Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
115-берене. Бара турган портко кирүү үчүн тоскоолдуктар
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Эгерде тиешелүү бийликтердин тыюу салуусунун, табигый кубулуштардын же ташуучудан көз каранды болбогон башка себептердин натыйжасында кеме бара турган портко кире албаса, ташуучу бул жөнүндө жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга, же эгерде белгилүү болсо, жүктү тескөөгө укуктуу болгон жакка дароо билдирүүгө милдеттүү.
2. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилген болсо жана кеме бара турган портко кире албагандыгы жөнүндө билдирүү жиберилген учурдан тартып жетиштүү мөөнөттүн ичинде жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө ыйгарым укуктуу болгон жактын бул жүктү тескөө боюнча буйругу келбесе, кеме капитаны өз кароосу боюнча жүктү жакынкы порттордун биринде калтырууга же болбосо капитандын баамдоосу боюнча фрахттоочу же жүктү тескөөгө ыйгарым укуктуу болгон жак үчүн кайсынысы пайдалуураак экендигине жараша аны жөнөтүү портуна кайтарууга укуктуу.
3. Эгерде кеменин бир бөлүгү фрахтталган болсо, капитан бара турган портко жеткирүү мүмкүн болбогон жүктү жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактын тескемесине ылайык башка портко түшүрүүгө тийиш. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлгөн учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде мындай тескеме алынбаган учурда капитан бул жөнүндө жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жакка билдирүү менен жүктү жакынкы порттордун биринде өзүнүн кароосу боюнча калтырууга укуктуу. Кеме капитаны алынган тескемени аткаруу кеменин бортундагы башка жүктөрдүн ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда ушундай эле жол менен иштөөгө укуктуу.
4. Ташуучу жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактын тескемесин жетиштүү мөөнөттүн ичинде күтүү менен байланышкан чыгашалардын, жүк боюнча чыгашалардын, ошондой эле жүктү ташуунун иш жүзүндөгү алыстыгына пропорционалдуу өлчөмдөгү фрахтты алууга укуктуу.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>