3-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана критерийлери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
2) жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген критерийлерге шайкеш келген кызмат көрсөтүүлөр кирет.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) жеке же юридикалык жактан кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу (проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо);
2) кызматтарды көрсөтүүнүн администраторунда мыйзамдарда белгиленген, тиешелүү чөйрөдө аларга кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууну жана көрсөтүүнү караган функциялардын жана ыйгарым укуктардын болушу;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга, милдеттерин аткарууга багытталуусу;
4) акыркы натыйжаны алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аткаруучуларына кошумча кайрылуу зарылдыгын болтурбоочу кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;
5) кызмат көрсөтүүлөрдү альтернативдик берүүчүлөрдөн - мамлекеттик эмес сектордун субъектилеринен алуунун мүмкүн эместиги.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер администраторлору болгон кызмат көрсөтүүлөр кирет. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары администраторлору болгон кызмат көрсөтүүлөр кирет.
4. Жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) жеке же юридикалык жактан кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу (проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо);
2) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынышы;
3) ачык мүнөздөгү юридикалык кесепеттердин жоктугу;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү альтернативдик берүүчүлөрдөн алуу мүмкүндүгү.
5. Кызматтар акысыз же акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында акысыздыгы бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү милдеттенмелеринен келип чыгуучу мамлекеттик кызматтар жана муниципалдык кызматтар акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт.
7. Айрым категориялардагы керектөөчүлөр үчүн кызматтар жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүшү мүмкүн.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9. Жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартиби иштин тиешелүү профилдик чөйрөсүндөгү мыйзамдар же жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Эгерде бул тартип профилдик мыйзамдар же жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынбаса, кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмү кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу тарабынан өз алдынча аныкталат жана айрым категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдиктерди карашы мүмкүн.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048800/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>