Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Фирмалык аталыштар
Күчүн жоготкон · 23.07.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 июля 2016 года № 133.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2014 года № 19
Фирмалык аталыш - бул ушул аталыштын алдында өз ишин жүзөгө ашырган жана аны башка юридикалык жактан айырмалаган юридикалык жактын туруктуу толук же кыскартылган аталышы. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук түрүн жана айырмалоочу маанидеги энчилүү атын же жалпы атын камтууга тийиш. Ушул Мыйзамда көрсөтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктардын жана иши лицензиялануучу каржы-кредиттик мекемелердин фирмалык аталыштары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш. Ушул статьянын экинчи бөлүгү тарабынан каралган маалыматтар менен катар юридикалык жактын фирмалык аталышы башка элементтерди да камтышы мүмкүн. Фирмалык аталыш катарында өзүнүн фамилиясы же болбосо анын ысымы менен айкалышы пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде дал ошондой фамилия же аны менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош фамилия фамилиясы бирдей адам тарабынан фирмалык аталыш катары мурда пайдаланылып жүрсө, арыз берүүчү Кыргызпатенттин сунушу боюнча айырмалоочу белгилерге ээ болгон сөздүк элемент түрүндөгү толуктоону фамилияга кошууга тийиш. Жеке жак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык, ишкердик кылуу укугун аты-жөнүн камтыган өзүнүн атына гана алат жана жүзөгө ашырат. Ишкердин ишин жекечелештирүүнү жеке жак өзүнүн атын товардык белги катары каттатуу жолу менен жүзөгө ашыра алат. Фирмалык аталыштарда "Кыргыз", "Мамлекеттик" жана "Улуттук" деген сөздөрдү ар кандай айкалыштарда, ошондой эле толук же кыскартылган расмий аталыштарда Кыргыз Республикасын көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жол берилет. Юридикалык жактын Кыргызпатент тарабынан катталган фирмалык аталышына экспертизанын натыйжалары боюнча күбөлүк берилип, ал аны коргоо жөндөмдүүлүгүн ырастайт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 января 2014 года № 19 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2006 года № 131 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Редакцияларды салыштыруу
27.01.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Фирмалык аталыштар
Фирмалык алынып салынды: аталыштар кошулду: аталыш - бул алынып салынды: юридикалык жакты кошулду: ушул аталыштын алдында өз ишин жүзөгө ашырган жана аны башка юридикалык жактан алынып салынды: айырмалап турган кошулду: айырмалаган юридикалык жактын туруктуу толук же кыскартылган аталышы.
Кыргыз Республикасынын … башка элементтерди да камтышы мүмкүн.
Фирмалык аталыш катарында алынып салынды: энчилүү фамилия кошулду: өзүнүн фамилиясы же болбосо анын алынып салынды: ысым кошулду: ысымы менен алынып салынды: айтылышы кошулду: айкалышы пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде кошулду: дал ошондой фамилия же аны менен алынып салынды: алмашып кетиши мүмкүн болгон кошулду: аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош фамилия фамилиясы бирдей адам тарабынан … аны коргоо жөндөмдүүлүгүн ырастайт.
(КР 2006-жылдын 27-июлундагы № алынып салынды: 131 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 37
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37-токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/307/st-4" title="4-статья - Фирмалык аталыштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>