Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-августу № 538
«Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө
Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 10-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 58
- «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын…Приложение · 10.08.2026 · № 538