Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 354 токтомуна)
Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар
1. Ушул Талаптар патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнологиянын продукттары, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдер (ГМО) менен иштөө жүзөгө ашырылып жаткан потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин (мындан ары – объекттер) физикалык корголушун уюштуруунун аткаруу үчүн милдеттүү тартибин белгилейт. Талаптар объекттерге санкцияланбаган кирүүнү, жоготууну, уурдоону, бошотууну жана мыйзамсыз орун которуштурууну болтурбоого, ошондой эле аларды сактоонун, ички орун которуштуруунун жана ташуунун, анын ичинде заманбап биотехнологиянын продукттарынын талаптагыдай шарттарын камсыз кылууга багытталган чаралар катары колдонулат
2. Объекттер биологиялык агенттердин патогендүүлүгүнө, алардын берүү жөндөмдүүлүгүнө, инциденттин мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттеринин масштабдарына жараша кооптуулук топтору (I, II, III, IV) боюнча классификацияланууга тийиш. Классификациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен методиканын негизинде тобокелдиктерди жана аткарылуучу иштердин тибин (анын ичинде жабык системалардагы жумуштарды) баалоонун натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Ар бир кооптуулук тобу үчүн төмөнкүлөр белгиленет:
1) контролдоо системаларына жана кирүүнү башкарууга карата талаптар (өткөрүү режими, электрондук идентификаторлор, биометрикалык системалар):
- I–II: өткөрүү режими + электрондук идентификаторлор; негизги аймактар үчүн биометрия (техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болсо);
- III: өткөрүү режими + электрондук идентификаторлор/журналда белгилөө; биометрия талап кылынбайт;
- IV: жөнөкөйлөтүлгөн кирүү контролу (кирүүнү чектөө, ачкыч/карта режими же кирүүнү каттоо журналы);
2) Видеобайкоо, күзөт жана кооптуулук сигнализациясы системаларына карата талаптар:
- I–II: негизги аймактарга видеобайкоо жүргүзүү + күзөт жана кооптуулук сигналдарынын болуусу милдеттүү;
- III: ички коргоо планында аныкталган аймактардын тизмеси боюнча видеобайкоо жүргүзүү жана/же күзөт сигнализациясы;
- IV: зарыл болгон учурда – сактоо жайлары үчүн күзөт сигнализациясы; видеобайкоо жүргүзүү милдеттүү эмес;
3) инженердик-техникалык коргоо каражаттарына (тосмолор, бекемделген конструкциялар, сейфтер жана сактоочу жайлар) карата талаптар:
- I–II: күчөтүлгөн инженердик-техникалык каражаттар (анын ичинде бекемделген конструкциялар/сактоочу жайлар) милдеттүү;
- III: кирүүнүн чектелишин жана сакталышын камсыз кылуучу стандарттуу инженердик-техникалык коргоо каражаттары;
- IV: материалдардын мүнөзү боюнча минималдуу жетиштүү коргоо каражаттары (кулпуланган жайлар/шкафтар);
4) объектти кайтаруунун режими жана тартиби:
- I–II: күнү-түнү кайтаруу/кезметчилик же чара көрүүнүн эквиваленттүү режими (план боюнча), милдеттүү;
- III: иш графиги боюнча кайтаруу/чара көрүүнүн белгиленген тартиби менен чектелген кирүү режими;
- IV: уюштурулган кайтаруу режими (жооптуу адамдар, кирүүнү чектөө, жайлардын жабылышын контролдоо);
5) кирүүнү эсепке алуу, келүүчүлөрдү каттоо журналдарын жүргүзүүгө жана жазууларды (анын ичинде видеоархивди) белгиленген мөөнөткө сактоого карата талаптар:
– I–II: кирүүнү эсепке алуу жана келүүчүлөрдү каттоо журналдары + жазууларды/видеоархивди сактоо милдеттүү (мөөнөтү – методика/ички план боюнча);
– III: кирүүнү эсепке алуу жана келүүчүлөрдү каттоо журналдары милдеттүү; жазууларды сактоо – жөнөкөйлөтүлгөн көлөмдө/ зоналардын тизмеги боюнча;
– IV: кирүүнү/келүүчүлөрдү жөнөкөйлөтүлгөн формада каттоо (журнал/реестр); видеоархив милдеттүү эмес;
6) кирүү зоналарын бөлүүгө (зоналаштыруу), келүүчүлөрдү коштоп жүрүүгө жана материалдарды алып чыгууну/чыгарууну контролдоого карата талаптар:
– I–II: зоналаштыруу милдеттүү; келүүчүлөр – коштоп жүрүү менен гана; алып чыгууну/чыгарууну контролдоо милдеттүү;
– III: негизги зоналарды зоналаштыруу; келүүчүлөрдү коштоп жүрүү – жооптуу адамдын чечими боюнча; алып чыгууну/чыгарууну контролдоо милдеттүү;
– IV: кирүүнү базалык чектөө (ыйгарым укуктууларга гана кирүү); алып чыгууну/чыгарууну контролдоо – белгиленген тартипте;
7) физикалык коргоо системасынын туруктуулугуна карата талаптар (резервдик электр менен жабдуу, резервдик байланыш каналдары жана техникалык каражаттардын иштебей калышына чара көрүү регламенти):
– I–II: резервдик электр менен жабдуу/байланыш каналдары жана чара көрүү регламенти – милдеттүү түрдө;
– III: чара көрүү регламенти милдеттүү; резервдөө – техникалык мүмкүнчүлүк болсо/негизги каражаттардын тизмеги боюнча;
– IV: чара көрүү регламенти (уюштуруу чаралары) милдеттүү; техникалык резервдөө талап кылынбайт.
4. Объекттердин жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) физикалык коргоо боюнча ички нускамаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) патогендүү биологиялык агенттердин жана ГМОнун бардык үлгүлөрүн эсепке алууга, маркалоого жана коопсуз сактоого;
3) объекттин ичинде жана сыртында кооптуу материалдарды ташууну контролдоого;
4) объекттин ушул Талаптарга шайкештигине мезгилдүү (эки жылда бир жолудан кем эмес) текшерүүлөрдү жана аттестацияларды жүргүзүүгө;
5) физикалык коргоо жана кооптуулук топтору боюнча физикалык коргоо планын (пландарын) жүргүзүү үчүн жооптуу адамды (адамдарды) дайындоого;
6) үлгүлөр жана материалдар менен иштөөдө сактоо чынжырчасын камсыз кылууга, анын ичинде жылдырууну, берүүнү жана жок кылууну эсепке алуу менен;
7) материалдарды физикалык коргоонун бузулушу, жоголушу/ уурдалышы жана башка инциденттер жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга билдирүүнүн, каттоонун жана кызматтык териштирүүнүн тартиби.
5. Объектте иштөөгө уруксат берилген персонал биологиялык коопсуздук чаралары боюнча атайын окутуудан өтүүгө милдеттүү, анын ичинде биологиялык материалдарга санкциясыз жеткиликтүүлүк, уурдоо аракеттеринде жана башка өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер боюнча. Окутуу жумушка уруксат берүүдө жана андан ары үзгүлтүксүз негизде, ошондой эле машыгуулардын натыйжалары боюнча жана аныкталган бузуулардан кийин жүргүзүлөт; объекттин ички документтери менен жумуштарга жана зоналарга уруксат берүүнүн тартиби, ачыкка чыгарбоо боюнча милдеттенмелер жана кирүүгө уруксатты чакыртып алуу жол-жоболору белгиленет.
6. Ушул Талаптардын сакталышын контролдоо (көзөмөлдөө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды берүүнү жана мындай жазма буйруктардын аткарылышын контролдоону кошкондо алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат; текшерүүлөрдүн натыйжалары акт (корутунду) менен таризделет жана белгиленген тартипте эсепке алынууга тийиш.
7. Патогендүү биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнологиянын продукттарынын үстүнөн контролду жоготууга, анын ичинде жоготууга, уурдоого, санкцияланбаган кирүүгө, сактоодо же ташууда таңгактын (контейнердин) бүтүндүгүн бузууга алып келген же коркунуч туудурган физикалык коргоонун инциденттери жөнүндө, ошондой эле физикалык коргоонун башка бузуулары жөнүндө маалымат өз ара аракеттенүү жана чара көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте токтоосуз ведомстволор аралык алмашууга жатат.
8. Бул Талаптарды аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.