Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-майы № 354
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдон келип чыккан иш-чаралар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 354…Требования · 20.05.2026 · № 354
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 20.05.2026 · № 354
- Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 токтомуна)Порядок · 09.07.2026 · № 471
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 25