтүнмө конвенциялык же көргөзмө артыкчылыгы менен түшүп, ал боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыккан болсо, анда фирмалык аталышка чыгарылган чечим жоюлат. Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө маалымат, фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечимдин негизинде 10 күндүн аралыгында, тийиштүү алым төлөнгөн шартында, Реестрге киргизилет. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья
12-статья. Реестрге киргизилүүчү маалыматтардын тизмеси
Реестрге төмөндөгүдөй маалыматтар милдеттүү тартипте киргизилет: Юридикалык жактын фирмалык аталышы, анын юридикалык дареги, артыкчылык алган датасы, берилген билдирменин номуру жана датасы, анын каттоодон өткөн номуру жана датасы. Реестрге киргизилүүчү маалыматтардын толук тизмесин Кыргызпатент аныктайт. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья
13-статья. Фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу
Фирмалык аталыш ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 5-8, 14-пункттарынын жана 26-статьясынын талаптарына жооп бербеген учурда Кыргызпатент аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана аны өтүнмө ээсине жөнөтөт. Экспертизанын чечими менен макул эмес арыздануучу фирмалык аталышты каттоодон баш тарткандык жөнүндө чечимди алган датадан баштап бир ай мөөнөт ичинде, алымды төлөгөн шартында, Апелляциялык кеңешке каршы пикирин берүүгө акылуу. Өтүнмө ээси өзү же өкүлү аркылуу өзүнүн каршы пикирин кароого катышууга укуктуу. (4-бөлүк КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья
14-статья. Реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү
Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда караштырылган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт. Ушундай өтүнүч кат менен бирге эле алымды төлөгөн документ көрсөтүлөт. Өтүнүч катты канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө билдирүү 7 күндүк мөөнөттө өтүнмө ээсине жөнөтүлөт. Өтүнмө ээсинин күнөөсү боюнча эмес жол берилген көрүнөө жана техникалык каталардын оңдоосун Кыргызпатент реестрге жана фирмалык аталыштын күбөлүгүнө алым төлөтпөстөн киргизет. (5-бөлүк КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья
15-статья. Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө маалыматты жарыялоо
Фирмалык аталышты каттоого жана реестрге киргизүүгө байланыштуу маалыматтар, ушул Мыйзамдын 12 жана 14-статьясына ылайык. Кыргызпатент тарабынан фирмалык аталыш реестрге катталган датадан же фирмалык аталышты каттоодо реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датадан баштап бир айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланат. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья
16-статья. Кечиктирилген мөөнөттү калыбына келтирүү
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралгандай, табыштамачы өткөрүп жиберген мөөнөттөр табыштамачынын бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин бир айдан кеч эмес, ал эми ушул Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи бөлүгүндө жана 14-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган мөөнөттөр алар бүткөндөн кийин үч айдан кеч эмес берген өтүнүч каты боюнча, эгерде жүйөлүү себептер тастыкталса жана алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IV Глава Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк
17-статья
17-статья. Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк
Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) артыкчылыкты жана катталган фирмалык аталыштын ээсине өзгөчө укукту жана фирмалык аталыштын мамлекеттик каттоо фактысын бекемдөөнү күбөлөндүргөн коргоочу документ болуп эсептелет. Күбөлүктү берүүнү реестрге маалымат киргизилгенден кийин 7 күндүн аралыгында Кыргызпатент жүргүзөт. Күбөлүктүн формасы Кыргызпатент тарабынан бекитилет. Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон учурда Кыргызпатенттеги каттоо материалдарынын негизинде юридикалык жактын арызы боюнча анын көчүрмөсү берилет жана берилгендиги үчүн алым алынат. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья
18-статья. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу
Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкүдөй токтотулат:
- фирмалык аталыштын өзгөчө укугунан күбөлүк ээсинин баш тарткан арызы боюнча;
- юридикалык жак жоюлган же анын фирмалык аталышы өзгөргөн учурда;
- эгер ал сотко даттанылбаган учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча;
- соттун чечими боюнча.
Юридикалык жактын иши токтотулган учурда, юридикалык жактарды каттоочу тиешелүү органдар алар тиешелүү маалыматты алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө бул тууралуу Кыргызпатентке кабарлайт. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V Глава Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу
19-статья
19-статья. Фирмалык аталышка өзгөчө укук
Фирмалык аталышка өзгөчө укук - бул юридикалык жактын ээллктен ажыратылбаган мүлктүк укугу. Фирмалык аталышка карата өзгөчө укук фирмалык аталыштын катталгандыгы жөнүндө маалыматтар Кыргызпатент чыгаруучу расмий бюллетенде жарыяланган күндөн тартып келип чыгат. (3-бөлүк КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Фирмалык аталыштар соода-сатык, белек, ижара келишимдеринин предмети болушу мүмкүн эмес. Ишкананы сатууда фирмалык аталышы бөлөк бааланышы жана сөзсүз түрдө ишканага кошуп сатышы же болбосо белгилүү убакыттан кийин анын токтотулушу жөнүндө эскертилиши мүмкүн. Юридикалык жактын фирмалык аталышка өзгөчө укугу башка юридикалык жакка керектөөчүнүн чаташууга алып келүүсүн жокко чыгарган чараларды сактоо шартында гана укук жолдоочулук катарында берилиши мүмкүн. Фирмалык аталышка укук ээси өзүнүн аталышын пайдаланууга башка жакка уруксат кылышы мүмкүн, бирок муну менен лицензиялык келишимде керектөөчүнү чаташууга алып келбей турган чаралар шартталууга тийиш. Лицензиялык келишим Кыргызпатентте катталышы мүмкүн жана ал катталган күндөн тартып күчүнө кирет. Келишимди каттагандыгы үчүн тиешелүү алым төлөтүлөт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-статья
20-статья. Фирмалык аталышка өзгөчө укуктун бузулушу
Корголуучу фирмалык аталышка юридикалык жактын гана өзгөчө укугун бузуу башка юридикалык жактын ишинде укук ээсинин макулдугусуз ага бирдей же окшош фирмалык аталыштарды пайдалануу болуп эсептелет. Ошондой эле юридикалык жактын корголуучу фирмалык аталышка карата өзгөчө укугун бузуу болуп аны менен теңдеш же окшош аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары санкциясыз пайдалануу саналат. Фирмалык аталышты же аны менен аралашып кетүү даражасына чейин окшош белгини Интернет түйүнүндө дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Фирмалык аталышка өзгөчө укук бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, административдик же кылмыш жоопкерчилиги башталат. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья
21-статья. Фирмалык аталышты пайдалануу
Фирмалык аталышты пайдалануу деп төмөндөгүлөр эсептелет:
- ошо аталышы менен келишим түзүү, чарбалык азык-түлүктөрдү жүгүртүүгө киргизүү, каржылык аракеттерди жасоо, сотто доо коюу;
- юридикалык жактын ишине байланыштуу расмий бланктарда, мөөрдө, штамптарда жана башка документтерде фирмалык аталыштын көчүрмөсүн жасоо;
- юридикалык жактын жайгашкан жайын көрсөтүүчү көрнөктөрдө фирмалык аталышты чагылдыруу;
- азык-түлүктөргө товардык белги элементи катарында керектөөчүнүн аны табуусун жана идентификациялоосун жеңилдетүүдө фирмалык аталышты колдонуу;
- кожоюн өндүрүп чыгарган экспонаттарды көрсөтүүдө жарнактарда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө фирмалык аталышты колдонуу;
- фирмалык аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу.
Фирмалык аталыш товардык белгинин, тейлөө белгисинин белгиленишинин курамдык бөлүгү катарында пайдаланылышы мүмкүн, толугу менен көрсөтүлгөн белгилерге дал келиши, ошондой эле бир эле менчик ээсине таандык болгон бир же бир нече катталган белгилердин бир бөлүгү болушу мүмкүн. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VI Глава Фирмалык аталыштардын укуктук коргоосунун токтотулушу
22-статья
22-статья. Фирмалык аталыштарды каттоодогу талаш
Юридикалык кандай гана кызыкдар жак болбосун фирмалык аталыштарды каттоонун бүтүндөй мөөнөтүнүн ичинде аны каттоого каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бериши мүмкүн. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимин алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттануусу мүмкүн. Каршы пикир берилгенде алым төлөнүүгө тийиш. Фирмалык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам бузууларына байланыштуу талаштар сот тартибинде каралат. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья
23-статья. Апелляциялык кеңеште каралуучу каршы пикирлер
Апелляциялык кеңеш төмөнкү каршы пикирлерди карайт:
- фирмалык аталыштарды каттоодогу арыз боюнча экспертизанын чечимине;
- фирмалык аталышты каттоого каршы;
- (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Апелляциялык кеңеште каршы пикирди кароонун тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Апелляциялык кеңештин чечимине макул эмес кайсы гана тарап болбосун чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттануусу мүмкүн. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Каттоону жараксыз деп табуу
Эгер каттоо ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө, кокус эле Апелляциялык кеңештин чечими боюнча эгер сотко, же соттун чечими боюнча даттанылбаса, каттоонун бүтүндөй мөөнөтүнүн ичинде фирмалык аталышты каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII Глава Корутунду жоболор
25-статья. Алым
Фирмалык аталыштарды каттоого байланыштуу юридикалык мааниси бар аракеттер ишке ашырылгандыгы үчүн алымдар алынат. Алымдар Кыргызпатентке төлөнөт. Аларды ишке ашыруу үчүн алым төлөнө турган аракеттердин тизмеси, аны төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Кыргызпатенттин эсебине келип түшкөн каражаттардын бардыгы, валютаны кошо эсептегенде, Кыргызпатент тарабынан аппаратты кармап турууга, ведомствонун алдындагы башка структураларга, техникалык жабдууларга, автоматтык тутумдарды түзүүгө жана колдонууга, маалымат фондусун комплектөөгө, кадрларды даярдоого жана шыктандырууга жумшалат. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья
26-статья. Өтмө жоболор
Юридикалык жактардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай катталган фирмалык аталыштары ишмердүүлүктүн теңдеш же окшош түрлөрүнө карата укуктук коргоого ээ болушат. Мындай фирмалык аталыштарга карата өзгөчө укук (ээлик кылуу, фирмалык аталышты пайдалануу жана тескөө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу) айырмалоочу белгилемелерди кошуу шартында пайда болушу мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн аталышына өзгөчө укукту ушул Мыйзамда каралган тартипте алууга укуктуу. Мында өтүнмө юстиция органдарында каттоодон өткөндөн кийин Кыргызпатентке берилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдун аталышы корголууга жөндөмсүз деп табылган учурда, Кыргызпатент каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, мында ал аталышка өзгөчө укук келип чыкпайт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-статья. Ушул Мыйзамдын аракетинин ишке кириши жөнүндө
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө киргизилсин. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргызпатент менен бирдикте өз ара аракеттенүү тартибин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле фирмалык аталышы бар катталган чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндөгү маалыматтарды Кыргызпатентке берсин. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 14
Цитата келтиргендер (27)
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 1 октября 1999 года 3 N 1497-1 "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Постановление · 01.10.1999 · № 1497
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- Постановление Правительства КР от 13 мая 1998 года №270 "Об утверждении Мероприятий по выполнению задач, поставленных Президентом Кыргызской Республики 13 апреля 1998 года на…Постановление · 13.05.1998 · № 270
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 37
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз…Закон · 23.07.2016 · № 133
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 559-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды…Постановление · 19.05.2016 · № 559-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2014 · № 200
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-июнундагы № 681-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды…Постановление · 09.06.2016 · № 681-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 697-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды…Постановление · 15.06.2016 · № 697-VI
- Правила составления, подачи и рассмотрения заявки на регистрацию фирменного наименования" (Утверждены постановлением коллегии Государственного агентства по интеллектуальной…Правила · 21.11.2006 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Правила составления, подачи и рассмотрения заявки на регистрацию фирменного наименования" (Утверждены постановлением коллегии Государственного агентства интеллектуальной…Правила · 31.12.1999 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минюста КР от 15 мая 2000 года № 76 "Об утверждении Порядка взаимодействия Министерства юстиции Кыргызской Республики и Государственного агентства интеллектуальной…Приказ · 15.05.2000 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 "2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө"…Постановление · 23.09.2011 · № 593 · Күчүн жоготкон
- Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №746 токтому менен бекитилген)Правила · 29.11.2011 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы №740 токтому менен бекитилген "Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө Жобо"жобоПоложение · 09.06.2000 · № 330 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ КЫРГЫЗПАТЕНТА КР от 25 апреля 2000 года N 77-к (Об утверждении Порядка взаимодействия Министерства юстиции Кыргызской Республики и Государственного агентства…Приказ · 25.04.2000 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №746 "Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 746 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 330 "Об утверждении Положения о пошлинах за регистрацию фирменных наименований"Постановление · 09.06.2000 · № 330 · Күчүн жоготкон
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз…Закон · 23.07.2016 · № 133
- Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 27.01.2014 · № 19 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (14)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Окмөтунун 2007-жылдын 31-январы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана…Постановление · 31.01.2007 · № 26
- Положение о порядке использования термина "национальный" в наименовании юридических лиц Кыргызской РеспубликиПостановление · 11.09.2002 · № 621
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3159-V "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 3159-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3336-V "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 27.06.2013 · № 3336-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3699-V "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.12.2013 · № 3699-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №155 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.02.2012 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө…Постановление · 09.07.2010 · № 118 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №117 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана…Постановление · 09.07.2010 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагенства по интеллектуальной собственности при Правительстве КР (КЫРГЫЗПАТЕНТ) от 23 ноября 2006 года №431 "Об утверждении Правил составления, подачи и рассмотрения…Приказ · 23.11.2006 · № 431 · Күчүн жоготкон
- Порядок взаимодействия Министерства юстиции Кыргызской Республики и Государственного агентства интеллектуальной собственности при Правительстве Кыргызской Республики…Порядок · 25.04.2000 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 235 «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»…Постановление · 03.04.2006 · № 235 · Күчүн жоготкон
14 ичинен 13 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.