Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк башкармалыгынын «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 „Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө“ токтомунун 1-2-пунктунун чечмелениши (түшүндүрмөсү) тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-июну № 19/3 Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-2-пунктунун чечмелениши (түшүндүрмөсү) тууралуу Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-2-пунктунун мааниси эки башка түшүнүп калуу жагдайын четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 30-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 токтомдун 1-2-пункту боюнча берилген чечмелөөлөр (түшүндүрмөлөр) бекитилсин.
2. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлүшүн камсыз кылсын.
4. Көзөмөл методологиясы жала лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/3 токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-2-пункту боюнча ЧЕЧМЕЛӨӨЛӨР (ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР)
"Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-2-пунктунда Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, атайы администрлөө режиминде турган банкты сатып алуу учурунда капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүнө тиешелүү экономикалык ченемдик кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгилөө" дегенден улам, "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамынын талабына ылайык, атайы администрлөө режиминде турган банкты сатып алуу учурунда капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүнө тиешелүү экономикалык ченем, аталган мыйзамдын 19-7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин гана кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет" деп түшүнүү зарыл. "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамдын 19-7-беренесинде көрсөтүлгөн жеңилдик каралган мөөнөт бүткөндөн кийин Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө токтомуПостановление · 11.03.2009 · № 12/6
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндөЗакон · 15.02.2004 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон