Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-декабры № 686
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы
Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл
чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын,
транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана
башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана "Жер ка-
зынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №
261 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер участокто-
рун берүү жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-
миссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл-
дык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандары
А.К.Исаковага - 1,1 га, В.К.Жапаркуловага - 1,6 га, К.Б.Жапаркуловго -
1,0 га жана Р.А.Дуйшеналиевага - 1,0 га жеке менчик укугунда таандык,
жалпы аянты 4,7 га кайрак айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" кате-
гориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери
жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл
алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №
66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюу-
га байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун
наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белги-
ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун
толтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган
жарандары төлөшүн камсыз кылсын;
- долбоордук-сметалык документтерди макулдашууну жана аларга экс-
пертиза жүргүзүүнү колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык кам-
сыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген)Положение · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон