Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө токтому
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык 2016-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2009-жылдын 1-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 38-09
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 2009-жылдын 11-марты № 12/6 Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2, 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Банктардын туруктуу жана ыргаактуу ишин камсыз кылуу жана банктык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталдык базаны колдоого алуу, банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун кредиттөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Банктар, резидент эмес банктардын филиалдары (мындан ары - банктар) үчүн 2010-жылдын 31-декабрынан тартып капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем 200 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 токтомунун редакциясына ылайык) 1-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 1-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 1-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 26-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 31-декабрында 152-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/3 "Капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому, 2010-жылдын 1-октябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын)…Постановление · 14.06.2013 · № 19/3
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 24.06.2015 · № 35/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 " "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз…Постановление · 18.01.2012 · № 2/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6…Постановление · 15.09.2010 · № 73/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 26 октября 2005 года № 32/3 "О минимальном размере капитала (собственных средств)"Постановление · 26.10.2005 · № 32/3 · Күчүн жоготкон
- "О внесении дополнений в Постановление Правления НБКР от 11.03.2009 г. №12/6 "О минимальном размере капитала (собственных средств) банков", зарегистрированное в Министерстве…Постановление · 18.01.2012 · № 12/6
- "О внесении изменения в постановление Правления НБКР от 11.03.2009 г. №12/6 "О минимальном размере капитала (собственных средств) банков"Постановление · 15.09.2010 · № 12/6
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 24.06.2015 · № 35/5
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 26 октября 2005 года № 32/3 "О минимальном размере капитала (собственных средств)"Постановление · 26.10.2005 · № 32/3 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.