Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-февралы №103 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №103 токтому менен жактырылган
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзам долбоору "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине республикалык маанидеги статус берүүгө багытталган. "Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 "Кыргыз Республикасынын тарыхий-маданий мурастарынын объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси бекитилгендигин белгилейбиз, ага "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси киргизилген (130-пункт). Мыйзам долбоорунун максаты ошондой эле ушул объектти Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебинен каржылоо болуп эсептелет. "Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген тартипте укуктук статус алган тарыхий-маданий мурас объекттерин коргоо мамлекеттик бюджеттин, эстеликтерди пайдалануучу уюмдардын финансылык чегерүүлөрүнүн, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынын, ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин атынан эл аралык коомдоштуктун жана башкалардын эсебинен ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-сентябрындагы № 356-б буйругуна ылайык "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген. Ушуга байланыштуу мемориалдык комплексти каржылоо маселеси кандайдыр бир Мыйзам актысын кабыл албастан, Мыйзамда белгиленген тартипте чечилет деп эсептейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын сунушталган долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу…Постановление · 20.08.2002 · № 568
- Распоряжение Правительства КР от 16 сентября 2000 года №356-р (О приемке в эксплуатацию мемориального комплекса жертвам репрессий "Ата-Бейит" в урочище "Чон-Таш")Распоряжение · 16.09.2000 · № 356
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.