Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 538токтомуна) |
«Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери (мындан ары – РКИСЭ) Кыргыз Республикасынын калкынын жана коомдук саламаттык сактоонун радиациялык коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдөгү радиациялык коопсуздук талаптарын белгилейт.
2. РКИСЭ өз ишинде радиоактивдүү заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын пайдаланган министрликтердин жана ведомстволордун ишканаларына, мекемелерине, лабораторияларына жана башка уюмдарына, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды ташууну жана көмүүнү жүзөгө ашыруучу мекемелерге жайылтылат.
3. Радиоактивдүү калдыктарды ташуу жана көмүү радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункттары (мындан ары – РККП) тарабынан жүргүзүлөт.
4. РККПны курууда жана пайдаланууда, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды жок кылуунун алдында мекемелерде убактылуу сактоо үчүн курулмаларды курууда ушул РКИСЭни сактоо милдеттүү болуп саналат.
5. РККПларды куруу маселеси ар бир конкреттүү учурда колдонуудагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык өзүнчө чечилет.
6. Ушул РКИСЭнин сакталышы үчүн жоопкерчилик иш учурунда катуу радиоактивдүү калдыктар пайда болгон мекемелердин администрациясына (чогултуу жана убактылуу сактоо), адистештирилген комбинатка (мындан ары – АК) же РККПларга (радиоактивдүү калдыктарды ташуу жана көмүү) жана курулуш иштерин жүргүзгөн уюмдарга жүктөлөт.
7. Ушул РКИСЭни бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
8. РКИСЭ тейлөөчү персоналды, калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында эл чарбасынын ар кандай тармактарында радиоактивдүү заттарды пайдаланууда пайда болгон радиоактивдүү калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, ташуу жана көмүү учурунда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды камтыйт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
9. РКИСЭде колдонулуучу негизги түшүктөр:
1) радиоактивдүү калдыктарды көмүү – радиоактивдүү калдыктарды кийин чыгаруусуз коопсуз жайгаштыруу;
2) жабуулардын булагы – иондоштуруучу нурлануунун радионуклиддик булагы, анын түзүлүшү анда камтылган радионуклиддердин ал эсептелген колдонуу жана эскирүү шарттарында айлана-чөйрөгө тарашын болтурбайт;
3) радионуклиддик булак – радионуклидди же радионуклиддердин аралашмасын камтыган иондоштуруучу нурлануу булагы;
4) 1 мг радий экв – радиоактивдүү препараттын гамма-эквиваленти, анын гамма-нурлануусу ушул фильтрациялоодо жана бирдей өлчөө шарттарында 1 мг радийдин гамма-нурлануусу сыяктуу экспозициялык дозанын ушундай эле кубаттуулугун түзөт;
5) дезактивациялоо – кандайдыр бир үстүнкү беттен же кандайдыр бир чөйрөдөн, анын ичинде адамдын организминен радиоактивдүү булгануунун деңгээлин жок кылуу же азайтуу;
6) ДЗа – альфа-активдүү заттар менен беттердин жол берилүүчү булгануу деңгээли;
7) ДКа – активдүүлүктүн жол берилүүчү концентрациясы (же абадагы/суудагы радионуклиддин жол берилүүчү концентрациясы).
3-глава. Радиоактивдүү калдыктардын классификациясы
жана иштерди уюштуруу тартиби
10. Радиоактивдүү калдыктарга колдонуудагы ченемдерде жана эрежелерде белгиленген чоңдуктардан ашкан өлчөмдө радиоактивдүү заттар камтылган жана ушул же башка өндүрүштө жана эксперименттик изилдөөлөрдө андан ары пайдаланууга жараксыз болгон эритмелер, буюмдар, материалдар, биологиялык объекттер кирет. Радиоактивдүү калдыктарга андан ары пайдаланылбай турган иштен чыккан иондоштуруучу нурлануу булактары да кирет.
11. Катуу радиоактивдүү калдыктарга буюмдар, материалдар, биологиялык объекттер, иштен чыккан иондоштуруучу нурлануу булактары кирет.
12. Катуу калдыктар төмөнкүдөй учурларда радиоактивдүү калдыктар болуп саналат, эгерде:
1) калдыктардын үлүштүк активдүүлүгү:
- бета-активдүү заттар үчүн – 74 кБк/кгдан (2*10-⁶ Ки/кг) жогору болсо;
- гамма-активдүү заттар үчүн – 0,2 пГр. кв. м (с х кг) (1*10-7 г. радий экв/кг) жогору болсо;
- альфа-активдүү заттар үчүн – 7,4 кБк/кгдан (2*10-⁷ Ки/кг) жогору болсо (трансурандык элементтердин радионуклиддери үчүн – 0,37 кБк/кгдан (1×10-⁸ Ки/кг) жогору болсо);
- беттердин булгануу деңгээли 100 кв. см аянтта аныкталган 5 альфа-бөлүкчө/кв. см*мин ашса же 5 бета-бөлүкчө/кв. см*мин ашса;
2) бетинен 10 см алыстыктагы дозанын кубаттуулугуна жараша катуу радиоактивдүү калдыктар үч топко бөлүнөт:
- 1-топ – 0,3 мЗв/саатка чейин (30 мбэр/саат);
- 2-топ – 0,3 мЗв/сааттан 10 мЗв/саатка чейин (30 мбэр/сааттан 1000 мбэр/саатка чейин);
- 3-топ – 10 мЗв/сааттан жогору (1 000 мбэр/саат);
3) радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө радиациялык коркунучтун деңгээли төмөнкүдөй негизги факторлорго көз каранды:
- активдүүлүктүн чоңдугу;
- нурлануунун түрү жана энергиясы;
- калдыктарда камтылган радиоактивдүү заттардын уулануу даражасы;
- радионуклиддердин жарым ажыроо мезгили;
- калдыктардын физикалык абалы (суюк, катуу);
- идиштин (таңгактын) түрү жана абалы.
13. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө персоналга жана калкка радиациялык таасирдин бардык түрлөрү эске алынат, тышкы жана ички радиациялык нурлануунун бардык булактарынан суммалык дозаны нурлануучу адамдардын тиешелүү категориялары үчүн жол берилген дозадан же дозанын чегинен ашпаган деңгээлге чейин азайтуучу коргоо иш-чаралары каралат.
14. РККПга өткөрүү үчүн радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана даярдоо радиоактивдүү калдыктар пайда болгон мекеменин күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.
15. АК же РККП тейленүүчү зонадагы мекемелерде пайда болгон радиоактивдүү калдыктарды кабыл алууну, ташууну жана көмүүнү, түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык камсыз кылат.
16. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу көрүстөндөргө көмүүгө тыюу салынат.
17. РККПнын аймагы радиациялык коркунучтун эскертүүчү белгилери менен тосулуп, күнү-түнү кайтаруу жана сигнализациялык кайтаруу менен камсыз кылынат.
18. АК же РККП курулуш же реконструкциялоо аяктагандан кийин пайдаланууга берилгенге чейин комиссия тарабынан колдонуудагы жобого ылайык кабыл алынат.
19. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан кабыл алуу актысы түзүлөт, анын негизинде радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мөөнөткө радиоактивдүү калдыктар менен иштөө жана радиоактивдүү булактарды жана радиоактивдүү калдыктарды ташуу боюнча ишке АК же РККПга лицензия берет.
20. Радиоактивдүү калдыктар пайда болгон мекемелерде радиоактивдүү калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо жана көмүүгө берүү тартибин караган атайын нускамалар иштелип чыгат.
21. Нускамаларда төмөнкүдөй жоболор жана негизги суроолор чагылдырылат:
1) радиоактивдүү калдыктарды түздөн-түз алар пайда болгон жерлерде чогултууну уюштуруу;
2) калдыктарды эсепке алуу тартиби жана аларды убактылуу сактоо эрежелери;
3) мекеменин ичинде калдыктарды ташуунун тартиби жана маршруттары;
4) радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо үчүн пайдаланылуучу мекемеге таандык чогултуучу-контейнерлерди дезактивациялоону уюштуруу;
5) кыска жашаган радионуклиддерди камтыган радиоактивдүү калдыктарды кармоо жана жок кылуу шарттары;
6) калдыктарды жана иштетилген булактарды көмүүгө берүүгө даярдоо тартиби;
7) радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык контролду уюштуруу;
8) радиациялык авария пайда болгон учурда ишти уюштуруу жана анын тартиби;
9) персоналдын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
10) алдын ала текшерүүнүн, кабыл алуунун, ташуунун, дезактивациялык иштерди жүргүзүүнүн, атайын агындыларды тазалоонун жана радиоактивдүү калдыктарды көмүүнүн тартиби;
11) радиоактивдүү калдыктар менен иштөөнүн ар кандай этаптарында, ошондой эле жабдууларды, контейнерлерди жана атайын транспортту дезактивациялоодо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу шарттары;
12) радиациялык кооптуу жана авариялык иштер жүргүзүлгөн участоктордо радиациялык контролдоо тартиби жана уюштуруу;
13) санитардык-өткөрүү режимин камсыз кылуу тартиби;
14) айлана-чөйрө объекттерин радиациялык контролдоону уюштуруу.
22. Нускамаларда өрт-жарылуу коркунучу бар катуу радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, сактоодо жана ташууда өрт коопсуздугунун чаралары каралат.
4-глава. Кызматкерлерге коюлуучу талаптар жана эмгектин
коопсуз шарттарын уюштуруу
23. Радиоактивдүү калдыктарды түздөн-түз чогултууну, убактылуу сактоону, ташууну, көмүүнү, булганган үстүнкү беттерди дезактивациялоону, радиациялык контролдоону жүргүзгөн бардык АК же РККП адамдары «А» – персонал категориясына кирет.
24. Иондоштуруучу нурлануулардын таасир этүүсү чөйрөсүндөгү ишке 18 жашка чейинки адамдарга уруксат берилбейт.
25. «А» категориясына кирген адамдар жумушка кирүүдө милдеттүү медициналык кароодон жана мезгилдүү ар жылдык медициналык кароолордон өтөт. Ишке медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок адамдарга уруксат берилет.
26. Мекеменин администрациясы медициналык кароолордон өз убагында өтүү үчүн жоопкерчилик тартат.
27. Иштеп жаткан персоналдын ден соолугунун абалында иондоштуруучу нурлануу булактары менен жумуштарды аткарууну улантууга тоскоолдук кылган четтөөлөр аныкталган учурда бул адамдарды иондоштуруучу нурлануу булактары менен байланышуудан тышкары жумушка убактылуу же туруктуу которуу жөнүндө маселе ар бир өзүнчө учурда жекече чечилет.
28. Аялдар кош бойлуулуктун бардык мезгилинде жана бала эмизүү мезгилинде радиоактивдүү калдыктар жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактары менен иштөөдөн бошотулат.
29. «А» категориясына кирген бардык адамдарга АК же РККПда колдонуудагы нускамалардын негизинде ишти жүргүзүүнүн коопсуздук эрежелерин окугандан жана билимдери текшерилгенден кийин иштөөгө уруксат берилет. Иштин коопсуздук эрежелерин билүүсү комиссиялык түрдө текшерүү жумуш башталганга чейин жана мезгилдүү, жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Билимдерди текшерүүнүн жыйынтыктары атайын журналда же инструктаж карточкасында катталат.
30. Радиациялык коопсуздук техникасынын маселелери боюнча кайрадан нускоо персонал менен жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
31. Иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштин мүнөзү өзгөргөндө, кырсык же авария болгон учурда жумуштардын классы жогорулаганда пландан тышкаркы нускоо жүргүзүлөт.
32. Наряд-уруксат таризделүүчү жумуштарды аткаруунун алдында персонал менен учурдагы нускоо өткөрүлөт.
33. Иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштерге убактылуу тартылган адамдар жумуш ордунда алгачкы нускоодон өтөт.
34. Жумуш ордунда алгачкы, ошондой эле кайрадан, пландан тышкаркы, учурдагы нускоону жумуш ордунда нускоону каттоо журналына тиешелүү жазуу менен түздөн-түз жумуштардын жетекчиси жүргүзөт.
35. Пландан тышкаркы нускоону каттоодо аны өткөрүүгө алып келген себепти көрсөтөт.
36. АК же РККПнын администрациясы радиациялык коопсуздук, эмгекти коргоо, өндүрүштүк санитария боюнча нускоону өткөрүү жана нускамалардын жана эрежелердин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. РККП жайгаштырууга жана жабдууга талаптар
37. РККПны жайгаштыруу үчүн участокту тандоо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Участок адамдардын уюшкан эс алуусу жана дарылоо-профилактикалык максаттар үчүн пайдаланылуучу калктуу конуштардын, шаар четиндеги зоналардын келечектүү өнүгүү аймагынан тышкары жайгаштырылат. Участоктун чектери көлмөлөрдүн үстүнөн жана жер астындагы сууларды топтогучтар жайгашкан жерлерден 500 метрден кем эмес аралыкта, суу каптабай турган жана саздак эмес жерлерде белгиленет.
38. Участокторду тандоо курчап турган райондун табигый жана санитардык-гигиеналык шарттарын изилдөөнүн натыйжасында алынган материалдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
39. Участоктун өлчөмдөрү ага катуу, биологиялык радиоактивдүү калдыктарды жана иондоштуруучу нурлануунун иштелген булактарын көмүү үчүн арналган бардык зарыл курулмаларды жайгаштырууну камсыз кылууга, 20 жылдан кем эмес келечектүү курулуш үчүн резервдик аянтка ээ болот.
40. РККПнын айланасында 1 000 метр радиустагы санитардык-коргоо зонасы орнотулат, бул зонаны өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен жүргүзүлөт.
41. Санитардык-коргоо зонасында үстүнкү жана жер астындагы сууларды топтогучтарды, турак жай имараттарын, балдар мекемелерин, ооруканаларды, санаторияларды жана башка ден соолукту чыңдоочу курулмаларды, ошондой эле РККПнын ишине тиешеси жок өнөр жай жана көмөкчү курулмаларды жайгаштырууга тыюу салынат.
42. Санитардык-коргоо зонасынын жерлерин айыл чарба максаттары үчүн пайдаланууга радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол берилет.
43. РККП борборлоштурулган телефон байланышына ээ болууга, ошондой эле автомагистралдар, абаттандырылган кирүү жолдору менен байланышат. Аймагы жашылдандырылган жана өтмөктөр асфальтталган.
44. РККПнын аймагында адамдардын жашоосуна, айыл чарба жаныбарларын багууга, жашылчаларды, мөмө-жемиш жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, ошондой эле РККПнын иштөөсүнө байланышпаган башка ишке тыюу салынат.
45. Радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн РККП курулмаларынын комплексин куруу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылат.
46. РККП технологиялык жана инженердик курулмалардын комплекси менен жабдылат.
47. РККПнын аймагындагы имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу шарттуу «таза» жана «кир» зоналарга бөлүү принциби боюнча аткарылат.
48. «Кир» зонада төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн идиштер;
2) радиоактивдүү калдыктарды сорттоо үчүн жайлар.
49. «Кир» жана «таза» зоналардын ортосундагы чек арада төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) атайын автотранспортту, контейнерлерди, жабдууларды дезактивациялоо үчүн жайлар;
2) атайын тазалоочу курулмалар;
3) атайын автомобилдер үчүн гараждар;
4) радиометриялык, радиохимиялык жана башка анализдерди жүргүзүү, радиациялык коопсуздук кызматын жайгаштыруу үчүн жайлар;
5) радиациялык контролдоо пункттары бар санитардык өткөрмөлөр.
50. «Таза» зонада төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) от казаны;
2) кампа жайлары;
3) суу өткөрүү жана канализация курулмалары;
4) электр менен камсыздоо курулмалары;
5) административдик имараттар;
6) тамактануу үчүн жай;
7) өткөрмө жай жана башка көмөкчү жайлар.
51. Радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө арналган идиштер 20 жылдан кем эмес толтуруу эсебинде долбоорлонот.
52. Радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн идиш жер астында болот. Идиштин конструкциясы ага атмосфералык жаан-чачын кирүү мүмкүндүгүн болтурбоого жана радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө жайылышына тоскоолдук кылат.
53. Идиштер калдыктарды бөлүктөр боюнча ырааттуу жүктөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу ички вертикалдуу тосмолор менен бөлүнөт. Идиштин металл конструкциясы дат басууга каршы туруктуулукту камсыз кылат. Иондоштуруучу нурлануу булактарын көмүү персоналдын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуучу кайра жүктөөчү түзүлүштөрдү пайдалануу менен жүргүзүлөт.
54. Атайын транспортту, контейнерлерди жана башка жабдууларды дезактивациялоо жайынын жайгашуусу транспорттун өткөрүү режими боюнча жүрүүсүн камсыз кылат.
55. Атайын транспортту жана контейнерлерди дезактивациялоого арналган жайлардын полдору сиңирүү касиети төмөн, жетиштүү механикалык бекем материалдар менен капталат. Пол жабуусунун четтери 0,5 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, дубалдар менен бир деңгээлде бириктирилиши зарыл. Полдор эңкейиштер жана агызуучу траптар менен жабдылат. Дубалдар 2 метрге чейинки бийикте сиңирүү касиети төмөн жабуулар менен капталат. Дубалдардын калган бөлүгү жана шып химиялык таасирлерге туруктуу боёктор менен сырдалат. Эшиктердин беттери жылмакай, калкалоочу конструкцияда болот.
56. РККПда муздак жана ысык суу берилүүчү суу өткөргүчтөрү, тиричилик канализациясы болот.
6-глава. Мекемелерден радиоактивдүү калдыктарды чогултууга, убактылуу сактоого жана жок кылууга карата талаптар
57. Мекемелерде радиоактивдүү калдыктарды чогултуу алардын пайда болгон жеринде түздөн-түз жүргүзүлүп, радиациялык коркунуч белгилери менен белгилеп, кадимки таштандылардан өзүнчө жана төмөнкүлөрдү эске алуу менен катуу талапта өз-өзүнчө чогултулат:
1) физикалык абалын;
2) келип чыгышын (органикалык, органикалык эмес, биологиялык);
3) калдыктарда камтылган радионуклиддердин жарым ажыроо мезгилин (15 суткага чейин, 15 суткадан ашык);
4) жарылуу жана өрт коркунучун (жарылуу же өрт коркунучу; жарылуу жана өрт коркунучу жок).
58. Суюк радиоактивдүү калдыктарды иштетүүдө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (мындан ары – МАГАТЭ) коопсуздук ченемдери колдонулат. МАГАТЭнин коопсуздук ченемдерине ылайык суюк радиоактивдүү калдыктар болуп суюк эритмелерди акыркы көмүүнүн алдында айлана-чөйрөгө агып кетүү тобокелдигин азайтуу үчүн аларды туруктуу катуу формага которуу
саналат. Радиоактивдүү калдыктарды суюк түрүндө түз көмүүгө эл аралык стандарттар тарабынан тыюу салынат.
59. Жарым ажыроо мезгили 15 суткага чейинки кыска жашоочу нуклиддерди камтыган катуу радиоактивдүү калдыктар (мындан ары – КРК) активдүүлүгү ушул РКИСЭнин 11-пунктунда көрсөтүлгөнгө караганда төмөн маанилерге чейин азайышын камсыз кылуучу убакыт ичинде кармалат. Мындай кармап туруудан кийин КРК кадимки таштандылар менен бирге уюштурулган таштанды жайларына чыгарылат.
60. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо мөөнөтү бир айдан ашпайт. Калдыктардын ай сайын пайда болушу 50 килограммдан ашпаган учурларда бул мөөнөт ар бир конкреттүү учурда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бирок 6 айдан ашпайт.
61. Биологиялык радиоактивдүү калдыктарды (эксперименттик жаныбарлардын өлүктөрү, экскременттер) сактоо мөөнөтү, эгерде муздаткыч орнотмолордо же тиешелүү эритмелерде кармоо шарттары камсыз кылынбаса, 5 суткадан ашпайт.
62. Мекеменин чектеринде радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана ташуу үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат.
1) КРК үчүн – алгачкы таңгактоо менен жабдылган чогултуучу контейнерлер, ошондой эле радиациялык коркунуч белгиси бар өз алдынча таңгактоо түрүндөгү пластик же кагаз баштыктар;
2) КРК үчүн чогултуучу контейнерлер көп жолу пайдаланылуучу, оптималдуу өлчөмдөрдө жана конфигурацияда болот.
63. Чогултуучу контейнерлердин өлчөмү жана конструкциясы радиоактивдүү калдыктардын түрү жана саны, көрүнүшү, нурлануу энергиясы жана радионуклиддердин активдүүлүгү менен аныкталат. Алар механикалык жактан бекем, ишенимдүү бекиткичтери жана аларды которууга же ташууга мүмкүндүк берүүчү шаймандары болот. Чогултуучу контейнерлердин ички беттери текши бириктирилип, жылмакай болушу, кислоталар жана башка дезактивациялоочу материалдар менен иштетүүгө жол берүүчү сиңирүү касиети төмөн материалдан жасалат.
64. Чогултуучу контейнерден 1 метр аралыкта нурлануу дозасынын кубаттуулугу 100 мкЗв/с ашпайт. Сырткы бетинде ушул РКИСЭнин 1-тиркемесинде каралган деңгээлден ашкан радиоактивдүү булгануу болбойт.
65. Чогултуучу контейнерлерди радиоактивдүү калдыктар менен толтуруу радиациялык контроль астында алардын чачылып кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарган шарттарда жүргүзүлөт.
66. Денесине радионуклиддер сайылган жаныбарлардын өлүктөрү алдын ала лизолдун 5 % эритмеси же формалиндин 10 % эритмеси менен, көрсөтүлгөн эритмелерге малынган кебезди же марлини курсак көңдөйүнө киргизүү жолу менен дезинфекцияланат. Жаныбарлардын өлүктөрүн чогултуучу контейнерлерге салуу процессинде алар жыгач таарындылары, сүрүндүлөр же ным сиңирүүчү башка материалдар менен толтурулат.
67. Жумушчу жайлардагы радиоактивдүү калдыктар үчүн чогултуучу контейнерлер соруучу шкафтардын (камералардын) төмөнкү бөлүктөрүнө же атайын бөлүнгөн жерлерге орнотулат. Чогултуучу контейнерлер жайдын булганышына жол бербеген кырдуу поддондордо болот.
68. Чогултуучу контейнерлерди мекеменин ичинде радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо орундарына ташуу узундугу 1 метрден кем эмес туткасы бар атайын арабаларда жүргүзүлөт.
69. Чогултуучу контейнерлерди дезактивациялоо үчүн тиешелүү класстагы радиоактивдүү заттар менен иштөөгө коюлуучу талаптарга жооп берген атайын жай (же жайдагы орун) жабдылат. Жыйнак-контейнерлерди дезактивациялоо радиациялык контроль астында жүргүзүлөт.
70. КРКны чогултуу үчүн пластик, полиэтилен жана крафт-баштыктар колдонулат.
71. Пластик, полиэтилен жана крафт-каптар механикалык жактан бекем, төмөнкү температуранын таасирине туруктуу болот жана баштык толтурулгандан кийин анын үстүн бекем тартып байлоо үчүн боосу болот.
Аларды өз алдынча таңгак катары (контейнерден тышкары) эмандоочу заттарды камтыган калдыктар же каптардын механикалык бузулушуна алып келген калдыктар (курч, саюучу жана кесүүчү предметтер) үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
72. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо жана кармап туруу үчүн мекемелерде радиациялык кооптуулук белгиси бар атайын жайлар бөлүнүп берилет жана жабдылат.
73. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо жана кармап туруу үчүн жайларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) алар мүмкүн болушунча өзүнчө имаратка же имараттын изоляцияланган бөлүгүнө, төмөнкү белгилердин деңгээлинде жайгаштырылат, ишенимдүү гидроизоляцияга жана бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербеген шарттарга ээ болот;
2) жасалгалоо, жабдуу, жылуулоо жана желдетүү тиешелүү класстагы жумуштарга коюлган талаптарга жооп берет;
3) чогултуучу контейнерлердин жайгашкан жери тиешелүү коргоочу шаймандар менен камсыздалат.
74. Активдүүлүгү 200 мг-экв радий жана андан ашык гамма-нурланткычтарды камтыган радиоактивдүү калдыктары бар чогултуучу контейнерлерди убактылуу сактоо жана кармап туруу үчүн атайын коргоочу кудуктар же оюктар жабдылат. Кудуктардан жана оюктардан чогултуучу контейнерлерди чыгаруу тейлөөчү персоналдын ашыкча нурлануусуна жол бербеген атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт.
75. Эмандоочу радиоактивдүү заттарды (радий, торий ж.б.) камтыган радиоактивдүү калдыктары бар контейнерлерди убактылуу сактоо күнү-түнү иштеген, абаны соргон желдетүү системасы менен жабдылган аба соруучу шкафтарда же калкалоочу жайларда жүзөгө ашырылат. Системада резервдик аба соруучу желдеткич болот. Аба соруучу шкафтардын же калкалоочу жайлардын жумушчу тешиктериндеги абанын эсептик ылдамдыгы 1,5 м/с кем болбойт.
76. Жаныбарлардын өлүктөрүн мекемелерде убактылуу сактоо жана АК же РККПга ташуу өзүнчө таңгактарда жүргүзүлөт.
77. Ири көлөмдөгү радиоактивдүү калдыктарды (бокстордун булганган жабдуулары ж.б.) чогултуу, убактылуу сактоо жана АК же РККПга ташуу үчүн тейлөөчү персоналдын ашыкча нурлануу, ошондой эле транспорт каражаттарынын жана айлана-чөйрөнүн объекттеринин радиоактивдүү булгануу мүмкүнчүлүгүн жок кылган атайын тара колдонулат.
78. Айрым учурларда мекемелерде ири көлөмдөгү жабдууларды бөлүктөргө ажыратууга же кесүүгө, андан кийин аларды АК же РККПга ташуу үчүн таңгактоого жол берилет. Көрсөтүлгөн иштерди аткаруу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
79. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо жайларынан чыгаруу үчүн АК же РККПга таандык транспорттук контейнерлер (транспорттук контейнер – радиоактивдүү калдыктар баштапкы таңгакта АК же РККПга ташуу үчүн салынган бир жолку же көп жолку пайдаланылуучу идиш) пайдаланылат.
80. Транспорттук контейнер катары радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бир жолку пайдаланылуучу ар кандай металл, жыгач ящиктерди, бочкаларды жана башка тараларды колдонууга жол берилет.
81. Атайын автомобилге транспорттук контейнерлерди жүктөө үчүн мекемеде атайын аянтча жабдылат, ал радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоочу жайга (жерге) түздөн-түз жанаша турууга жана келүүчү жолдору болот.
82. Транспорттук контейнерлерди радиоактивдүү калдыктары бар таңгактар менен толтуруу радиациялык контроль астында жүргүзүлөт. Радиоактивдүү калдыктары бар контейнерден нурлануу дозасынын кубаттуулугу 1 метр аралыкта 100 мкЗв/с (10 мбэр/с) ашпайт. Контейнердин сырткы бети ушул РКИСЭнин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чоңдуктан жогору радиоактивдүү булганууга ээ болбойт.
83. Радиоактивдүү калдыктарды чогултууну, сактоону жана тапшырууну уюштуруу үчүн жооптуу болуп мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалган кызматкер саналат. Жооптуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматтык телефону АК же РККПнын администрациясына билдирилет.
84. Жооптуу адам иш процессинде пайда болгон радиоактивдүү калдыктарды чогултууга, сактоого жана жок кылууга даярдоого системалуу контроль жүргүзөт. Көрсөтүлгөн маалыматтар радиоактивдүү калдыктарды эсепке алуу журналына жазылат (ушул РКИСЭнин 2-тиркемеси).
85. Мекеменин жетекчиси дайындаган комиссия көмүүгө берилген, ошондой эле мекемеде турган радиоактивдүү калдыктардын санын эсепке алууну жүргүзүүнүн тууралыгын жылына бир жолудан кем эмес текшерет. Радиоактивдүү калдыктарды жоготуулар аныкталган учурда комиссия бул тууралуу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо билдирет. Радиоактивдүү калдыктардын жоголушуна жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
7-глава. Мекемеден радиоактивдүү калдыктарды кабыл алууга карата талаптар
86. Катуу, биологиялык радиоактивдүү калдыктар жана иондоштуруучу нурлануулардын иштетилген булактары мекемелерден АК же РККПга транспорттук контейнерлерде жана ушул РКИСЭнин 6-главасында баяндалган талаптарга жооп берген башка тарада ташуу үчүн кабыл алынат.
87. Жарылуу коркунучу бар же өзү тутануучу катуу калдыктарды, сымапты жана башка радиоактивдүү эмес заттарды АК же РККПга көмүүгө тыюу салынат.
88. Иондоштуруучу нурлануулардын иштетилген булактары мекемелерден жүктөө, ташуу, түшүрүү жана акыркы көмүү процессинде тейлөөчү персоналдын коопсуздугун камсыз кылуучу атайын транспорттук контейнерлерде же башка коргоочу түзүлүштөрдө же контейнерлерде кабыл алынат. АК же РККПда аларды көмүүнүн кабыл алынган методдоруна жараша иондоштуруучу нурлануулардын иштетилген булактарын кабыл алуунун тартибин жана шарттарын караган атайын нускама иштелип чыгат.
89. Чогултуу жана ташуу үчүн өз алдынча тара катары пайдаланылуучу баштапкы таңгактардын жана транспорттук контейнерлердин сырткы беттеринде ушул РКИСЭнин 2-тиркемесинде келтирилген чоңдуктардан жогору радиоактивдүү булгануу болбойт.
90. Радиоактивдүү калдыктары бар контейнерлерди жана башка таңгактарды жөнөтүүгө, ошондой эле жүктөөгө даярдоо калдыктарды тапшырган мекемелердин күчү менен жүргүзүлөт.
91. Радиоактивдүү калдыктардын ар бир партиясына паспорт түзүлөт (ушул РКИСЭнин 3-тиркемеси). Паспорттун биринчи нускасы калдыктар менен бирге АК же РККПга берилет, ал эми экинчи нускасы мекемеде сакталат.
92. Радиоактивдүү калдыктарды ташуунун алдында калдыктар ташып чыгарылганга чейин АК же РККПнын өкүлү тарабынан таңгактарга радиациялык контроль жүргүзүлөт.
93. АК же РККПнын өкүлү жөнөтүүгө даярдалган радиоактивдүү калдыктардын партиясынын паспорту менен таанышат. Паспорттун бардык графалары туура жана толук толтурулууга, калдыктарды өткөрүүгө жооптуу адамдын колу коюлууга жана мекеменин мөөрү менен бекитилет.
94. АК же РККПнын өкүлү партиядагы таңгактардын санынын жана алардын маркалоосунун паспорттун маалыматтарына шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Паспортто көрсөтүлбөгөн таңгактар АК же РККПга жөнөтүлбөйт.
95. Таңгактарды контролдоо төмөнкү параметрлер боюнча жүргүзүлөт:
1) таңгактардын массасы;
2) маркалоосу;
3) тышкы өлчөмдөрү;
4) механикалык бекемдиги;
5) таңгактын ичинде таңгак жана радиоактивдүү калдыктардын курамы жөнүндө зарыл болгон кошумча маалыматтары бар бирканын же башка документтердин болушу;
6) тышкы бетинде жана тышкы бетинен 1 метр аралыкта нурлануу дозасынын кубаттуулугу;
7) тышкы бетинин радиоактивдүү заттар менен булгануусунун болушу жана деңгээли;
8) бекиткичтердин, механизмдердин ишенимдүүлүгү жана алардын талаптагыдай герметикалуулугу;
9) жүк көтөрүүчү жана бекитүүчү элементтердин болушу.
96. АК же РККПнын өкүлү таңгактарды контролдоо жана паспорттук маалыматтарга шайкештигин текшерүү үчүн аларды 10 %га чейин ачууну талап кылууга укуктуу. Текшерүүнүн жыйынтыктары коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, таңгактар ташууга кабыл алынбайт жана коштоочу документтерден чыгарылат.
97. Контролдоо аяктагандан кийин АК же РККПнын өкүлү паспортко «Текшерилди» деген штамп басат, датаны көрсөтөт жана кол коет.
98. Ушул главада көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда радиоактивдүү калдыктар кабыл алынбайт. Мындай учурларда жөнөтүүгө даярдалган радиоактивдүү калдыктарды текшерген адам тиешелүү акт түзөт (ушул РКИСЭге 4-тиркеме).
8-глава. Радиоактивдүү калдыктарды транспорттоого
коюлуучу талаптар
99. Радиоактивдүү булактарды жана радиоактивдүү калдыктарды транспорттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 «Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
100. Радиоактивдүү калдыктарды ташуу үчүн арналган ар бир транспорт каражатына ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксат берет (ушул РКИСЭге 5-тиркеме).
101. Катуу калдыктарды транспорттоо үчүн атайын унаалар жабык болот. Кузовдун ички бети кислоталардын эритмелери, атайын дезактивациялоочу каражаттар жана суу менен жууганга мүмкүндүк берген материал менен капталат. Кузовдо андагы дезактивациялоочу эритмени агызуу үчүн шайман болот.
102. Атайын автомобилди таңгактарды жүктөө жана түшүрүү үчүн көтөргүчтөр жана жолдо оодарылып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу шаймандар менен жабдуу зарыл.
103. Радиоактивдүү калдыктарды атайын автомобиль транспорту менен ташып чыгуу АК же РККПнын күчү менен жүзөгө ашырылат.
104. Радиоактивдүү калдыктарды ташып чыгууга документтер радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтары менен макулдашылган мекемелердин өтүнмөлөрү боюнча АК же РККПда таризделет.
105. Ар бир каттамдын алдында РККПнын радиациялык коопсуздук кызматы автомобилдердин беттеринин булгануу деңгээлин контрол жүргүзөт, алар ушул РКИСЭнин 1-тиркемесиндеги таблицада көрсөтүлгөн маанилерден ашпайт. Чыгууга уруксат жол баракчасында белгиленет, ал эми радиациялык контролдун жыйынтыктары атайын журналда катталат.
106. Атайын транспорттун радиоактивдүү калдыктарды кабыл алуучу жерге баруусу жана кайра келүүсү жол баракчасына ылайык жана белгиленген маршрут боюнча жүзөгө ашырылат. Атайын транспорттун жүрүү графигин жана маршрутун сактоо жоопкерчилиги АК же РККПнын администрациясынын буйругу менен аныкталган айдоочуга жана коштоочу адамга жүктөлөт. Радиоактивдүү калдыктарды ташуу маршруттары тейлөө аймагы боюнча ташуулар жүзөгө ашырылуучу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
107. Радиоактивдүү калдыктарды үзгүлтүксүз ташууга арналган транспорт каражаты нымга туруктуу жана химиялык таасирлерге туруктуу каптамага ээ болууга, радиациялык коргоонун экрандоочу түзүлүштөрү, таңгактарды бекитүү үчүн шаймандар, эки көмүр кычкыл газдуу өрт өчүргүч, жеке коргонуу каражаттары, авариялык оңдоо жүргүзүү үчүн шаймандардын топтому, сорбенттик материалдар жана авариялардын кесепеттерин жоюучу башка каражаттар менен жабдылат.
108. АК же РККПнын атайын автомобилдери ошондой эле авариялык токтотуунун тышкы белгилери, авариялык сигнализация, «Кыймылга тыюу салынат» деген эки белги, жылып кетүүгө каршы тирөөч, радиациялык кооптуулукту билдирген тышкы белгилер, атайын үн жана жарык сигнализациясы (сирена, кызыл жаркырагыч маяк) менен жабдылат. Акыркылары жыл сайын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча органдарда каттоодон өтөт. Радиоактивдүү калдыктарды ташууга арналган автомобилдин кузовунун капталдарына жана эшиктерине радиациялык кооптуулук белгилери түшүрүлөт. Мындай автомобилдерди радиоактивдүү эмес жүктөрдү транспорттоо жана адамдарды ташуу үчүн колдонууга тыюу салынат.
109. Радиоактивдүү калдыктар салынган таңгактарды жүктөө атайын автомобилдин кабинасында нурлануу дозасынын кубаттуулугу минималдуу боло тургандай түрдө жүргүзүлөт. II–III топтогу калдыктар салынган таңгактар жана пайдаланылган булактар эң акырында кузовдун арткы бөлүгүнө жүктөлөт. Атайын автомобилдин кузовунун тышкы бетинин каалаган чекитинде нурлануу дозасынын кубаттуулугу 2 мЗв/с, кабинада 28 мкЗв/с ашпайт.
110. Жүктөө процессинде жана атайын автомобиль жүргөн жолдо радиациялык контролдоону дозиметрист-айдоочу же автомобилди коштоочу адам жүргүзөт.
111. Автомобилге жүктөө аяктагандан кийин анын кузову кулпу менен бекем бекитилет жана радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө тапшырган адамдын катышуусунда пломбаланат.
112. Радиоактивдүү калдыктарды ташууга арналган атайын автомобилдер жана контейнерлер жүгү түшүрүлгөндөн кийин радиациялык контролго алынууга, ал эми радиоактивдүү заттар менен булгануулар болгон учурда – жол берилген маанилерге чейин дезактивацияланат (ушул РКИСЭге 1-тиркеме).
113. Атайын унаанын айдоочусу ушул РКИСЭнин талаптарын сактоого милдеттүү. Ал атайын даярдыктан жана АК же РККПга радиациялык коопсуздук боюнча нускамадан өтүүгө жана ушул РКИСЭнин 6-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү күбөлүк алат.
114. Эл аралык ташууларда ташуунун узактыгы 12 сааттан ашкан учурда, каттамга 2 айдоочу жөнөтүлөт.
115. Жол-транспорт кырсыгы келип чыккан учурда айдоочу Жол кыймылынын эрежелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 «Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык иш алып барат.
9-глава. Радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө коюлуучу талаптар
116. Радиоактивдүү калдыктарды көмүү РККПнын аймагындагы «кир» зонада атайын идиштерде гана жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн идиштерден тышкары жерлерде радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоого жол берилбейт.
117. Калдыктарды идиштерге жүктөө механизацияланууга, радиоактивдүү калдыктардын чачылып кетүүсүнө же абага таралуусуна жол бербейт.
118. КРКны идиштерде көмүү аларды чогултуу жана таңгактоо процессинде салынган идиштерде (пластик, крафт-каптарда ж.б.) жүргүзүлөт. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ири көлөмдөгү калдыктарды таңгаксыз эле транспорт каражаттарынан түздөн-түз көмүүгө жол берилет.
119. КРК идиштерге бөлүмдөр боюнча ырааттуу түрдө, калыңдыгы 1,5 метрден ашпаган катмарлар менен салынып, андан кийин КРКнын үстүнө цемент эритмеси куюлат.
120. Цементтелген бөлүмдүн үстүнкү бети калыңдыгы 20 см болгон бетон катмары жана жабуу плиталары менен жабылып, андан кийин гидроизоляция жүргүзүлөт.
121. Радиоактивдүү калдыктар менен толтурулган идиштер жана траншеялар калыңдыгы 0,5 метрден кем болбогон топурактын катмары менен жабуу аркылуу консервацияланат. Бул топурак катмарын вертикалдык пландоо атмосфералык жаан-чачын сууларынын агып кетишин камсыз кылат.
122. Төгүлгөн топурактын бетинен 1 метр аралыкта нурлануу дозасынын кубаттуулугу 28 мкЗв/сааттан (2,8 мбэр/с) ашпайт.. Идиштерге жана траншеяларга радиациялык коркунучту билдирген белгилер орнотулат.
123. Көп жылдык (түбөлүк) тоң тараган аймактарда радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн шарттарга жана идиштердин жана траншеялардын конструкцияларына коюлуучу талаптар ар бир конкреттүү учурда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
124. Пайдаланылып бүткөн гамма- жана нейтрондук нурлануу булактарын көмүү коргоочу контейнерлерде жүргүзүлөт. Мындай контейнерлердеги пайдаланылып бүткөн иондоштуруучу нурлануу булактарынын активдүүлүгү ченемдик чоңдуктардан ашпайт.
125. АК же РККПга көмүүгө келип түшкөн радиоактивдүү калдыктарды эсепке алуу журналы (ушул РКИСЭнин 7-тиркемеси) болот.
126. Эсепке алуу мекемелерден алынган паспорттордун негизинде жүргүзүлөт.
10-глава. Жайларды, жабдууларды жана атайын транспортту тазалоого жана дезактивациялоого карата талаптар
127. АК же РККПнын өндүрүштүк аянтчасынын «кир» зонасындагы жабдуулардын, шаймандардын, атайын транспорттун жана башка жумушчу беттердин сырткы беттериндеги радиоактивдүү булгануунун деңгээли ушул РКИСЭнин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жол берилген көрсөткүчтөрдөн ЖБа ашпайт.
128. Атайын транспорттун жана АК же РККПнын технологиялык жабдууларынын ички беттеринин радиоактивдүү заттар менен булгануусу ченемделбейт, мында булганган буюмдар жана беттер кызматкерлердин ашыкча нурлануусуна алып келбейт жана жумушчу жайлардын абасындагы радиоактивдүү заттардын концентрациясынын «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ЖКа маанилеринен жогору болбойт.
129. Ачык түрдө радиоактивдүү заттарды колдонуу менен иштер жүргүзүлгөн жана дайыма персонал жүргөн бардык жайларда күн сайын нымдуу тазалоо жүргүзүлөт. Мезгил-мезгили менен, айына кеминде бир жолу дубалдарды, полдорду, эшиктерди жана жабдуулардын сырткы беттерин жууп, толук тазалоо жүргүзүлөт.
130. Жайларды кургак тазалоого тыюу салынат.
131. Тазалоо үчүн колдонулуучу инвентарь иштердин ар бир классына тиешелүү жайга бекитилип, атайын бөлүнгөн жерлерде сакталат.
132. Дезактивациялоо процессинде пайда болгон радиоактивдүү калдыктар пластик же крафт-каптарга салынып, ушул РКИСЭнин 4-главасынын талаптарына ылайык көмүүгө жөнөтүлөт.
133. Атайын транспорт жана транспорттук контейнерлер радиоактивдүү калдыктар түшүрүлгөндөн кийин радиациялык контролго алынат. Жол берилген деңгээлден жогору булгануулар табылган учурда атайын транспорт, контейнерлер жана жабдуулар атайын жуучу каражаттарды колдонуу менен дезактивацияланат (ушул РКИСЭнин 8-тиркемеси).
134. Атайын транспортту жана контейнерлерди дезактивациялоонун натыйжалуулугу радиациялык контролдун натыйжалары боюнча аныкталат жана атайын журналдарда белгиленет.
135. Дезактивациялоодон кийин транспорт каражаттарынын бетинен 0,1 метр аралыкта турган ар кандай чекиттеги дозанын кубаттуулугу катуу радиоактивдүү калдыктарды ташыган атайын автомобилдер үчүн 14 мкЗв/сааттан (1,4 мбэр/с) ашпайт.
136. Атайын автомобиль транспортунун «таза» зонага чыгуусуна ушул РКИСЭнин 136 жана 138-пункттарынын талаптарын аткарууда уруксат берилет.
11-глава. Объекттеги авариялык булганууну жоюу боюнча
иш-чаралар
137. Ар бир АК же РККПда администрация тарабынан бекитилген жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрт көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган Авариялардын (өрттүн) алдын алуу жана жоюу боюнча нускама түзүлөт. АК же РККПнын администрациясы радиоактивдүү калдыктар менен иштеген бардык адамдарды нускама менен тааныштырат.
138. Нускамада төмөнкү жоболор чагылдырылат:
1) мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдарды болжолдоо жана алардын алдын алуу боюнча чаралар;
2) жогору турган уюмдун, санитардык көзөмөл органдарынын жана башка уюмдардын маалымат тартиби;
3) авариялык радиоактивдүү булгануу участокторун жоюу жана изоляциялоо боюнча чаралар;
4) авария учурундагы персоналдын жүрүм-туруму;
5) ички же тышкы авариялык нурлануу учурунда медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу;
6) аварияларды жоюу тартиби жана авариялык иштерди аткарууда персоналды коргоо чаралары;
7) өрттүн алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар;
8) авариялардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн АК же РККПнын администрациясынын жоопкерчилиги.
139. АК же РККПнын аймагында ЖБа деңгээлдеринен ашкан авариялык булгануу келип чыккан учурда төмөнкүлөр аткарылат:
1) иштеп жаткан орнотмолорду өчүрүү менен радиациялык кооптуу участоктон чыгып кетүү;
2) колдордун, кийимдин жана бут кийимдин булгануу деңгээлин текшерүү;
3) булгануу деңгээли ЖБЧдан ашкан кийимдерди чечип, санитардык тазалоодон өтүү;
4) радиометриялык приборлордун жардамы менен авариялык зонанын өлчөмдөрүн аныктоо;
5) болгон окуя жөнүндө АК же РККПнын администрациясына жана жөнгө салуучу органга, саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоо;
6) авариялык зонага кирүү жана андан чыгуу үчүн «авариялык режимди» белгилөө;
7) авариялык зонанын чегине «тартипти камсыздоочу тосмолорду» орнотуу.
140. Бардык учурларда авариялык зонага кирүүгө жана анда кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө радиациялык коопсуздук үчүн жооптуу адамдын уруксаты менен, иш жүргүзүүнүн регламентин көрсөтүү менен ушул РКИСЭнин 9-тиркемесине ылайык атайын уруксат-наряд боюнча гана жол берилет.
141. Авариялык булгануунун очогун жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө кадимки тазалоо талаптагыдай натыйжа бербеген учурларда дезактивациялоонун атайын ыкмалары колдонулат: каптоолорду эриткичтердин жардамы менен алып салуу, материалдын булганган катмарын механикалык жол менен кетирүү жана ушул РКИСЭнин 8-тиркемесине ылайык башка ыкмалар.
142. Булганган объекттерди дезактивациялоо радиациялык контролдун алдында жүргүзүлөт.
12-глава. Жеке коргонуу жана жеке гигиена чаралары
143. Радиоактивдүү заттар менен иштеген бардык адамдар иштин түрүнө жана классына жараша жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болот.
144. I класстагы иштерди жана II класстагы айрым иштерди аткарган кызматкерлер үчүн атайын кийимдердин комплектине төмөнкүлөр кирет: комбинезон же костюм, баш кийим, атайын ич кийим, байпак, жеңил бут кийим же ботинка, кол кап, сүлгү, бет аарчы, ошондой эле дем алуу органдарын коргоочу жеке каражаттар.
145. II жана III класстагы иштерди аткарууда кызматкерлер халаттар, баш кийимдер, тапочкалар жана жылдын бардык мезгилдеринде АК же РККПнын аймагында иштөөгө ылайыктуу атайын нөөмөттүк кийимдер менен камсыз кылынат.
146. Атайын автомобилдердин айдоочулары, радиоактивдүү калдыктарды сорттоо жана көмүү участокторунун кызматкерлери, дозиметристтер жыл мезгилине жараша баш кийимдер, плащтар, пахта күрмөлөр, чолок тондор, өтүктөр, кийиз өтүктөр, жылуу кол каптар жана кол каптар менен кошумча камсыз кылынат.
147. Радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн идиштер жайгашкан жайларды, аймактарды тазалаган, атайын транспортту жана жабдууларды дезактивациялаган персонал пластиктен жасалган фартуктар, жеңчелер же пластиктен жасалган чолок халаттар, резина же пластик атайын бут кийимдер же резина өтүктөр менен камсыз кылынат.
148. Аба радиоактивдүү заттар менен булганышы мүмкүн болгон шарттарда иштөөдө (аварияларды жоюу, оңдоо иштери ж.б.) персонал дем алуу органдарын коргоочу атайын чыпкалоочу же изоляциялоочу каражаттар (пневмокостюмдар, пневмошлемдер, кычкылтек менен иштеген изоляциялоочу аппараттар) менен камсыз кылынат.
149. АКнын же РККПнын «кир» зонасына кирүүгө санитардык өткөрмө аркылуу гана, ал эми I класстагы иштер үчүн жайларга – атайын санитардык шлюздар аркылуу кирүүгө кошумча уруксат берилет. Авариялык жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан жайларга жана аймакка персонал уруксат-наряд боюнча көчмө санитардык шлюз аркылуу өткөрүлөт.
150. «Кир» зонадан чыгууда атайын кийимдердин жана жеке коргонуунун башка каражаттарынын тазалыгы текшерилет, алар чечилет жана радиоактивдүү булгануу аныкталса душта жуулат.
151. Персоналдын атайын кийимдеринин, жеке коргонуу каражаттарынын жана терисинин радиоактивдүү булгануусу жол берилген деңгээлден (ушул РКИСЭнин 1-тиркемеси) ашпайт. Санитардык тазалоодон кийин териде ЖБа 0,1ден ашкан радиоактивдүү булгануу болбойт.
152. Атайын кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары системалуу түрдө дозиметриялык контролдон өткөрүлөт.
153. Атайын кийимдер иш жумасына бир жолудан кем эмес алмаштырылат. Уруксат берилген деңгээлден жогору булганган атайын кийимдер жана коргонуу каражаттары дароо алмаштырылат.
154. Жеке коргонуунун кошумча каражаттары (пленкадан, резинадан жасалган ж.б.) ар бир колдонулгандан кийин санитардык шлюзда же атайын бөлүнгөн жерде дезактивацияланат. Дезактивациядан кийинки булгануунун калган деңгээли уруксат берилген деңгээлден кеминде үч эсе төмөн болот.
155. Жеке кийимдер жана бут кийимдер булганган учурда алар радиациялык коопсуздук кызматынын контролу астында дезактивацияланат, ал эми дезактивациялоо мүмкүн болбосо – көмүлөт.
156. АКнын же РККПнын «кир» зонасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) персоналдын жеке коргонуунун зарыл болгон каражаттарын колдонбостон жүрүүсүнө;
2) администрациянын же радиациялык коопсуздук кызматынын жетекчисинин уруксатысыз бул зонада иштебеген адамдардын кирүүсүнө;
3) тамак-аш продукттарын, кийимдерди, косметикалык буюмдарды жана жумушка тиешеси жок башка предметтерди сактоого.
157. Кол жуугуч жана өзүн-өзү контролдоо үчүн радиометриялык прибор менен жабдылган атайын жайларда гана тамеки тартууга уруксат берилет.
158. «Таза» зонада жайгашкан ашканаларда, буфеттерде же атайын бөлүнгөн жерлерде гана тамактанууга уруксат берилет.
13-глава. Радиациялык контролдоо
159. АКда же РККПда штаттык радиациялык коопсуздук кызматы тарабынан системалуу радиациялык контролдоо жүргүзүлөт. Бул кызматтын саны мекеменин администрациясы тарабынан белгиленет жана радиоактивдүү калдыктарды ташууда, чогултууда жана көмүүдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.
160. Радиациялык коопсуздук кызматынын (радиациялык контролдоо үчүн жооптуу адамдын) иши жөнүндө жобо мекеменин администрациясы тарабынан радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Жободо кызматтын саны, укуктары жана милдеттери аныкталат.
161. Радиациялык коопсуздук кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мекемелерден калдыктарды кабыл алуу, жайларды, атайын транспортту, жабдууларды, контейнерлерди дезактивациялоо боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын жана ушул радиациялык коопсуздук талаптарынын аткарылышын системалуу контролдоого;
2) өндүрүштүк аянттын аймагында, санитардык-коргоо зонасынын жана байкоо жүргүзүү зонасынын чектеринде контролдоону уюштурууну жана жүргүзүүнү камтыган радиациялык контролдоо системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга;
3) жүргүзүлгөн радиациялык контролдоонун көлөмүн, мүнөзүн жана мезгилдүүлүгүн, анын натыйжаларын эсепке алууну жана каттоо тартибин, отчеттук документтердин формаларын, ошондой эле контролдонуучу параметрлердин контролдук жана уруксат берилген деңгээлдерин администрация тарабынан бекитүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга.
162. «Кир» зонада жүргүзүлгөн иштердин мүнөзүнө жараша радиациялык контролдоонун параметрлеринин төмөнкү номенклатурасы белгиленет:
1) гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугу;
2) бета-бөлүкчөлөрдүн агымынын тыгыздыгы;
3) көлөмдүн активдүүлүгү;
4) нейтрондук нурлануу дозасынын кубаттуулугу же нейтрондор агымынын тыгыздыгы;
5) өндүрүштүк жайлардын, жабдуулардын, жабдыктардын, транспорт каражаттарынын, аймактын, жолдордун беттеринин альфа, бета-активдүү заттар менен булганышы;
6) персоналдын жеке коргонуу каражаттарынын, терисинин жана жеке кийимдеринин альфа, бета-активдүү заттар менен булганышы;
7) тышкы нурлануунун жеке дозасы.
163. Санитардык-коргоо зонасында жана байкоо жүргүзүү зонасында радиациялык контролдоонун параметрлеринин төмөнкү номенклатурасы белгиленет:
1) гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугу;
2) бета, гамма-нурлануу дозасы.
164. АКнын же РККПнын «кир» зонасында дозанын кубаттуулугу кеңири чекте өзгөрүшү мүмкүн болгон жайларда автоматтык үн жана жарык сигнализациясы түзүлүштөрү менен жабдылган стационардык радиометриялык приборлор орнотулат.
165. Саркынды сууларды радиациялык контролдоо айлана-чөйрөгө активдүүлүктүн келип түшүүсү жөнүндө маалыматты берет. Тазаланган саркынды суулардын ар бир чыгуусу тиешелүү акт менен таризделет (ушул РКИСЭнин 10-тиркемеси).
166. «Кир» зонанын жайларынын, технологиялык жабдуулардын, жабдыктардын, транспорт каражаттарынын булгануусун контролдоо көчмө приборлордун жана мазокторду алуу методу менен жүргүзүлөт.
167. Атайын кийимдердин, бут кийимдердин жана теринин радиоактивдүү заттар менен булгануусун контролдоо санитардык өткөрмөдө орнотулган стационардык жана көчмө приборлор аркылуу жүргүзүлөт.
168. Персоналдын «кир» зонада жеке контролдоо приборлорусуз болушуна жол берилбейт. Авариялык кырдаалдарды жоюуда же оңдоо иштерин жүргүзүүдө персонал кошумча түз көрсөтүүчү дозиметрлер менен камсыз кылынат. Айрым учурларда босоголук дозиметр-сигнализаторлор колдонулат.
169. Нурлануунун жеке дозаларын эсепке алуу ушул РКИСЭнин 11-тиркемесинин формасы боюнча катталат.
170. Айлана-чөйрөнүн үлгүлөрү алынган байкоо жүргүзүү зонасы санитардык-коргоо зонасынын өлчөмүнөн 3–4 эсе чоң, бирок жылына активдүүлүгү 3,7 ТБк (100 Кu) чейинки калдыктар көмүлгөн РККП үчүн 5 км кем болбойт. Байкоо жүргүзүү зонасынын өлчөмдөрү радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
171. Санитардык-коргоо зонасындагы жана байкоо жүргүзүү зонасындагы радиациялык контролдоо пункттары өндүрүштүк аянтчага карата төмөнкү төрт негизги багыт боюнча жайгаштырылат: ошол жердеги басымдуу шамалдын багыты боюнча, ага карама-каршы жана ага перпендикуляр багытта.
172. Радиациялык контролдоонун жыйынтыктары атайын журналдарга катталууга же маалыматтар базасына киргизилет. Материалдар АКдагы же РККПдагы жана ал жайгашкан райондогу радиациялык абалды баалоо үчүн, ал эми зарыл болгон учурда – персоналдын нурлануусун жана айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 1-тиркеме |
Беттердин булгануусунун жол берилген деңгээлдери ЖБа, бөлүкчө/(кв. см·мин)
| Булгануу объекти | Альфа-активдүү нуклиддер (1) | Бета-активдүү нуклиддер | |
| Өзүнчө (2) | Башкалар | ||
| Теринин үстүнкү катмары, сүлгүлөр, атайын ич кийимдер, байпактар, баш кийимдер, пахтадан жасалган ички кол каптар, жеке коргонуу каражаттарынын маңдайкы бөлүктөрүнүн ички беттери | 1 | 1 | 100 (3) |
| Негизги жумушчу кийимдер, атайын бут кийимдердин ички беттери жана кошумча жеке коргонуу каражаттары, жайларда колдонулуучу атайын бут кийимдердин жана кошумча жеке коргонуу каражаттарынын сырткы беттери: | 5 | 20 | 800 (3) |
| персонал дайыма болгон жайларда | 5 | 20 | 2000 |
| персонал мезгил-мезгили менен болгон жайларда | 50 | 200 | 8000 |
| Персонал дайыма болгон жайлардын жана ал жерде болгон жабдуулардын беттери | 5 | 20 | 2000 |
| Персонал мезгил-мезгили менен болгон жайлардын жана ал жерде болгон жабдуулардын беттери | 50 | 200 | 8000 |
Эскертүүлөр:
1. Альфа-активдүү радионуклиддер менен булганган жумушчу жайлардын жана жабдуулардын беттери үчүн алынуучу (бекитилбеген) булгануу ченемделет, ал эми калган бардык беттер үчүн жалпы булгануу (алынуучу жана бекитилген булгануу) ченемделет.
2. Өзүнчө радионуклиддерге жумушчу жайлардын абасындагы жол берилүүчү концентрациясы ЖКа 1.10 (-14) Ки/л төмөн болгон альфа-активдүү нуклиддер кирет.
3. Стронций-90 жана иттрий-90 үчүн жол берилүүчү булгануу башка бета-активдүү нуклиддерге караганда 5 эсе төмөн белгиленет.
Келтирилген чоңдуктар Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 224 «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» техникалык регламент» менен белгиленген ЖБа беттердин жол берилүүчү булгануу деңгээлдерине туура келет.
*ЖБа – альфа-активдүү заттар менен жол берилген булгануу.
*ЖКа – активдүүлүктүн жол берилген концентрациясы (же абадагы/суудагы радионуклиддин жол берилүүчү концентрациясы).
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 2-тиркеме |
Радиоактивдүү калдыктарды эсепке алуу журналы
| № | Радиоактивдүү калдыктардын аталышы (булактар үчүн: номери же партиянын номери, техникалык паспорттун номери жана датасы) | Келип түшкөн датасы | Калдыктардын түрү | Чогултуучу контейнердин түрү жана номери | Чөйрөнүн рН | Саны, кг | Нуклиддик курамы жана нурлануунун түрү | Салыштырма активдүүлүгү |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Суммардык активдүүлүк | Өткөрүп берген адамдын фамилиясы жана кол тамгасы | Кабыл алган адамдын фамилиясы жана кол тамгасы | Калдыктар кабыл алынган транспорттук контейнердин аталышы жана номери | Радиоактивдүү булактарды эсептен чыгаруу жөнүндө актынын номери жана датасы | Көмүүгө жөнөтүлгөн калдыктар партиясынын паспортунун номери жана датасы | |||
| 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | |||
| «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 3-тиркеме |
_______________________________________________________________ (мекеменин аталышы) көмүүгө өткөрүлүп берилүүчү радиоактивдүү калдыктардын партиясынын паспортунун № ______
«___» _______________ 20___-ж.
| № | Катуу калдыктар-дын мүнөздө-мөсү | Тара-нын түрү | Контейнер-дин (таранын) номери | Чөйрөнүн рН | Нуклид-дик курам | Нурлануу-нун түрү | Салыштырма активдүүлүк | Калдыктардын саны | Суммардык активдүүлүк |
Радиоактивдүү калдыктарды өткөрүп берүү үчүн жооптуу ___________________ (колу) Радиоактивдүү калдыктарды кабыл алуу үчүн жооптуу ______________________ (колу)
Эскертүү:
1. Маалыматтар паспортко радиоактивдүү калдыктар бар ар бир таңгакка өзүнчө киргизилет.
2. Радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө кабыл алуудан баш тартылган учурда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен атайын акт түзүлөт.
3. Жабык түрдөгү булактарды көмүүдө «Катуу калдыктардын мүнөздөмөсү» деген 2-графада булактын аталышы жана номери, паспорттун номери жана берилген датасы көрсөтүлөт.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 4-тиркеме |
Радиоактивдүү калдыктарды өткөрүп берүүгө даярдоо талаптары бузулгандыгы жөнүндө акт 20___-ж. «___» _____________ Мен, ________________________________________________________ (АК же РККПнын аталышы)
өкүлү _______________________________________________________ (аты-жөнү) радиоактивдүү калдыктарды өткөрүп берүү үчүн жооптуу адамдын ____________________________________________________________ (аты-жөнү) ____________________________________________________________ (мекеменин аталышы)
катышуусунда атайын транспорт каражатына жүктөө үчүн сунушталган радиоактивдүү калдыктар төмөнкү себептер боюнча: ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ кабыл алынбай тургандыгы жөнүндө ушул актыны түздүм.
АК же РККПнын өкүлү _____________________ (колу) Радиоактивдүү калдыктарды өткөрүп берүү үчүн жооптуу адам _____________________ (колу
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 5-тиркеме |
Радиоактивдүү материалдарды, иондоштуруучу нурлануу булактары бар орнотмолордун түзүлүштөрүн жана радиоактивдүү калдыктарды туруктуу ташуу үчүн адистештирилген автомашинага №____ уруксат
1. Мекеменин аталышы _______________________________________
2. Автомашинанын (чиркегичтин) маркасы _______ номери ________
3. Транспорттун жабдылышы __________________________________
4. Авариялык комплект менен камсыздалышы ____________________
5. Санитардык текшерүүнүн жана дозиметриялык өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде төмөнкүлөрдү ташууга уруксат берилет:
1) радиоактивдүү заттар, радионуклиддик булактары бар орнотмолор жана түзүлүштөр салынган таңгактарды _______________ ____________________________________________________________
(таңгактардын саны, категориясы жана жалпы активдүүлүгү көрсөтүлөт)
2) радиоактивдүү калдыктарды (суюк, катуу) _______________
(асты сызылат) ____________________________________________________________ (калдыктын түрү жана анын активдүүлүгү көрсөтүлөт)
Паспорт берилген датасы 20___-жылдын «____» _____________
Колдонуу мөөнөтү 20___-жылдын «___» ______________ чейин
Жетекчинин аты-жөнү
М.О.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 6-тиркеме |
№ _____ күбөлүк
Бул күбөлүк транспорт каражатынын айдоочусу___________________ _____________________________________________________берилди, (фамилиясы, аты, атасынын аты) ________________________________________________________________________________________________________________________ (кооптуу жүктүн конкреттүү түрүнүн аталышы) ташуу боюнча эрежелер жана техникалык шарттар менен таанышты, атайын даярдоо боюнча окуудан өттү жана ага көрсөтүлгөн жүктү ташууга уруксат берилди.
Окутуу өткөрүлгөн күн: «___» ____________ 20____-ж. Медициналык кароо өткөрүлгөн күн: «___» ____________ 20___ -ж. 20__- жылдын «___» ____________ чейин жарактуу.
АК же РККПнын жетекчиси _______________________ (колу, мөөрү) 20___ -жылдын «___» ____________ чейин узартылды.
АК же РККПнын жетекчиси _______________________ (колу, мөөрү)
М.О.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 7-тиркеме |
Көмүүгө келип түшкөн радиоактивдүү калдыктарды эсепке алуу журналы
| № | Калдыктар келип түшкөн датасы | Калдыктар келип түшкөн мекеменин аталышы | Калдыктар-дын түрү | Нуклиддик курамы | Үлүштүк активдүү-лүгү | Калдыктар-дын саны | Жалпы активдүү-лүгү | Көмүү жүргүзүлгөн идиштин аталышы | Жооптуу адамдын колу |
Эскертүү: нурлануу булактары жабык түрдө көмүлгөн учурда 4-графада булактын аталышы жана номери, паспорттун номери жана берилген датасы көрсөтүлөт.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 8-тиркеме |
Жайларды, жабдууларды, контейнерлерди жана атайын автомобилдерди дезактивациялоо үчүн сунушталган жуучу эритмелер
Жабдууларды, жайларды, контейнерлерди жана атайын автомобилдерди дезактивациялоо үчүн жуучу эритмелер катары төмөнкүдөй курамдар колдонулат: № 1 курам:
– кир жуучу порошок – 3 г;
– щелочь – 10 г;
– суу – 1 л чейин;
№ 2 курам:
– ДС-РАС(*) – 10 мл;
– суу – 1 л чейин;
(*) ДС-РАС (РАС-пастасы) – тазаланган алкиларилсульфонаттын эритмеси; № 3 курам:
– ДС-РАС – 10 мл;
– козу кулак кислотасы – 5 г;
– аш тузу – 50 мг;
– суу – 1 л чейин;
№ 4 курам:
– ДС-РАС же ОП-7 – 5 г;
– козу кулак кислотасы – 5 г;
– натрий гексаметафосфаты – 7 г;
– суу – 1 л чейин.
Көрсөтүлгөн курамдар менен жууганда кетпеген, булганган үстүнкү беттер № 5 жуучу курам менен кошумча тазаланууга жатат. № 5 курам:
– калий перманганаты – 40 г;
– күкүрт кислотасы – 5 г;
– суу – 1 л чейин.
Үстүнкү беттерди № 5 курам менен дезактивациялагандан кийин (10–15 мүнөттүн ичинде) № 3 курам менен тазалоо жүргүзүлөт. Эгерде булганган материал кислоталарга туруктуу болбосо (дат басып же эрип кетсе), анда аны № 6 курамдын щелочтук эритмелери менен тазалоо сунушталат. № 6 курам:
– натрий гидроксиди – 10 г;
– трилон Б – 10 г;
– суу – 1 л чейин.
Баалуу жабдуулар, приборлор төмөнкүдөй курамдагы лимон же козу кулак кислотасынын эритмеси менен дезактивацияланат: № 7 курам:
– лимон кислотасы же козу кулак кислотасы – 10–20 г;
– суу – 1 л чейин;
– ошондой эле тринатрий фосфаты же натрий гексаметафосфаты колдонулат.
№ 8 курам:
– тринатрий фосфаты же натрий гексаметафосфаты – 10–20 г;
– суу – 1 л чейин.
Дезактивациялоонун узактыгы булгануунун деңгээлине жана көлөмүнө жараша болот. Болжол менен эки жумушчу тарабынан бир атайын автомашинаны дезактивациялоо 1–2 саатка, ал эми бир жумушчу тарабынан бир контейнерди дезактивациялоо 10–20 мүнөткө созулат. Бир атайын автомобилге жуучу суюктук эритмеси орточо 150 л түзөт, анын ичинен:
– муздак суу – 80 л;
– ысык суу – 50 л;
– атайын эритмелер – 20 л.
Бир контейнерге жуучу суюктук эритмеси орточо 12 л түзөт, анын ичинен:
– муздак суу – 5 л;
– ысык суу – 5 л;
– атайын эритмелер – 2 л.
Айрым учурларда булгануулар механикалык ыкмалар менен (механикалык щеткалар, наждак кагаз, кыргычтар жана б.у.с.) кетет. Бузулган үстүнкү беттер калыбына келтирилет. Дезактивациялоо процессинде калдыктардын көлөмүн азайтуу максатында жуучу каражаттардын чыгымдалышын мүмкүн болушунча кыскартуу үчүн чаралар көрүлөт.
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 9-тиркеме |
____________________________________________________________ (ишкананын аталышы)
Бекитем
Радиациялык кооптуулугу жогору иштерди жүргүзүүгө № ________ уруксат-наряд ____________________________________________________________ (ишкананын аталышы)
I. Наряд
1. Иштерге жооптуу аткаруучу __________________________________
курамында ________________ адамдан турган бригада менен төмөнкү иштерди аткарсын ___________________________________________ (иштин аталышы, жүргүзүү жери)
2. Иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдар_______________
шайман __________________________________________________ коргонуу каражаттары, радиациялык контролдоо приборлору _______ ____________________________________________________________
3. Иштерди даярдоодо жана аткарууда төмөнкү радиациялык коопсуздук чаралары камсыз кылынсын _________________________
____________________________________________________________ (эмгектин радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги иш-чаралар жана каражаттар саналат, иштерди жүргүзүүнүн регламенти жана радиациялык контролдоонун көлөмү көрсөтүлөт)
4. Өзгөчө шарттар ____________________________________________
5. Иштин башталышы ____ саат _____ мүн. ____________ 20__-ж.
Иштин аякташы ____ саат ______ мүн. ________________ 20__-ж.
6. Иштердин жооптуу жетекчиси болуп дайындалат ________________
(кызмат орду) ________________________________________ ___________________ (аты-жөнү) (колу)
7. Радиациялык контролдоону жүргүзүүгө жооптуу болуп дайындалат
____________________________________________________________ (кызмат орду жана аты-жөнү)
8. Уруксат-нарядды берген ________________________ ___________
(кызмат орду жана аты-жөнү) (колу)
9. Уруксат-нарядды кабыл алган: иштердин жооптуу жетекчиси: _____
________________________________________________ ___________ (кызмат орду жана аты-жөнү) (колу)
10. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жана иштерди жүргүзүү тартиби макулдашылган: ______________________
____________________________________________________________ (иштеп жаткан ишкананын жооптуу адамы, кызмат орду, аты-жөнү, колу)
II. Уруксат
11. Жумуш ордунда радиациялык коопсуздук чаралары жөнүндө нускама төмөнкү нускамаларга ылайык өткөрүлдү___________________________________________________
(нускамалардын номери жана аталышы) нускаманы өткөрдү: иштердин жооптуу жетекчиси __________________________________ (датасы, колу) иштеп жаткан ишкананын жооптуу адамы ________________________ (датасы, колу)
12. Нускамадан өткөн бригаданын мүчөлөрү:
| № | Аты-жөнү | Кесиби, разряды | Нускама өткөрүлгөн дата | Нускаманын, технологиялык картанын номери | Нускамадан өткөн адамдын колу |
13. Жумуш орду жана эмгек шарттары текшерилди. Уруксат-нарядда көрсөтүлгөн радиациялык коопсуздук чаралары камсыз кылынды.
Ишке киришүүгө уруксат берем: ________________________________ _________________________________________ _______________ (ишкананын жооптуу адамынын кызмат орду) (аты-жөнү, датасы, колу) Иштердин жооптуу жетекчиси _________________________________ (датасы, колу) Радиациялык контролдоону жүргүзүүгө жооптуу__________________ (датасы, колу) Иштердин жооптуу аткаруучусу ________________________________ (датасы, колу)
14. Иштер ____ саат ____ мүн. _____________ 20__-ж. башталды.
Иштердин жооптуу жетекчиси __________________________________ (датасы, колу) Радиациялык контролдоону жүргүзүүгө жооптуу__________________ (датасы, колу)
15. Күн сайын ишке киришүүнү тариздөө:
| Датасы жана убактысы | Жумуш орду жана радиациялык коопсуздук чаралары текшерилди. Бригада ишке киргизилди | ||
| Иштердин жооптуу жетекчисинин колу | Радиациялык контролдоону жүргүзүүгө жоопт. колу | Иштердин жооптуу аткаруучусунун колу | |
16. Иштер аяктады, жумуш орундар текшерилди, материалдар, шаймандар, жабдуулар ж.б. жыйналды, адамдар чыгарылды.
Наряд ____ саат ____ мүн. «___» _________ 20__-ж. жабылды.
Иштердин жооптуу аткаруучусу_________________________________ (датасы, колу) Радиациялык контролдоону жүргүзүүгө жооптуу__________________ (датасы, колу) Иштеп жаткан ишкананын жооптуу адамы _______________________ (датасы, колу)
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 10-тиркеме |
Радионуклиддерден тазаланган сууну төгүүгө № ______акт «____» ______________ 20___-ж.
Биз, төмөндө кол койгондор, ___________________________________ (жооптуу адамдардын кызматы, аты-жөнү) төмөнкүлөр тууралуу ушул актыны түздүк: «___» ________ 20___-ж. (күнү, айы) _____________________________________________________________ төгүлгөн (төгүлгөн жери)
_________________________________________________________дан (резервуардын аталышы) радионуклиддерден тазаланган __________ куб. м суу ачык топуракка төгүлдү.
Суунун үлүштүк активдүүлүгү: бета-нурлантуучулардын суммасы боюнча – Бк/л; альфа-нурлантуучулардын суммасы боюнча – Бк/л; айрым радионуклиддер боюнча – Бк/л.
Жооптуу адамдардын колдору _____________________
| | | «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерине жана ченемдерине 11-тиркеме |
Иондоштуруучу нурлануу булактары (ИНБ) менен иштеген адамдардын тышкы нурлануусунун жеке дозаларын эсепке алуу карточкасы
1. Мекеме _________________________________________________
(аталышы, дареги, телефону)
2. Аты-жөнү _______________________________________________
3. Туулган жылы ___________________________________________
4. Жынысы ________________________________________________
5. Иштеген жери ___________________________________________
(цех, бөлүм, участок, лаборатория ж.б.)
6. Кызмат орду _______________________________________________
7. ИНБ менен иш стажы _______________________________________
(мекемедеги ишинин башталышы, жалпы стажы)
8. Үйүнүн дареги, телефону ___________________________________
9. Иштин шарттары ___________________________________________
(иштин түрү жана мүнөзү, радионуклид, ___________________________________________________________ ачык же жабык ИНБ, иштин классы, радиоактивдүү заттын агрегаттык абалы ___________________________________________________________ жумуш ордундагы бир жолку максималдуу уруксат берилген активдүүлүк ж.б.)
10. Дозаны өлчөө методу _____________________________________
(дозиметрдин түрү, экспозиция убактысы)
11. Нурлануу дозалары жөнүндө маалыматтар:
| Ай, квартал | Дозиметр жайгашкан жер | Доза, мЗв (мбэр) | |||
| 20___-ж. | 20___-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | ||
| I | |||||
| II | |||||
| III | |||||
| I квартал | |||||
| IV | |||||
| V | |||||
| VI | |||||
| II квартал | |||||
| VII | |||||
| VIII | |||||
| IX | |||||
| III квартал | |||||
| Х | |||||
| XI | |||||
| XII | |||||
| IV квартал | |||||
| Бир жылда | |||||
| Нурлануунун суммалык дозасы | 01.01.20__-ж. карата, мЗв (мбэр) | 01.01.20__-ж. карата, мЗв (мбэр) | 01.01.20__-ж. карата, мЗв (мбэр) | 01.01.20__-ж. карата, мЗв (мбэр) | |
| Башкы инженер (аты-жөнү, колу) | |||||
| Радиациялык контролдоо үчүн жооптуу адам (аты-жөнү, колу) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 198
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 “Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча…Постановление · 28.01.2026 · № 30
- Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 29.11.2011 · № 224
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 538 «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин…Постановление · 10.08.2026 · № 538