4-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтар киргизилет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине же кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү кошумча тизмегине киргизилбеген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жол берилбейт.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
5. Аймактын өзгөчөлүктөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын кошумча тизмегин өз алдынча бекитүүгө укуктуу. Кошумча тизмектерге киргизилүүчү кызмат көрсөтүүлөр ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
6. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн сунушталган кызматтарды көрсөтүүнүн ушул Мыйзамда белгиленген критерийлерге шайкештигин жана кызматтардын акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшүнүн негиздүүлүгүн баалоону жүргүзөт.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 203 "Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча…Приказ · 02.10.2026 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 23.03.2021 · № 39
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048800/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>