Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кумбел Ресурс» жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-августу № 513 "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Жергетал айыл округунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 25,5 га жайыт жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара келишиминин шарттарында "Кумбел" кенинин Батыш участогунда алтын жана жез иштетүү максатында кен казуу комплекс объекттерин долбоорлоо жана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 19-майындагы № 1810 АЕ лицензиясынын колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара келишиминин шарттарында "Кумбел" кенинин Батыш участогунда алтын жана жез иштетүү максатында кен казуу комплекс объекттерин долбоорлоо жана куруу үчүн лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районундагы Жергетал айыл округу менен жер участокторго ижара келишимдерин түзүүнү;
- "Кумбел Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коому төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук, кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну камсыздоого; "Кумбел" кенин иштетүү үчүн объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экспертиза жүргүзүүгө; кенди иштетүү боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну камсыз кылууга.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген)Положение · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон