Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин «Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 29-сентябры № 63-3
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жаратылыш газын пайдалануу тартибин жөнгө салуу жана газ менен жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен өз ара мамилелерин тартипке келтирүү, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу маселесине бирдиктүү мамиле кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 15-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
– Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелери ушул буйруктун
2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмү:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 17-октябрындагы № 152 “Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланды
Министр
Т.Ө. Ибраев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери (Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилди 1-тиркеме)Правила · 29.09.2025 · № 63-3
- Жаратылыш газын эсепке алуу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилди 2-тиркеме)Правила · 29.09.2025 · № 63-3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 17-октябрындагы № 152 “Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин” жана “Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин”…Приказ · 17.10.2015 · № 152