114-берене. Келишимдин колдонулушун тараптардын баш тартуусу жок токтотуу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу, эгерде кеме жүктөө жеринен чыгып кеткенге чейин тараптарга көз каранды болбогон төмөнкүдөй кырдаалдар пайда болсо, тараптардын баш тартуусу жок жана алардын бирин экинчи тарапка келишимдин аракетинин токтотулушу менен шартталган башка чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирбестен токтотулушу мүмкүн:
1) кеме кыйраса же басып алынса;
2) кеме сүзүүгө жараксыз деп табылса;
3) белгилүү бир жүк кыйроого учураса;
4) алып кирүүгө/алып чыгууга бийликтин тыюу салуусу киргизилсе же согуш аракеттери башталса;
5) тектик белгилери менен аныкталуучу жүк ал жүктөө үчүн тапшыргандан кийин кыйроого учураса, ал эми жөнөтүүчү кыйраган жүктүн ордуна башка жүктү тапшырууга үлгүрбөй калса.
2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча жана рейс учурунда да токтотулушу мүмкүн. Мындай учурда ташуучуга куткарылган жана тапшырылган жүктүн санын эске алуу менен ташуунун иш жүзүндөгү аралыгына пропорционалдуу өлчөмдө фрахт төлөнүүгө тийиш.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
114-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-114" title="114-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>