Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 15 декабря 2017 года № 810 "О вопросах предоставления земельных участков под недропользование"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-15.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген
Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө ЖОБО
1. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобо
(мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» жана «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана жана Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануучулар менен жерге укук ээлеринин ортосундагы мамилелерди тоо-кен жана геологиялык чалгындоо өндүрүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жөнгө салат.
2. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору төмөнкү максаттар
үчүн убактылуу берилет.
- лицензиялык аянттарды геологиялык изилдөө үчүн;
- пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн.
Лицензиялык аянттарды жер бетинин жана жер астынын бүтүндүгүн бузбай геологиялык изилдөө (пайдалуу казьшдылардын кендерин издөө) жер участогун ажыратып алуусуз жүргүзүлөт.
3. Жер казынасын пайдаланууга жер участогунун чектери жана
өлчөмдөрү лицензиялык аянтты геологиялык изилдөөнүн жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнүн же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасынын техникалык долбоору менен аныкталат. Жер казынасын пайдаланууга жер участогунун бурчтук чекиттери лицензиялык макулдашууда жазылат жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болот, лицензиялык аянттарды геологиялык изилдөө үчүњ геодезиялык же тик бурчтуу координаттарда жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү, анын ичинде жер астындагы сууларды алуу үчүн тик бурчтуу координаттарда белгиленет.
4. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору тиешелүү аймактын
жергиликтүү мамлекеттик администрациясьшын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жарактуу мөөнөтүнө төмөнкү максаттарга берилет:
- лицензиялык аянттарды жер бетинин жана жер астынын бүтүндүгүн
бузуу менен геологиялык изилдөөгө (пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо);
- пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө.
5. Жер казынасын пайдаланууга мамлекеттик же муниципалдык менчикте
турган жер участогун пайдалануу укугун алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына төмөнкү документтерди тапшырат:
- арыз;
- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана жер казынасын
пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болгон лицензиялык макулдашуунун көчүрмөлерү;
- кендин жана жердин бөлүнүш чектери жана пайдалуу казындылардын
кендерин иштетүү үчүн бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн топографиялык картанын (пландын) көчүрмөсү же пайдалуу казындылардын кендерин издөө жана чалгындоо үчүн лицензиялык аянттын чектери жана бурчтук чекиттердин координаттары берилген топографиялык картанын көчүрмөсү. Жер казынасын пайдаланууда жеке менчикте турган жер участоктору боюнча жер участогунун ээси менен убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим түзүлөт.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органы жер казынасын пайдаланууга жер участогун пайдалануу укугун алууга тапшырылган документтерди бир айлык мөөнөттө карайт. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээсине жер участогун жер казынасын пайдаланууга берүүдөн суралган жер участогу башка жер казынасьш пайдалануучуга бөлүп берилгенден бөлөк учурда баш тартылышы мүмкүн эмес. Лицензиялык аянттын чектеринде баалуу айыл чарба жерлери (айдоо, көп жылдык өсүмдүктөр турган жерлер, кысыр ањыздар, маданий жайыттар, чабындылар жана тамыры жакшыртылган жайыттар) болсо алар жер казынасын пайдалануучуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен берилет.
7. Чет өлкөлүктөргө айыл чарбалык жерден башка, калктуу конуштардан
сырткары жер участоктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилет.
8. Жер участогун ажыратпастан геологиялык изилдөө учурларында
(геологиялык чалгындоо, пайдалуу казындылардын кендерин издөө жана башка долбоорлук-изилдөө жумуштары) жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде жер участогун убактылуу пайдаланууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу түрүндө макулдугу берилет же жер участогунун менчик ээси менен келишим тузүлөт.
9. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун мөөнөттүү
(убактылуу) пайдалануу укугун ырастоочу документ болуп жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк эсептелет.
10. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун убактылуу
пайдалануу укугуна күбөлүк жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде, төмөнкүлөрдөн башка кошумча шарттарды койбостон берилет, ал шарттар:
- жер салыгын телөө;
- айыл чарбалык жерлер бөлүп берилген учурда айыл чарбалык
өндүрүштүн жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун толтуруу;
- жер казынасын пайдалануу токтотулгандан кийин жер участогун
рекультивациялоо боюнча милдеттенме.
11. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын
пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жер казынасын пайдаланууга укукту токтоткондон (жокко чыгаргандан) кийин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен токтотулат (жокко чыгарылат).
12. Эгерде жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органы, жер участкасынын менчик ээси же жер пайдалануучу жер казынасын пайдалануучуга берилген жер участогун пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн ирригациялык же башка айыл чарбалык системаларын өзгөртүүгө ниеттенсе жана ошондой өзгөртүүлөр жер казынасын пайдаланууга таасирин тийгизиши мүмкүн болсо, анда ал үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаатын алууга милдеттүү.
13. Жер казынасын пайдалануучулар менен жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы жер боюнча талаш-тартыштар соттон тышкары тартипте, ал эми тараптар макулдукка келе албаган учурларда - соттук тартипте чечилет.
14. Пайдаланууга берилген айыл чарбалык жерлерде же токой
жерлеринде пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүчү, геологиялык чалгындоо, изилдөө, курулуш жана башка жумуштарды жүргүзүүчү жер казынасын пайдалуучулар ал жерлерге зарылдык бүткөндөн кийин өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен аларды айыл чарбасында, токой чарбасында пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө, ал эми аталган иштер башка жерлерде жүргүзүлгөндө - аларды арналышы боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө (рекультивациялоого) милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 15
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 810
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (15)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №342 ""СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN" ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнө жер берүү жөнүндө"…Постановление · 03.06.2009 · № 342
- Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 2015-жылдын 16-февралындагы № 1 "Кызыл- Жылдыз айыл округунун чегиндеги «Доңуз» участогунан «Бурана Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна…Постановление · 16.02.2015 · № 1
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №21 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" капчыгайында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери"…Постановление · 12.01.2012 · № 21
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексин бекитүү…Постановление · 30.08.2012 · № 599
- Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 38 "Теплоключенка айылдык аймагына караштуу "Куйлю" жериндеги 980,6 га жер тилкесинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө…Постановление · 05.04.2017 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 595 " Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында…Постановление · 23.10.2008 · № 595
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №513 ""Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2009 · № 513
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 251 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан жер участогун "Централ Эйжа…Постановление · 18.04.2012 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №686 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 11.12.2008 · № 686
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун аймагында жайгашкан "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер…Постановление · 02.08.2012 · № 532
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 252 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун аймагында жайгашкан жер участогун "Централ Эйжа…Постановление · 18.04.2012 · № 252
- Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 2 "Чаек айыл аймагына тиешелүү “Донуз” участогунан “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын…Постановление · 19.03.2015 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон