Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы N 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 16-майы № 292
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. II главада:
1) II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар".
2. 7-беренеде:
1) 7-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруунун тартиби";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Чарба жүргүзүүчү субъект "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган аныктама менен түшүндүрүлөт.". 2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - мыйзам долбоору) чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө жаралган маселелерди чечүүдө 2017-жылдын 3-февраль күнүнөн баштап түзүлгөн № 64 "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө коюлуучу тартиптен минималдуу талап боюнча Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө тартип ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленсин деп "бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жетинчи беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө коюлуучу тартиптен минималдуу талап боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 3-февралындагы № 64, 2015-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катынын негизинде 2015-жылдын 18-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен иштелип чыккан. 1994-жылдын 23-июлдагы Улуттук банктын башкаруу жарлыгынын № 1/7 боюнча "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби" кабыл алынган. Бул тартипке кардарларга кассалык тейлөө жүргүзгөн банк мекемелери жана Байланыш министрлигинин ишканаларынан башка бардык ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, мекемелердин таризи жана мүлкүнө карабастан кассалык иш-аракеттери баш ийиши керек болгон. Жогоруда айтылган тартип 1992-жылдын 12-декабрындагы № 1055-XII "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде бекитилген. Бирок, бул Закон 1997-жылдын 29-июлундагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алынуусунун негизинде 1997-жылы күчүн жоготкон. Күчүн жоготкон Мыйзамдын 9-беренеси менен Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча ыйгарым укук Улуттук банкка берилген. 1997-жылдын 29-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" № 59 Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун негизине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акча жүргүзүүнү уюштуруу максатында Улуттук банк тарабынан уруксаттамалоо иш-аракети финансы-насыялык гана мекемелерге кассалык операцияларды киргизүүдө тартипти иштеп чыгуу жана бекитүү укугу Улуттук банкта дайындалган. 2013-жылдын 27-мартындагы № 10/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкаруу жарлыгына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарга жана банктардан тышкары финансы-насыялык мекемелерге кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды коюу жөнүндөгү жобо" бекитилген. Бирок бул жобо бир гана банк секторлорун камтыган. Мындан тышкары белгилеп кетүүчү нерсе, 2002-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасындагы уюмдардын жана бухгалтердик эсепти киргизүүнүн укук-ченемдеринин жана усулдарынын негизинде кабыл алынган жана бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулуктун мамлекеттик тартиби белгиленген. Ошол эле учурда бул Мыйзамда Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими каралган эмес. "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды коюу боюнча Убактылуу жобону бекитүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 3-февралындагы № 64, убактылуу мүнөзгө ээ болуп 12 айга жарактуу деп саналат жана күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын укук-ченемдүүлүк актысынын долбоорун иштеп чыгуу каралат. Мына ушундай жол менен азыркы күндө Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды киргизүүдө жаралган маселелерди чечүү керек болду. Ушуга байланыштуу ушул мыйзамды кабыл алынды деп эсептейбиз. Буга байланыштуу 2017-жылдын 3-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды коюу боюнча Убактылуу жобону бекитүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктарын ишке ашыруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды киргизүү тартибин жөнгө салуу ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн 2017-жылдын 8-февраль күнүнөн тартып Мамфинкөзөмөлдүн № 20-п буйругу менен жумушчу тобу түзүлгөн. Жумушчу тобунун иш-аракетинин жыйынтыгында "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ушул мыйзам долбоору 2017-жылдын 2-март күнүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына (www.gov.kg) жана 2017-жылдын 3-мартынан тартып коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтына (www.fsa.kg) жайгаштырылды. Ушуну менен катары, коомдук талкуунун жыйынтыгы менен сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок. Ушул мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирдин талдоосун өткөрүүнү талап кылбайт, анткени бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамына "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилеринин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген ченемди киргизүүнү карап жатат. Жөнгө салуучу таасирди талдоо кийинчерээк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдонмо катарында бекитилген сунуштамага ылайык, Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилеринин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө укуктук ченемдик актынын долбооруна жазылат. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору Конституциянын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган тартипте бекитилген эл аралык мыйзам ченемдүүлүктөргө каршы келбейт жана ошондой эле коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык талаптарга жооп берет жана коррупциялык иштерди жүргүзбөйт. Мындан тышкары бул мыйзамдын кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен финансылык (кошумча) каржылоону талап кылбайт.
Төрага
С.Муканбетов
Begin_nocompare
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Учурдагы редакциясы
Сунуш кылынган редакция
II глава. Бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча уюштуруунун талаптары
II глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар
7-берене. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу тартиби
1. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдарды сактоо, милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчиликти жетекчиси тартат, ал уюштуруу документтерине ылайык субъекттин атынан чыгууга укуктуу.
Субъекттин жетекчиси ички эсеп тутумун, отчеттуулукту жана контролду, чарбалык операцияларды контролдоо тартибин камсыз кылууга, тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчет даярдоону, салык отчетторун жана башка финансы документтерин даярдоону, эсептөөлөрдүн өз учурунда болушун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу:
а) башкы бухгалтер же жетекчи ыйгарым укук берген башка адам жетекчилик кылган түзүмдүк бөлүм катары бухгалтердик кызмат түзүү;
б) штатка бухгалтердин кызматын киргизүү;
в) келишимдик негизде адистештирилген уюмдардын же адис-бухгалтердин кызматынан пайдалануу;
г) бухгалтердик эсепти субъекттин жетекчисинин жеке өзү жүргүзүшү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Акча, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү үчүн негиз болуучу документтерге, субъекттин кредиттик жана расчеттук милдеттенмелерине, ошондой эле бухгалтердик отчеттор менен баланстарга жетекчи же ал аныктаган башка адамдар кол коюшат.
4. Айрым чарба операцияларын жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү жактардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алар боюнча документтер мындай операцияларды ишке ашыруунун кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тарта турган субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн
7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруунун тартиби
1. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдарды сактоо, милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчиликти жетекчиси тартат, ал уюштуруу документтерине ылайык субъекттин атынан чыгууга укуктуу. С
Субъекттин жетекчиси ички эсеп тутумун, отчеттуулукту жана контролду, чарбалык операцияларды контролдоо тартибин камсыз кылууга, тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчет даярдоону, салык отчетторун жана башка финансы документтерин даярдоону, эсептөөлөрдүн өз учурунда болушун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу:
а) башкы бухгалтер же жетекчи ыйгарым укук берген башка адам жетекчилик кылган түзүмдүк бөлүм катары бухгалтердик кызмат түзүү;
б) штатка бухгалтердин кызматын киргизүү;
в) келишимдик негизде адистештирилген уюмдардын же адис-бухгалтердин кызматынан пайдалануу;
г) бухгалтердик эсепти субъекттин жетекчисинин жеке өзү жүргүзүшү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Акча, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү үчүн негиз болуучу документтерге, субъекттин кредиттик жана расчеттук милдеттенмелерине, ошондой эле бухгалтердик отчеттор менен баланстарга жетекчи же ал аныктаган башка адамдар кол коюшат.
4. Айрым чарба операцияларын жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү жактардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алар боюнча документтер мындай операцияларды ишке ашыруунун кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тарта турган субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Чарба жүргүзүүчү субъект "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган аныктама менен түшүндүрүлөт.
Төрага
С.Муканбетов
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1825-VI "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 29.06.2017 · № 1825-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 1977-VI "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 09.11.2017 · № 1977-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 1939-VI "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 26.10.2017 · № 1939-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 292 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.05.2017 · № 282
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобону…Постановление · 03.02.2017 · № 64
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 ""Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык…Постановление · 27.03.2013 · № 9/10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- О Национальном банке Республики КыргызстанЗакон · 12.12.1992 · № 1055-XII · Күчүн жоготкон
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка Кыргыз Республикасынын "О Порядке ведения кассовых операций в Кыргызской Республике" от 23 июля 1994 года N 1/7Постановление · 23.07.1994 · № 1/7 · Күчүн жоготкон