Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө Жобо»жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 декабря 2016 года № 654 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-12.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтому менен бекитилди
Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө Жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 740 токтомунун редакциясында)
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык) I бөлүк Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында каралган юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн алым төөлөнүн тартибин, анын өлчөмүн жана мөөнөтүн белгилейт.
2. Ушул Жобо менен белгиленген алымдын суммасы кошумча нарктын са-
лыгын эсепке алуу менен фирмалык аталыштарды каттоого байланыштуу юри- дикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн төлөнөт жана ал алым- дар төмөндөгүчө алынат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жайгашкан жери бар
Кыргыз Республикасынын юридикалык тараптарынан - сом менен;
- чет мамлекеттин юридикалык тараптарынан - сом менен же ушул
алымды төөлөө учурунда АКШнын долларына карата колдонулуп жаткан курс боюнча эркин жүгүртүлүүчү валюта менен.
3. Күчүн жоготту
4. Күчүн жоготту
5. Күчүн жоготту
6. Ушул Жобо боюнча белгиленген алымдар кабыл алынган тартипте
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун эсебине тиешелүү сумманы которуу жолу менен төлөө же ал сумма накталай төлөнөт. Алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ болуп банктын штампы бар төлөө барагынын көчүрмөсү же алым накталай төлөнгөндүгү жөнүндө банктын квитанциясы же өздүк эсептен которулгандыгы жөнүндөгү квитанция эсепте- лет. Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документте, эгерде бул документ өтүнмө Кыргызпатентке түшкөндөн кийин тапшырыла турган болсо, өтүнмөнүн же күбөлүктүн каттоо номери болушу, жана алым кайсы иш-аракет үчүн төлөнсө ошонун аталышы көрсөтүлүшү зарыл. Эгерде өтүнмөгө каттоо номери бериле элек болсо аталган документте алым алынып, аткарылган иш-аракет менен катар суралуучу фирмалык аталыш да көрсөтүлүшү керек. Аталган ма- алыматтар көрсөтүлбөгөн документ чыныгы эмес деп зсептелет. Төлөнгөн алымдын өлчөмүнүн белгиленген өлчөмгө дал келгендиги алым төлөнгөн күн боюнча аныкталат. Алым ушул Жободо белгиленген өлчөмдө төлөнүшү керек. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы N 233 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төлөнгөн алым, эгерде ал ушул Жободо белгиленген өлчөмдөн ашык
өлчөмдө төлөнгөн учурдан бөлөк учурда, же кайсы бир иш-аракет үчүн бел- гиленген сумма төлөнүп, бирок ал иш-аракет аткарылбай калган учурдан бөлөк учурда кайтарылып берилбейт. Мындай учурда өтүнүүчүнүн, алым төлөгөн адамдын өтүнүчү боюнча ашык төлөнгөн сумма белгиленген тартипте кайтарылып берилет же болбосо өтүнүүчүнүн суранычы боюнча ушул өтүнүч берилген күнгө карата төлөөгө болсо турган ушул Жободо каралган башка алымдардын эсебине төлөнөт.
II бөлүк Алым алуучунун тартиби жана анын өлчөмдөрү
Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн алымдар төмөндөгүдөй тартипте жана төмөндөгү өлчөмдөрдө алынат:
| № | Юридикалык маанилүү иш-аракеттер | Алымдын өлчөмдөрү |
| (сом менен) | ||
| 1 | 2 | 3 |
| 1 | Фирмалык аталышты каттатуу жана экспертиза | 440 |
| жүргүзүү боюнча өтүнмө бергендиги үчүн, | ||
| анын ичинде: | ||
| - фирмалык аталышты каттоого алуу боюнча | 100 | |
| өтүнмө бергендиги үчүн | ||
| - фирмалык аталышка экспертиза жүргүзүлгөндүгү | 440 | |
| үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ Кыргызпатентке берилүүчү өтүнмө менен чогуу берилет.
| 2 | Фирмалык аталышты каттатуу үчүн берилген | 200 |
| өтүнмөнүн материалдарына өтүнүүчүнүн демилигеси | ||
| менен толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жана | ||
| аларды карап чыгуу |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнүчкө тиркелет.
| 3 | Талап этилген материалдарды тапшыруу үчүн | 10 |
| берилген мөөнөттү узарткандыгы үчүн (ар бир | ||
| узартылган күн үчүн) |
Амым төлөгөндүгүн ырастоочу документ өтүнүчкө тиркелет. ----------------------------------------------------------------------- 4 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту) ----------------------------------------------------------------------- Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ арызга тиркелет. ----------------------------------------------------------------------- 5 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту) ----------------------------------------------------------------------- Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ өтүнүчкө тиркелет.
| 6 | Фирмалык аталышты Реестрге каттаткандыгы, | 200 |
| жарыялагандыгы жана күбөлүк алганыдыгы үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ фирмалык аталышты каттоого алуу жөнүндө экспертизанын чечимин өтүнүүчү алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде тапшырылат. Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген 10 күндүн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт.
| 7 | Өтүнүүчүнүн (фирмалык аталыштын ээсинин) | 200 |
| демилгеси менен реестрге жана күбөлүккө | ||
| өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилгендиги | ||
| үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган долумент өтүнүчкө тиркелет.
| 8 | Күбөлүктүн дубликаты берилгендиги үчүн (күбөлүк | 100 |
| жоголгон учурда), дубликат берилгендиги жөнүндө | ||
| маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ дубликат берүү жөнүндө арыз- га тиркелет.
| 9 | Мамлекеттик реестрден көчүрмө даярдалып | 100 |
| берилгендиги үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ көчүрмө берүү жөнүндө арыз менен бирге берилет.
| 10 | Лицензиялык келишимди каттоо жана Мамлекеттик |
| реестр менен күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүү: | |
| - бир фирмалык аталышка | 150 |
| - бир канча фирмалык аталышка - келишимде | + 100 |
| каралган ар бир бирден ашык фирмалык аталыш | |
| үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ тиешелүү келишимди каттоого алууу жөнүндө тиешелүү арыз менен бирге тапшырылат.
| 11 | Каттоодон өткөн лицензиялык келишимге өзгөртүү | 100 |
| киргизүү |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ тиешелүү келишимди каттоого алуу жөнүндө тиешелүү арыз менен бирге тапшырылат.
| 12 | Келишимдин экспертизасы үчүн суроо-талаака | 50 |
| өтүнүүчүнүн жооп берүү мөөнөтүн узартуу: ар бир | ||
| узартылггн күн үчүн |
Алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч менен бирге тапшырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2014 · № 200
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 330 "Об утверждении Положения о пошлинах за регистрацию фирменных наименований"Постановление · 09.06.2000 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Фирмалык аталыштар жөнүндөЗакон · 23.12.1999 · № 145 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.