26-статья. Өтмө жоболор
Күчүн жоготкон · 23.07.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 июля 2016 года № 133.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2006 года № 131
Юридикалык жактардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай катталган фирмалык аталыштары ишмердүүлүктүн теңдеш же окшош түрлөрүнө карата укуктук коргоого ээ болушат. Мындай фирмалык аталыштарга карата өзгөчө укук (ээлик кылуу, фирмалык аталышты пайдалануу жана тескөө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу) айырмалоочу белгилемелерди кошуу шартында пайда болушу мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн аталышына өзгөчө укукту ушул Мыйзамда каралган тартипте алууга укуктуу. Мында өтүнмө юстиция органдарында каттоодон өткөндөн кийин Кыргызпатентке берилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдун аталышы корголууга жөндөмсүз деп табылган учурда, Кыргызпатент каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, мында ал аталышка өзгөчө укук келип чыкпайт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/307/st-26" title="26-статья - Фирмалык аталыштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>