Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери, кимдин менчигинде турганына карабастан, мамлекеттик эсепке алынуусу тийиш. Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объекттери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине (мындан ары ушул статьяда - тизме) киргизилет. Тизме Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин аталышы, жайгашкан жери, коюлган датасы, иликтенүү деңгээли, абалы, өлчөмдөрү, менчигинин түрү, аймактык чек арасы жөнүндө, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрү тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум болот. Жеке менчик болуп саналган турак жай имараттары менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик катталууга жатат. Тизмеге киргизилген тарыхый-маданий мурас объектисинин менчик ээсине эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан тарыхый-маданий мурас объектисинин паспорту (мындан ары - паспорт) берилет. Паспортко бул тарыхый-маданий мурас объектин коргоонун буюмзатын түзгөн маалыматтар (түрү, аймагынын чек араларынын сыпаттамасы, объекттин фотосүрөтү; объекттин менчик ээси, объектти пайдалануучу, жер участогунун менчик ээси жана жер участогун пайдалануучу жөнүндө, ошондой эле чектеринде тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар) киргизилет. Паспорт жөнүндө жобо (анын сыпаттамасы, жол-жоболоштуруунун жана берүүнүн тартиби) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттери же чектеринде археологиялык объекттер жайгашкан же суу объекттери менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда паспорт кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте көрсөтүлүүчү документтердин бири болуп саналат. Тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктагы жаңыдан табылган тарыхый-маданий мурас объекттери алардын статусу жөнүндө биротоло акыркы чечим кабыл алынганга чейин ушул Мыйзамга ылайык тарых жана маданият эстеликтери менен бир катарда коргоого алынууга тийиш. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-21" title="21-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>