Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «»Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-марты № 9/10 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоору бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери ички ченемдик актыларын токтом күчүнө киргенден кийинки үч ай ичинде ага ылайык келтиришсин.
5. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары айым, Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага
З. Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелеринде кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобо (…Положение · 27.03.2013 · № 9/10
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.03.2014 · № 12/6
- "О внесении изменений и дополнений в Постановление Правления НБКР "Об утверждении Положения о минимальных требованиях по выполнению кассовых операций в коммерческих банках и…Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-13/24-2-(НПА)
- О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики «Об утверждении Положения «О минимальных требованиях по выполнению кассовых операций в…Постановление · 30.06.2023 · № 2023-П-13/41-3-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майы № 292 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.05.2017 · № 292 · Күчүн жоготкон