Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-январы № 30
Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө
Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук ченемдер жана стандарттар менен мыйзам чыгаруу базасын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Требования · 28.01.2026 · № 30
- «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын…Приложение · 10.08.2026 · № 538
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122