22-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүүнүн тартиби
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151
Эсепке алууну жана коргоону натыйжалуу уюштуруу максатында эстеликтер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт. Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрүнө жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат. Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Караңыз: Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген) Жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча аймактык органдардын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитет (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"Редакцияларды салыштыруу
13.11.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт.
кошулду: Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрүнө жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат.
Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси алынып салынды: эл аралык ченемдердин кошулду: тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган … органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
кошулду: Караңыз:
Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген)
Жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин … мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алынып салынды: бекитет.
кошулду: бекитет
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 143 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №103 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.02.2012 · № 103 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-22" title="22-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>