Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5 - апрели № 394
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө Жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жободо:
11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:
«81) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"…Постановление · 25.08.2011 · № 511
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №429 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору…Постановление · 29.07.2011 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токомуна…Положение · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 17.12.2021 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 17.12.2021 · № 317
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү…Положение · 22.07.2022 · № 392
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 24.06.2015 · № 406
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер…Приложение · 08.04.2025 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 17.12.2021 · № 317
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери…Постановление · 22.07.2022 · № 392
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №429 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору…Постановление · 29.07.2011 · № 429
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"…Постановление · 25.08.2011 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2025 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабры № 317 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү…Постановление · 17.12.2021 · № 317
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке…Постановление · 17.12.2021 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору"…Постановление · 24.06.2015 · № 406
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.