Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 «Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомго толуктоолорду киргизүү тууралуу токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-январы № 2/1 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомго толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 26-декабрындагы № 48/3 "Коммерциялык банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: Аталган токтом төмөнкү мазмундагы 1-1, 1-2 жана 1-3 пункттар менен толукталсын: "1-1. Жаңыдан ачылган банктар жана банк резидент эместердин филиалдары (мындан ары - банктар) үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин. 1-2. Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык атайы администрлөө режиминде турган банкты сатып алууда капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин. 1-3. Ушул токтомдун 1-2-пунктунун талаптары, депозиттерди кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү уруксатына ээ банктар же финансы-кредиттик мекемелери атайы администрлөө режиминде турган банктын акцияларынын 100 пайызын сатып алган учурунда аларга карата таркатылбайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө токтомуПостановление · 11.03.2009 · № 12/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндөЗакон · 15.02.2004 · № 14 · Күчүн жоготкон