Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 токтомуна) |
Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасындагы биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча укуктук, уюштуруучулук жана координациялык чараларды аныктайт.
2. Ушул Тартипте «Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
3. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук;
2) министрликтердин, ведомстволордун, комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын өз ара аракеттенүүсү;
3) байкоолордун тутумдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
4) маалыматтын ачыктыгы (чектелген жетүү мүмкүндүгү бар же мүнөздөгү маалыматтарды кошпогондо);
5) биологиялык коркунучтарга өз убагында чара көрүү.
4. Ушул Тартипте белгиленген талаптарды аткаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана иши биологиялык агенттер жана (же) заманбап биотехнология азыктары менен иштөө менен байланышкан жеке жактар үчүн милдеттүү.
2-глава. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо
5. Биологиялык коркунучтардын алдын алууну жана болтурбоону координациялоого жооптуу биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) жарандык коргоо, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв тутумун, токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) Кыргыз Республикасындагы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо чөйрөсүндөгү башка органдар;
5) Евразия экономикалык комиссиясынын актыларында каралган механизмдер аркылуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары;
6) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, калкты жана Кыргыз Республикасынын аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын алкагындагы башка органдар жана уюмдар.
6. Биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка органдар менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 354 «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ченемдик укуктук жөнгө салуу:
– биологиялык материалдарды пайдалануу менен байланышкан иштин тиешелүү түрүнө ишти лицензиялоо;
– биокоопсуздук жана биокоргоо талаптарынын сакталышын контролдоо;
2) маалыматтык жана агартуу иштери:
– калкка профилактикалык чаралар жөнүндө маалымдоо;
– адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
– анык эмес маалыматтын таралышына каршы аракеттенүү;
3) профилактикалык чаралар:
– вакцинация жүргүзүү (эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында);
– санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы иш-чаралар, лабораториялык диагностика;
– табигый очоктордун аймагын жана башка актуалдуу табигый-очоктук инфекцияларды эпизоотологиялык изилдөө боюнча медициналык-биологиялык отряддарды/илимий экспедицияларды уюштуруу;
– табигый очоктордун азыркы абалын изилдөө жана мүмкүн болгон эпидемиялык тобокелдиктерди азайтуу;
– дезинфекция, дезинсекция жана дератизация;
4) тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо:
– биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо тутумдарынын иштеши;
– үзгүлтүксүз эпидемиологиялык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү;
– инфекциялык жана паразитардык оорулардын жайылышын талдоо жана болжолдоо, ошондой эле заманбап биотехнология азыктары менен байланышкан талдоо, болжолдоо жана баалоо;
5) даярдык жана чара көрүү:
– биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана иш-аракеттерди координациялоо;
– дары каражаттарынын, жеке коргонуу каражаттарынын жана диагностикалык препараттардын резервдерин түзүү;
– мобилдик лабораторияларды колдонуу менен өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча көрсөтмө-машыгууларды өткөрүү;
– биологиялык коркунучтар, анын ичинде биологиялык агенттердин жана заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу алып өтүү учурлары тууралуу ведомстволор аралык маалымат алмашуу;
6) лабораториялык диагностика:
– референс жана диагностикалык лабораториялардын тармагын өнүктүрүү;
– патогендерди идентификациялоонун заманбап усулдарын киргизүү;
– лабораториялык иштин биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу;
7) эл аралык кызматташтык:
– оорулардын тез жайылышы жөнүндө маалымат алмашуу;
– эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин алкагында милдеттенмелерди аткаруу;
– биокоопсуздук жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү.
3-глава. Биологиялык коркунучтардын деңгээлдери
8. Биологиялык коркунучтар төмөнкү деңгээлдер боюнча айырмаланат:
1) оор;
2) жогорку;
3) жол берилген;
4) орточо;
5) төмөнкү.
Биологиялык коркунучтарды тиешелүү коркунуч (кооптуулук) деңгээлдерине киргизүү критерийлери жана биологиялык коркунучтарга чара көрүү тартиби биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр менен байланышкан биологиялык коркунучтардын профилактикалык, алдын алуу жана болтурбоо чараларын уюштуруу тартибин аныктайт:
1) табигый, техногендик, аскердик кырдаалдардын потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттерге тийгизген таасири;
2) патогендүү биологиялык агенттерге санкцияланбаган кайрылуу жана жеткиликтүүлүк;
3) патогендүү биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары колдонуу;
4) биологиялык коопсуздук объекттериндеги авариялар жана террористтик актылар;
5) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу берүү.
10. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөр менен байланышкан биологиялык коркунучтардын профилактикалык, алдын алуу жана болтурбоо боюнча чараларды уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылат:
1) жаңы инфекциялардын пайда болушу жана жайылышы, Кыргыз Республикасынын аймагында мурда кездешпеген жана (же) сейрек кездешүүчү инфекциялык жана паразитардык оорулардын кириши жана жайылышы, табигый-очоктук, кайта пайда болуучу жана өзүнөн өзү пайда болуучу инфекциялардын пайда болушу жана жайылышы;
2) оорулардын орточо статистикалык деңгээлинен ашып кетиши;
3) медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекциялардын жайылышы;
4) патогендүү биологиялык агенттер жана (же) заманбап биотехнология азыктары менен иштөөдө адамдарга жана айлана-чөйрөгө жугузуу, ошондой эле адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө башка терс таасирлер;
5) патогендердин генотибинин жана фенотибинин табигый өзгөрүшүнө, анын ичинде алардын туруктуулугуна, ошондой эле алардын алып жүрүүчүлөрүнүн касиеттерине жана жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүү.
4-глава
Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттердин жана (же) заманбап биотехнология азыктарынын эсебин алуу жана көзөмөлдөө
11. Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын эсепке алуу жана көзөмөлдөө ушул Тартиптин 5-пунктунда аныкталган тараптар менен өз ара аракеттенүүдө координациялоо үчүн жооптуу болгон биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат, төмөнкүдөй жолдор менен:
1) биологиялык агенттердин жана (же) заманбап биотехнология азыктарынын реестрин жүргүзүү;
2) үзгүлтүксүз инвентаризация жүргүзүү;
3) биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын өткөрүп берүүнү, сактоону, колдонууну, алып өтүүнү жана жок кылууну документтештирүү;
4) сактоо бирдиктерин, партияларды, контейнерлерди жана таңгактарды белгиленген тартипте маркалоо жана идентификациялоо;
5) таңгактын жоголуу, уурдоо, мыйзамсыз жетүү, бузуу, бүтүндүгүн бузуу учурларын, аварияларды жана коопсуздукка жана көзөмөлдөөгө таасир этүүчү башка окуяларды каттоо.
5-глава. Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу
12. Төмөнкүдөй потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттер жана (же) заманбап биотехнология азыктары жок кылынууга тийиш:
1) биологиялык курал болуп саналган;
2) керектөө, диагностикалык, профилактикалык же илимий касиеттерин жоготкон (сактоо мөөнөтү өтүп кеткен, сактоо шарттары бузулган, контаминация аныкталган ж.б.);
3) биологиялык коопсуздук, саламаттык сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген;
4) адамдын, жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна же айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген, анын ичинде авариялык кырдаалдар, чыгып кетүүлөр, таңгактын бүтүндүгү бузулгандыгы аныкталганда;
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын чечими боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган;
6) соттун чечими боюнча же биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругунун негизинде;
7) биологиялык коркунучтун деңгээлин эске алуу менен максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган жана андан ары сактоо максатка ылайыксыз деп таанылган;
8) изилдөөлөрдүн, өндүрүштүн же диагностиканын натыйжасында пайда болгон жана андан ары сактоого тийиш болбогон.
13. Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу биологиялык коопсуздук, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптарын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча техникалык документтерди сактоо менен биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат.
Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу тартиби, усулдары (ыкмалары) биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан биологиялык коопсуздук, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча техникалык документтерге ылайык аныкталат.
14. Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу акт менен таризделет, анда жок кылуунун негиздемеси, объекттин аталышы, саны, жок кылуу ыкмасы, датасы, жери жана жок кылууга катышкан адамдар көрсөтүлөт.
15. Потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу менен байланышкан бардык чыгымдар, анын ичинде ташууга кеткен чыгымдар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жок кылынуучу потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттердин жана (же) заманбап биотехнология азыктарынын ээси же менчик ээси тарабынан төлөнөт.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын, дарыкана мекемелеринин, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик менчик формасындагы ишканалардын жана мекемелердин потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттерди жана (же) заманбап биотехнология азыктарын жок кылуу менен байланышкан бардык чыгымдары, анын ичинде аларды ташууга кеткен чыгымдар тиешелүү жылга бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
16. Мыйзамсыз ташып келинген (контрабандалык) потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттер жана (же) заманбап биотехнология азыктары жок кылынган учурда бардык чыгымдар, анын ичинде сактоого жана ташууга кеткен чыгымдар алар алып коюлган аныкталган жак/аныкталган тарап тарабынан төлөнөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз…Постановление · 20.05.2026 · № 354
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 "Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.07.2026 · № 471
- Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 25