116-берене. Жүктү ташуунун мөөнөтү жана маршруту
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Ташуучу жүктү келишимдин тараптары белгилеген маршрут боюнча белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү. Эгерде ташуунун мөөнөтү жана маршруту белгиленбесе, ал жүктү кадимки маршрут менен жалпы кабыл алынган мөөнөттө ташыйт.
2. Деңизде адамдарды, кемелерди жана жүктөрдү куткаруу максатында жасалган, кеменин белгиленген жолдон кандай болбосун четтөөсү, ошондой эле маршруттан башка негиздүү четтөө, эгерде ал ташуучунун туура эмес аракеттеринен улам келип чыкпаса, жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин шарттарын бузуу деп эсептелбейт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-116" title="116-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>