Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагына тиешелүү “Донуз” участогунан “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү боюнча убактылуу жер участогун бөлүп берүү жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 2 Чаек айыл аймагына тиешелүү “Донуз” участогунан “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү боюнча убактылуу жер участогун бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин13,60,61 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.04.2006-жылдагы №261 Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участогун берүү жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын 09.08.2012-ж №160 .КР. 24.05.2014-ж №77 мыйзамынын гл.5.ст.39 негизинде, Чаек айылдык Кенеши токтом кылат :
1.Чаек айыл аймагынын чегиндеги “Дощуз” участогуна “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 26.10.2011-жылдагы 3057-СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 149-га жер участогу төмөндөгү бурчтук точка кардинаттарынын чегинде геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31.12.2015-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер участогу болүнүп берилсин.
№точек
Х
Ү
№№точек
Х
Ү
1
4617290
13470620
4
4618600
13472840
2
4617680
13470470
5
4617220
13471120
3
4618580
13471570
2. Бул токтомдун аткарылышын Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын оорун басары Мамбетов Элбайга тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы:
А. Бодошбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген)Положение · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон