Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 2-октябры № 203 Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
“Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү жана анын актуалдуулугун камсыз кылуу максатында буйрук кылам:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын борборлоштурулган банкына белгиленген тартипте расмий жарыялоону жана киргизүүнү камсыз кылсын;
2) ушул буйрукту кызмат көрсөтүүнүн администраторлоруна, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жеткирсин;
3) Бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр реестрин алгачкы түзүү жана андан кийинки жүргүзүү үчүн методологиялык коштоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына алар же алардын ведомстволук муниципалдык мекемелери жана ишканалар тарабынан тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен көрсөтүлүүчү жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтар боюнча сунуштарды берүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин курамында түзүү сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Ч.С. Сейитовго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук «Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
| Министр | Б.Т. Сыдыков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 2
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндөЗакон · 17.07.2026 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 319 "Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2025 · № 319
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин…Порядок · 02.10.2026 · № 203
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139 · Күчүн жоготкон