23-статья. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий муpac объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин корголуучу чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунун шаар куруу документтерине ылайыктуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча талаптарга ылайык жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштардын ылайыктуулугун аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объект деп аныктоо.
Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чыгармачыл бирликтердин жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген эксперттик комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий экспертиза шаар куруу регламенттери бекитилгенге жана жүзөгө ашырылышы тарыхый-маданий мурас объектисинин сакталышына же болбосо аларды коргоо эрежелеринин бузулушуна түздөн-түз же кыйыр коркунуч келтириши мүмкүн болгон жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштар башталганга чейин жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө ошол жумуштардын тапшырыкчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий объекттердин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө өлчөмүн аныктоонун тартиби эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Төмөнкүлөр тарыхый-маданий экспертиза объекттери болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;
- чарбалык өздөштүрүүгө тийиш болгон жер участоктору;
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмелерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-23" title="23-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>