Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери (Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин буйругу менен бекитилди 1-тиркеме)
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилген 1-тиркеме
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери
1-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
1..Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери (мындан ары – Эрежелер) жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн, газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү (газ менен камсыздоочу) уюмдардын өз ара мамилелерин аныктайт.
Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана жаратылыш газын (мындан ары – газ) ташып келүү, берүү (жеткирүү), бөлүштүрүү, сатуу жана пайдалануу, ошондой эле газ пайдалануучу жабдуу жана газ эсептөө түйүндөрүн куроо, газ керектөөчү жабдууну режимдик-жөндөө жана агытып жөндөө иштерин өткөрүү менен иш алып баруучу жеке ишкерлер, физикалык жана юридикалык жактар үчүн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү. Бул Эрежелер газды ташып келүүдө, жеткирүүдө, бөлүштүрүүдө, сатууда жана пайдаланууда аны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт.
2-бөлүм. Терминдер жана аныктамалар
2..Бул Эрежеде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар.
1).Тиричилик керектөөчү – келишимдин шарттарына ылайык газды тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланган физикалык жак.
2).Бюджеттик керектөөчү – мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн, республикалык же жергиликтүү бюджет каражатттарынын эсебинен каржылануу менен газды күйүүчү отун же чийки зат катары колдонуучу мамлекеттик же муниципалдык орган, же юридикалык жак.
3).Газ – метан жана алда канча оор көмүрсуутектен, азоттон, көмүр кычкыл газынан, суу бууларынан, күкүрттүү кошулмалардан, инерттүү газдардан турган газ сымал аралашма.
4).Газ өндүрүүчү уюм – газды өндүрүү (чыгаруу), кайра иштетүү, сактоо, ташуу, керектөөчүгө сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана белгиленген эрежеге ылайык ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
5).Газ транспорт уюму – магистралдык газ түтүктөрдү жана алардагы курулмаларды пайдаланган жана жаратылыш газын ташуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
6).Газ бөлүштүрүүчү (газ менен жабдып туруучу) уюм – газ бөлүштүрүү тутумун пайдаланган жана жаратылыш газын бөлүшүтүрүү, сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
7).Газ керектөөчү жабдуу – технологиялык жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн жаратылыш газын пайдаланган,ошондой эле жылытуу, ысык суу менен камсыздоо, тамак даярдоо үчүн калк колдонгон түзүлүштөрдүн топтому.
8).Газ түтүктүн баланстык таандыгынын чеги (менчиктин чеги) – жабдып туруучу менен керектөөчүнүн ортосунда газ түтүктү менчик, ижара белгилери боюнча бөлүү чеги, ал тейлөө тилкелерин чектөө акты менен (коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүлөр үчүн) же тиешелүү келишимдин шарттары менен таризделет.
9).Пайдаланууга берүү жоопкерчилигинин чеги – пайдалануу жана техникалык тейлөө милдетине (жоопкерчилигине), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жана келишимде чагылдырылган обьекттин газ менен камсыздоо системасынын элементтерин бөлүү чеги.
10).Дебитордук карыз – керектөөчүлөр жабдуучуга төлөй турган карыздардын суммасы.
11).Заказчы – газ менен камсыздоо системасына биригүү үчүн долбоордук документтерди заказ кылуучу жеке же юридикалык жак.
12).Коммерциялык керектөөчү – газды күйүүчү отун же чийки зат катары пайдалануучу жекече ишкер же юридикалык жак.
13).Одорант – кескин мүнөздөгү жытка ээ зат; газдын чыгып жаткандыгын өз учурунда аныктоо максатында газга кошулат.
14).Акыркы эсептешүү (окончательный расчет) – келишимдин шарттары менен аныкталган эсептик мезгилдин соңунда жеткирилген газ үчүн болгон төлөм.
15).Газ берүүнү токтотуу – берүүчү газ түтүгүндө дисктик өчүрүүчү орнотмосу бар өчүрүүчү түзүлүштү жабуу жолу менен газ жеткирүүнү токтотуу жана ага пломбо кою же газ түтүктөрүн кыркуу.
16).Газды берүүдө тыныгуу – керектөөчүгө газ берүүнү 1 суткадан көп токтотуу.
17).Төлөм документи – негизинде келишимдин тараптарынын ортосунда каржы эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм тапшырыгы, билдирүү, төлөнүүчү эсеп.
18).Алдын ала төлөө – газга жана газды берүү (ташуу) боюнча кызматтарга алдын ала төлөө, келишимдин шарттары менен аныкталат.
19).Газды эсептөө аспабы – бир же бир нече милдеттерди аткарган өлчөө каражаттары: өлчөө, чогултуу, сактоо, чыгым (көлөм), температура, газдын басымы жана алеттердин а.и. газды эсептөөнүн тиричилик алеттеринин (газ эсептегичтин) иштөө убактысы жөнүндө маалыматты чагылдыруу.
20).Газ керектөөчү жабдууну пайдаланууга өткөрүп алуу – газ керектөөчү жабдуунун пайдаланууга даярдыгын аныктаган, белгиленген үлгүдөгү актка кол коюу менен аяктаган жол жобо.
21).Жабдуучу – керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүүнү жана сатууну камсыз кылган газ чыгаруучу, газ транспорт, газ бөлүштүрүүчү уюм.
22).Газ керектөөчү (абонент, суб керектөөчү) – газды жабдуучудан сатып алып, аны келишимдин негизинде күйүүчү отун жана/же чийки зат катары пайдалануучу физикалык же юридикалык жак.
23).Долбоордук документтер – тексттик жана графикалык материалдардан туруп, архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу документтер.
24).Агытып жөндөө иштери – агытууга даярдоо жана газ керектөөчү жабдууну коммуникациялар жана арматура менен агытуу, газ керектөөчү жабдуунун жүгүн уюм – жабдуунун ээси менен макулдашылган деңгээлге жеткирүү, ошондой эле газ керектөөчү жабдуунун отун режимин жөндөө иштеринин комплекси.
25).Газ пайдалануу режими – бул отчёттук мезгилге карата газ керектөө параметрлери (басым, чыгым жана газ керектөөнүн мүмкүн болгон көлөмү).
26).Режимдик-жөндөө иштери – жаратылыш газын керектөөнүн долбоордук (паспорттук) көлөмүн жумушчу жүктөмүнүн диапазонуна жеткирүү максатында газ керектөөчү жабдууну жөндөө, отунду күйгүзүү процессин, көмөкчү жабдууну автоматтык тескөө каражаттарын жөндөө иштеринин топтому.
27).Режим картасы – режимдик-жөндөө жана баланстык текшерүүлөрдүн негизинде түзүлгөн, күймөлөрдүн жана казандардын ишинин негизги оперативдик жана контролдук параметрлерин, пайдалуу аракеттердин коэффициентинин маанилерин (ПАК), ар түрдүү өндүрүмдүүлүктө отундун салыштырмалуу сарпталышын, коопсуздук жана жөнгө салуу автоматикасы менен көзөмөлдөнүүчү параметрлердин чек маанилерин камтыган документ.
28).Камдык (авариялык) отун – жаратылыш газын берүүнү чектөөдө же токтотууда колдонуу үчүн арналган отун.
29).Эсептешүү мезгили – пайдаланылган газдын саны аныкталган жана керектөөчү менен жабдып туруучунун ортосунда пайдаланылган газга өз ара эсептешүү жүргүзүлгөн убакыт арылыгы. Тараптар макулдашкан эсептешүү мезгили келишимде көрсөтүлөт.
30).Газ менен жабдуу тутуму – газ транспорт, газ бөлүштүрүүчү уюмдардын менчигинде же башка мыйзамдык негизде таандык болгон магистралдык жана/же газ бөлүштүрүүчү түтүктөрдү жана/же газ бөлүштүрүүчү тармактарды өз ичине камтыган, жабдуучу ишкана менен керектөөчүнү бириктирген газ түтүктөрдүн системасы.
31).Газды жеткирүүнүн орто суткалык ченеми – жеткирүүнүн бир айлык көлөмүн ошол айдын күндөрүнүн санына бөлүү жолу менен аныкталган газдын жеткирүү көлөмү.
32).Субкеректөөчү – жабдып туруучу менен (негизги керектөөчү менен макулдашылган) жаратылыш газын жеткирүүгө келишими жана газ түтүктөрдүн баланстык таандык чеги бар, негизги керектөөчүнүн газ өткрөгүчүнө түздөн-түз кошулган жеке же юридикалык жак.
33).Техникалык шарттар – инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти кошуу үчүн зарыл болгон талаптарды, анын ичинде кошуу чекитин, жол берилген жүктү (кубаттуулукту), камсыздоо булагын, берилүүчү ресурстун же чыгарылуучу продуктунун параметрлерин, жонго салуу ыкмасын жана графигин аныктоочу жана анын колдонуу мөөнөтү ичинде арыз ээсинин кошулуу укугун кепилдеген документ.
34).Техникалык тапшырмалар – архитектура жана курулуш боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилип, өзүнө курулуш аянтын тандоо, инженердик-техникалык шарттарды, топогеодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөө материалдарын, обьекттин курулуш бөлүгүн жана газ пайдалануучу жабдуулардын тизмесин камтый турган документтердин топтому.
35).Күйүүчү режим – негизги же резервдик катары керектөөчүнүн кайсы бир күйүүчү отунду пайдалануусу.
36).Газ ташуу – газ менен камсыздоо системасы боюнча газды ордунан жылдыруу жана берүү.
37).Газ эсептөө түйүнү – газдын санын эсепке алууну, ошондой эле контроль жана анын параметрлерин каттоону камсыз кылган түзүлүштөрдүн жана өлчөө каражаттарынын топтому.
38).Форс-мажор кырдаалдары – жабдып туруучу же керектөөчүгө келишим боюнча өз милдеттерин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген, өзгөчө жана ушул жагдайда каршы келгис кырдаалдардан келип чыккан окуялар, анын ичинде (өзгөчө эмес) өрт, суу ташкыны, жер титирөө ж.б. табигый кырсыктар, аскердик иш-аракеттер.
3-бөлүм. Жаратылыш газын жеткирүүгө
келишим түзүүнүн эрежеси
3..Жабдуучу жана керектөөчү (коммерциялык, бюджеттик жана тиричилик керектөөчү) ортосундагы өз ара мамилелер тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери көрсөтүлгөн келишим менен жөнгө салынат.
4..Газ берүү келишимин түзүү үчүн коммерциялык, бюджеттик керектөөчү жабдуучуга төмөндөгүдөй документтерди берет:
1).объекттин аталышы, газды керектөөнүн мерчемделген көлөмү көрсөтүлгөн арыз;
2).газ керектөөчү жабдуунун аталышы, түрү жана саны жөнүндө маалыматтар, бир жабдуунун номиналдык газ чыгымы, газдын жалпы сааттык керектөөсү, газ керектөөчү жабдуунун иштөө убактысы жөнүндө маалыматтар;
3).уюштуруучулук документтердин көчүрмөсү;
4).газ менен камсыздоого карата долбоордук документация.
5..Субкеректөөчүлөр (эгерде алар болсо) жана/же күйүүчү отундун резервдик түрү (эгерде ал болсо) жөнүндө маалымат сөзсүз түрдө келишимге киргизилиши керек.
6..Газ жеткирүүнүн келишимдик милдеттери жабдуучу тарабынан берилген газ менен камсыздоо системине кошулуунун техникалык шарттарында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашпоого тийиш. Андай болбогон учурларда бул Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы
№ 93-нпа “Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженерднк тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген “Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери” 2-тиркемене ылайык жаңы техникалык шарттар алынышы керек.
7..Жабдуучунун макулдугун алып, андан соң аны менен келишим түзүү жолу аркылуу гана негизги керектөөчү кошулган газ түтүгү аркылуу субкеректөөчүгө газ бере алат. Келишимде субкеректөөчүгө берилгенден сырткары өздүк керектөө үчүн зарыл болгон газдын жалпы (суммардык) көлөмү тууралуу маалымат камтылат.
8..Тиричилик керектөөчү үчүн газ жеткирүү жана аны пайдалануу мезгилиндеги тараптардын өз ара мамилелери бул Эреженин 3-тиркемесине ылайык тиричилик керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүү келишими аркылуу жөнгө салынат. Акцепт түзүлгөн мезгил болуп керектөөчүнү жабдуучунун газ менен камсыздоо түйүнүнө иш жүзүндө кошкон күн жана/же жабдуучунун газ менен камсыздоо түйүнүнө кошулган кыймылсыз мүлккө карата укукка (мыйзамдарда каралган негизде менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу) ээ болгон учур саналат.
Эгерде жарактуу мөөнөтү бүткүчө тараптардын бири аны токтотуу тууралуу ниетин билдирбесе, жаратылыш газын жеткирүүгө карата түзүлгөн келишим ошол эле шарттар менен ошол эле мөөнөткө узартылган болуп саналат. Газ менен камсыздоо түйүнүнө кошулуу үчүн кызыктар болгон жеке тарап (мындан ары – арыз ээси) кат жүзүндө газ менен камсыздоо системасынын түйүндөрүнө кошулуу тууралуу жабдуучуга кайрылат. Мындай шартта жабдуучу кабыл алуу жана карап чыгуу боюнча керектөөчүгө баш тартууга укугу жок. Арыз өзүнө келишимге кошулуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт жана алардын тизмеси жабдуучулардын ички ченемдик актыларынын негизинде бекитилет. Жабдуучу арыз ээсине газ берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнүн бар же жок экендигин, ошондой эле берилген документтердин комплектүүлүгү менен туура же туура эместигин жана камтылган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерет.
9..Мүлк ажыратылгандан кийин анын жаңы ээси менен (тиричилик керектөөчү менен) жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишим (бул Эрежелерге карата 3-тиркеме), ал тууралуу түзүлгөн бүтүм (сатып алуу-сатуу, белекке берүү, алмашуу ж.б.) мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тартып, тагыраак айтканда, жаңы ээси (тиричилик керектөөчү) жаратылыш газын жеткирүү тууралуу келишимди бузуу жөнүндө кат жүзүндөгү арызы менен жабдуучуга кайрылгычакты жарактуу деп саналат.
4-бөлүм. Керектөөчүгө газ жеткирүү
жана газ пайдалануу режими
10..Жабдуучу түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык керектөөчүгө газды жеткирүүгө жана газ пайдалануунун белгиленген режимдерин сактоого көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү.
11..Газды жеткирүүнүн келишим көлөмүн өзгөртүү зарылдыгы болгондо, бюджеттик жана/же коммерциялык керектөөчү ошол айдын
20-күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кийинки айды берилүүчү газ көлөмүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жабдуучуга кайрылат. Газ жеткирүүнүн келишимдик көлөмүн түзөтүү газ пайдалануу режиминин мүмкүн болгон өлчөмүндө жүзөгө ашырылат. Андай болбогон учурларда газ түтүгүнө кошулуу үчүн техникалык шарттарды өзгөртүү зарылчылгы келип чыгат.
12..Газ берүүгө чектөөлөр киргизилген шартта, зарылчылыкка жараша, жабдуучу газ берүүнү чектөө же керектөөчүлөрдү газ жабдуусунан өчүрүү боюнча графикти иштеп чыгат жана белгиленген тартипте ишке киргизет.
Газ берүүнү чектөөдө же авариялык кырдаалдарда газ берүүнү чектөө жана/же өчүрүү графиги биринчи кезекте дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө карата колдонулат.
13..Газ түтүгүнө жана курулмаларына пландуу оңдоо иштерин өткөрүүдө жабдуучу бардык ыкмаларды пайдалануу менен керектөөчүнү газ берүүнүн токтотулушу тууралуу 3 күн мурда эскертет.
14..Газды өчүрүлүп же чектөө киргизилген учурларда керектөөчү күйүүчү отундун резердик түрүнө өтүүсү зарыл.
15..Эреже бузулган учурларда керектөөчүгө газ берүүнү токтотуу же чектөө боюнча жабдуучунун иш-аракеттеринин тартиби бул Эреженин
1-тиркемесинде каралган.
5-бөлүм. Газ керектөөчү жабдуулар менен
газ тармактарын пайдалануудагы тараптардын өз ара мамилелери
16..Менчиктин баланстык таандыгынын чеги – менчик, ижара же пайдалануу белгилери боюнча жабдуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы газ түтүктүн бөлүнүү линиясы. Коммерциялык жана тиричилик керектөөчү үчүн менчиктин баланстык таандыгынын чеги баланстык таандыкты чектөө актысы менен таризделет. Тиричилик керектөөчү үчүн менчиктин баланстык таандык чеги тиешелүү келишимдин шарттарына ылайык аныкталат.
17..Пайдаланууга берүү жоопкерчилигинин чеги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1).коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчү үчүн – анын балансында турган газ түтүктөр, газ керектөөчү жабдуулар, газ эсептөө аспаптар, ошондой эле аларга коюлган пломбалар жана тагылган кайыштар;
2).тиричилик керектөөчүлөрү үчүн – жеке турак жайлардын короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системалары жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн батир ичиндеги газ менен камсыздоо системалары, ошондой эле газ керектөөчү жабдуулар (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күйгүчтөр).
Газдын жыты же крандардын, газ түтүктөрүнүн жана газ керектөөчү жабдуулардын бузулушунун тышкы белгилери байкалса, тиричилик керектөөчүсү дароо Жубдуучуга кайрылат. Аларды техникалык тейлөө жана оңдоо Жубдуучу тарабынан керектөөчүнүн өтүнмөсү боюнча, Жубдуучунун белгиленген тартипте макулдашылган баалар тизмесине ылайык, акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт;
3).тиричилик керектөөчүсүнүн алдында Жубдуучу үчүн – газды эсептөө аспабы жана менчикке таандыктыктын баланстык бөлүштүрүү чегине чейинки газ менен камсыздоо системасы.
18..Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарына жана керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде, жеке турак жайлар үчүн газды эсептөө аспаптын, пломбалардын жана кирүүдөгү крандын, анын ичинде Жубдуучунун менчигинде турган башка коргоочу каражаттардын сакталышына, ошондой эле анын ишине кийлигишпөөсүнө тиричилик керектөөчүсү жооп берет.
19..Көп батирлүү турак үйлөрдүн ички газ менен камсыздоо тутумуна техникалык тейлөө жүргүзүү жоопкерчилиги, жашоочулардын үлүштүк менчигинде турган, газ керектөөчү жабдуулардан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын 54961:2019 мамлекеттик стандарты боюнча Жубдуучу тарабынан ишке ашырылат.
20..Тиричилик керектөөчүсүнө таандык газ керектөөчү жабдууларга техникалык тейлөө керектөөчү менен макулдашылган мөөнөттө, керектөөчүнүн арызы боюнча, Жубдуучунун белгиленген тартипте макулдашылган баалар тизмесине ылайык, акы төлөнүүчү негизде Жубдуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Керектөөчүдөн келип түшкөн авариялык мүнөздөгү буйрутмалар жабдуучу тарабынан акысыз жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
21..Керектөөчүгө жабдуучу менен макулдашуусуз батир ичиндеги, короо ичиндеги жана үй ичиндеги газ түтүктөрүн жана аларга курулмаларды өз алдынча туташтырууга, жылдырууга жана кайра орнотууга тыюу салынат.
22..Тиричилик керектөөчүлөрүнүн жер тилкелери аркылуу өткөн орто жана төмөн басымдагы газ түтүктөрү жана алардагы курулмалар керектөөчүнүн арызы боюнча жана анын эсебинен жабдуучу тарабынан жылдырылышы мүмкүн.
23..Үзгүлтүксүз коопсуз газ менен камсыз кылуу максатында, керектөөчү милдеттүү:
1).Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Эреженин, жаратылыш газын эсепке алуу Эрежелеринин, жаратылыш газын берүү келишиминин шарттарын жана жаратылыш газын керектөөчүлөргө берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын жана ченемдерин сактоого;
2).келишимдин жана Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелеринин талаптарына ылайык, жеткирилген газды эсепке алууну камсыз кылууга;
3).келишимде жана ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө аткарылган иштер жана иш жүзүндө жеткирилген газ үчүн жабдуучуга өз убагында акы төлөөгө. Ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык эсептелинген, көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргендиги үчүн жабдуучуга туумду төлөөгө;
4).газ түтүктөрүн, газ керектөөчү жабдууларды, газды эсептөө аспаптарын жарактуу абалда кармоого, орнотулган пломбалардын жана башка коргоочу каражаттардын сакталышын камсыз кылууга, аларды алууну жабдуучунун уруксаты жана катышуусунда акт түзүү менен гана жүргүзүүгө;
5).керектөөчүгө таандык болгон газды эсептөө аспаптардын, газ керектөөчү жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча жабдуучунун эскертүүлөрүн аткарууга;
6).газды эсептөө аспаптын, газ керектөөчү жабдуунун ишиндеги бардык бузулуулар жана кемчиликтер, пломбалардын бузулушу же жулунуп кетиши ж.б.у.с. жөнүндө жабдуучуга токтоосуз билдирүүгө;
7).жабдуучунун ушул Эрежелерге карама-каршы келген иш-аракеттери тууралуу фактыларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;
8).жабдуучуга келишимде белгиленген мөөнөттө газды эсептөө аспаптын көрсөткүчтөрүн берүүгө.
24..Ушул Эрежелердин 23-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).газ керектөөчү жабдууларды, газ түтүктөрүн жана аларда жайгашкан курулмаларды эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык иштетүүнү камсыз кылууга;
2).газ керектөөчү жабдууларга жана газды эсептөө аспаптарына долбоордук документтери, техникалык мүнөздөмөлөрү жана паспорттору, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча өндүрүштүк нускамалары болуусун камсыз кылууга;
3).газ чарбасы боюнча адистештирилген кызматы жок болгон учурда, газ керектөөчү жабдууларга жана газ түтүктөрүнө тейлөө жүргүзүү үчүн газ чарбасындагы жумуштарды аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына окуудан өтүүгө жана белгиленген тартипте жана мөөнөттө экзамен тапшырууга;
4).автоматика каражаттарын, көзөмөлдөө-өлчөөчү аспапттарын, газды эсептөө аспаптарын техникалык жактан жарактуу абалда кармоо
жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтому менен бекитилген Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүнө ылайык белгиленген мөөнөттө текшерүүдөн өткөрүүгө;
5).газ керектөөчү жабдуулардын автоматика каражаттарын учурдагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык пландаштырылган алдын алуучу оңдоону жүргүзүүгө;
6).резервдик (авариялык) отун жабдууларынын резервдик отун менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылууга;
7).газ керектөөчү жабдууларды иштетүү жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык режимдик-жөндөө иштерин жүргүзүүгө;
8).ар бир агрегат үчүн режимдик-жөндөө иштеринин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн режимдик карталары болуу жана газ керектөөчү жабдууларды аларга ылайык эксплуатациялоону камсыз кылууга;
9).кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен дем алыш жана майрам күндөрүн кошо алганда, сутканын каалаган убагында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга жана газды пайдаланууну, газды эсептөө аспапттарынын абалын көзөмөлдөө үчүн жабдуучу уюмдун кызматкерлерин коштоп жүрүүгө;
10).жабдуучунун кызматкерлери тарабынан аныкталган бузулууларды жоюуга;
11).келишимде белгиленген отчеттук мезгил ичинде газды керектөөнүн көрсөтүлгөн көлөмүнөн ашпоого.
25..Ушул Эрежелердин 23-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, тиричилик керектөөчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).жеке турак жай үйлөр үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системаларын жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн батир ичиндеги газ менен камсыздоо системаларын, ошондой эле газ керектөөчү жабдууларды (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күйгүзгүчтөр) колдонуудагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
2).газ түтүгүн туташтыруу (алмаштыруу, оңдоо) үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылууга. Газды эсептөө аспапты жабдуучу менен макулдашуусуз туташтырууга же алмаштырууга жол бербөөгө;
3).кызматтык күбөлүгүн жана жазуу жүзүндөгү негиздемени көрсөткөн учурда, жабдуучунун кызматкерлерин өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн саат 8:00дөн 21:00гө чейин камсыз кылууга төмөнкү учурларда:
–.газ түтүгүн жана бардык газ жабдууларын, пломбалардын жана газды эсептөө аспаптарынын башка коргоочу каражаттарынын бүтүндүгүн текшерүү, газды эсептөө аспаптарынын көрсөткүчтөрүн алуу үчүн, көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринде айына 1 жолудан көп эмес, ал эми жеке турак үйлөрдө – айына 2 жолудан көп эмес; –.газ түтүктөрүн жана газ керектөөчү жабдууларды орнотуунун долбоордук документтерге шайкештигин текшерүү үчүн;
4).жабдуучунун кызматкерлерине кызматтык күбөлүгүн жана газ керектөөчү жабдууларды өчүрүү (кошуу) боюнча иштерди аткаруу үчүн жазуу жүзүндөгү негиздемесин көрсөткөндөн кийин, өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн камсыз кылууга;
5).төмөнкү учурларда жабдуучунун кызматкерлерине кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин, сутканын каалаган убагында өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн камсыз кылууга:
–.өзгөчө кырдаалдарда; –.авариялардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн; –.газ түтүгүнүн долбоордук документтерге дал келбегендигинен улам өзгөчө кырдаалдын (жарылуу, өрт жана башка) алдын алуу максатында;
6).газдын агып кетүүсүн байкаганда жана/же башка авариялык кырдаалдарда жабдуучунун авариялык кызматына кайрылууга;
7).газ керектөөчү жабдуунун, мордун жана/же желдетүү каналынын иштөөсүн колдонуудагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
8).жеткирилген жаратылыш газын колдонууну токтотууну каалаганда, жабдуучуга келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча карыздарды төлөөгө;
9).жеке турак жай үйлөрүндө газдаштыруу боюнча долбоордук документтердин болуусун камсыз кылууга;
10).газ эсепттөө асапаптын көрсөткүчтөрүн жабдуучуга ай сайын билдирип турууга. Газ эсепттөө асапаптын көрсөткүчтөрүн жабдуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жабдуучунун аларды ишенимдүү түрдө алышын камсыз кылган ар кандай жеткиликтүү ыкма менен берүүгө;
11).электрондук карта жоголгон, бузулган учурда (электрондук картасы бар газды эсептөө аспап болсо), өз эсебинен жабдуучунан башка электрондук карта сатып алууга;
12).газды эсептөө аспаптын электрондук бөлүгүндө иштебей калуу фактысы аныкталганда, жабдуучунун техникалык корутундусуна ылайык, жабдуучу тарабынан газды эсептөө аспаптын электрондук картасы бар механикалык интегратору боюнча эсептелген жеткирилген жаратылыш газы үчүн төлөм жүргүзүүгө;
13).жабдуучуга узак мөөнөткө (1 айдан ашык) жок болуу жана жаратылыш газын колдонбоо тууралуу тиешелүү арыз берип кабарлоого;
14).текшерүүгө алынган газды эсептөө аспаптын транспорттук тарасын ачууга жана комиссиялык текшерүүгө катышуу үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде келүүгө.
26..Керектөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1).газды үзгүлтүксүз жана коопсуз алууга;
2).газдын тарифтери, көрсөтүлүүчү кызматтардын баалары жана колдонулган материалдар боюнча, ошондой эле керектөөчүнүн кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер боюнча жабдуучунан ишенимдүү маалымат алууга;
3).газ керектөөчү жабдууларды жана газ түтүгүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштеринин өз убагында аткарылышына:
–.тиричилик керектөөчү тарабынан жабдуучуга берилген өтүнмөгө жана бекитилген баалар тизмесине ылайык; –.коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн техникалык тейлөө боюнча түзүлгөн келишимге ылайык;
4).жабдуучунун ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирген маселелерди чечүү үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылууга;
5).газ менен камсыздоо убактылуу токтотулганда, төлөм документте (эсепте) каталар жана так эместиктер аныкталганда, эсептелген төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөө боюнча арыз менен жабдуучуга кайрылууга;
6).коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүдө газ түтүктөрүн, газ керектөөчү жабдууларды, газды эсептөө аспаптарды техникалык тейлөө кызматы жок болгон учурда, газ чарбасын техникалык тейлөө боюнча жабдуучу менен келишим түзүлгөнгө чейин жаратылыш газын берүүнү өчүрүүгө арыз берүүгө.
Эгерде керектөөчү жаратылыш газын берүүнү өчүрбөгөндө, техникалык тейлөө келишимин түзбөгөндө, жабдуучу газ берүүнү токтото алат;
7).келишимдин шарттарын жабдуучу талаптагыдай аткарбаган учурда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана сотторго кайрылууга.
27..Газ менен үзгүлтүксүз жана коопсуз камсыз кылуу максатында жабдуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).газ ташуучу уюмунан жыттандырылган газды жеткирүүнү талап кылууга жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык газдын жытынын интенсивдүүлүгүн мезгил-мезгили менен көзөмөлдөөгө;
2).республикага газды жеткирүүчү уюм тарабынан жүргүзүлгөн газдын анализинин жыйынтыгын газ ташуучу уюмга он күндө бир жолу, ал эми коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүгө (зарыл болгон учурда) берүүгө;
3).газ менен камсыздоодогу чектөөлөргө, үзгүлтүктөргө, газ берүүнүн токтотулушуна байланыштуу бардык өзгөрүүлөр жөнүндө газ ташуучу уюмга ыкчам кабарлап турууга;
4).газ берүүнү кыскартуунун же токтотуунун себептерин жана газ менен камсыздоонун кадимки режими качан калыбына келтирилерин билдирүүгө. Адамдардын өмүрүнө же материалдык зыянга коркунуч туулса, газ түтүктөрүн газ менен камсыздоо системасынан дароо ажыратуу боюнча чараларды көрүүгө;
5).керектөөчүгө газ берүүнү токтотууну пландаштыруу жөнүндө газ ташуучу уюмга өчүрүү учуруна чейин 3 сутка калганда жазуу жүзүндө билдирүүгө;
6).газ куурунун жана/же андагы курулмаларды оңдоого арыздарды газ ташуучу уюм менен оңдоо иштерин жүргүзүүгө 3 суткадан кечиктирбестен макулдашууга;
7).керектөөчүгө газ берүүнү пландаштырылган чектөөлөр же токтотуулар жөнүндө 3 сутка мурда, себептерин жана тыныгуу мөөнөтүн көрсөтүү менен, бардык жеткиликтүү ыкмалар менен кабарлоого;
8).газдын тарифинин өзгөргөндүгү жөнүндө керектөөчүгө тарифтер күчүнө киргенге чейин 10 күндөн кечиктирбестен маалымдоого;
9).керектөөчүнүн арызы боюнча газ менен убактылуу камсыз болбогон учурда, каталар жана так эместиктер аныкталган төлөм документте (эсепте) көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөөгө.
Газды эсептөө аспабы жок керектөөчүгө жеткирилген газ үчүн кайра эсептөө жүргүзүүгө, эгерде: –.жылытылуучу аянтты, бул даректе жашаган адамдардын саны өзгөрсө. Керектөөчү бул тууралуу жабдуучуга болгон фактыдан кийин бир айдан кечиктирбестен, жазуу жүзүндө, тастыктоочу документтерди тиркөө менен кабарлоого тийиш; –.керектөөчү жана аны менен бирге бул даректе жашаган бардык башка адамдар бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу чыгып кеткенде, кайтып келгенден кийин бир айдын ичинде жабдуучуга тастыктоочу документтер (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, командировкалык күбөлүк) менен арыз берилсе, газ үчүн төлөм алынбайт. Документтердин жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин алар жабдуучу тарабынан каралбайт жана кайра эсептөө жүргүзүлбөйт;
10).керектөөчүгө иш жүзүндө жеткирилген газга төлөө боюнча карызы үчүн газ берүүнү токтотуу жөнүндө, өчүрүүгө 3 суткадан кем эмес убакыт калганда, жазуу жүзүндө билдирүүгө;
11).керектөөчүнүн арызы боюнча, керектөөчү газ үчүн карызын, туумун жана кошуу кызматтары үчүн төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, ага газ берүү кезектүүлүк тартибинде калыбына келтирилет;
12).ай сайын коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүдөн газ эсептөөчү аспаптын көрсөткүчтөрүн акт түзүү менен алуу;
13).газ түтүгүн долбоордук документтерге ылайык, газды эсептөө аспабын текшерүүгө, ошондой эле газ керектөөчү жабдуулардын долбоорго шайкештигин текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсепке алуунун тууралыгын аныктоого;
14).текшерүүнүн жыйынтыгына карабастан, эки тараптуу акт түзүп, бир нускасын коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүгө, ал эми тиричилик керектөөчүсүнө бузуулар аныкталган учурда тапшырууга;
15).ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү аткарууга, ченемдик документтерди жана ушул Эрежелердин талаптарын бузууга жол бербөөгө;
16).Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө керектөөчүнүн арызына жооп берүү.
28..Ушул Эрежелердин 27-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, берүүчүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1).ишенимдүү газды эсептөө аспабын тиричилик керектөөчүсүнө кезек тартибинде алгачкы (акысыз негизде) орнотуу;
2).жеткирилген газ үчүн ай сайын төлөм эсебин (өткөн календардык ай үчүн) тиричилик керектөөчүсүнө кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берүү;
3).керектөөчүнүн катышуусунда газ менен камсыздоо тутумун, газды эсептөө аспабын кароо, газды эсептөө аспабын орнотуу, аны текшерүүгө же оңдоого алып салуу, газды эсептөө аспабын пломбалоо, эсептөө механизмин коргоочу талон менен чаптоо актысын түзүү;
4).керектөөчүнүн менчигинде турган газ менен камсыздоо тутумунун, анын ичинде мордун, желдетүү каналдарынын жана газ жабдууларынын техникалык жактан оң абалда болушун жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү эскертүүлөрдү берүү;
5).газ менен тиричиликте коопсуз пайдалануу боюнча газ менен камсыздоого документтерди тариздөөдө инструктаж өткөрүү;
6).газ эсептөө аспабын текшерүүгө жана алмаштырууга алуу жөнүндө тиричилик керектөөчүсүнө 7 календардык күндүн ичинде эскертүү;
7).жабдуучунун газ эсептөө аспабын андан ары тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок (газ эсептөө аспаптарынын өндүрүштө токтотулушу, газ эсептөө аспаптарын эксплуатациялоо үчүн запастык бөлүктөрдүн, шаймандардын жана таандыктардын жоктугу ж.б.), алмаштырылган газ эсептөө аспаптын эксплуатациялоодон чыкан (өндүрүштүк брак, эксплуатация учурунда аныкталган өндүрүүчү белгилеген ченөө катасынын өлчөмүнөн ашканда ж.б.) жана жабдуучу тарабынан алдыңкы технологияларды жана жабдууларды киргизүүнүн негизинде уюмдун газ бөлүштүрүүчү системасынын техникалык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда газ эсептөө приборун алмаштыруу (жаңы газ эсептөө приборун алмаштыруу).
29..Жабдуучу укуктуу:
1).керектөөчүнү кабардар кылбай туруп газдын берилишин токтотуу жана ал үчүн төмөнкү шарттарда жоопкерчилик тартпоо:
–.газ системиндеги аварияларда; –.керектөөчүнүн мурда кесилген газ өткөрүүчү түтүккө өз алдынча кошулуусу, газ пайдалануучу кошумча жабдууну өз алдынча кошуу же газ жабдуусундагы аткарылган монтаждын долбоордук документтерге жооп бербөөсү; –.эгерде ал авариялык кырдаалдарды жаратуусу мүмкүн болсо керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдалануу фактысы катталганда; –.Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү токтотулганда же чектелгенде; –.газ эсептегичти текшерүү, алмаштыруу жана изилдөө үчүн керектөөчү тарабынан ага эркин кирүүнү камсыз кылуудан баш тарткан же камсыз кылбаган учурларда;
2).керектөөчүнү алдын ала эскертүү менен газдын берилишин азайтуу же токтотуу, бул үчүн төмөнкү шарттарда жоопкерчилик тартпоо:
–.берилген газ үчүн төлөмдөрдүн кечиктирилиши; –.газ түйүндөрү менен алардын курулуштарына карата пландуу оңдоо жана/же реконструкциялоо иштеринин жүрүшү; –.жабдуучу тарабынан берилген эскертүүлөрдүн керектөөчү тарабынан аткарылбашы; –.бул Эрежелердин 24-пункттун “9” жана 25-пунктунун “3” и “4” пунктчаларында каралган шарттарда жабдуучу кызматкерин керектөөчүнүн газ керектөөчү жабдуусуна жана газ эсептөө приборуна киргизбей койгондо; –.газ өткөрүүчү түтүк жана анын курулмаларынын кайтарууга алынган зоналары бузулганда; –.кайра монтаждоо аныкталганда, жабдуучунун макулдугу жок туруп газ пайдалануучу жабдуу менен газ өткөрүүчү түтүктү бир орундан экинчи бир орунга жылдырууда; –.керектөөчү төлөм жүргүзүүгө жөндөмдүү эмес деп табылганда; –.коммерциялык, бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен газ эсептөө приборлору пайдаланылганда; –.жабдуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү катышпай туруп, коммерциялык, бюджеттик керектөөчү тарабынан газ эсептөө түйүнү пайдаланууга киргизилгенде; –.газ өткөрүүчү түтүк жана газ пайдалануучу жабдууну тейлөө үчүн коммерциялык, бюджеттик керектөөчүнүн даярдыктан өткөн кызматкери жок учурда; –.бюджеттик керектөөчү тарабынан газдын лимиттен ашыкча пайдаланылганда; –.керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдаланылуу фактысы катталган учурларда. Бул пунктчанын тогузунчу жана он биринчи абзацтары менен аныкталган шарттарда, жабдуучу мыйзамдарда бекитилген мөөнөттө эскертүү берүү менен акт түзөт. Бул пунктчанын экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында аныкталган шарттарда, ошондой эле жабдуучу менен керектөөчү ортосундагы келишимде аныкталган шарттарда жабдуучу мыйзамдарда бекитиген мөөнөттө газ берүүнү токтотуу тууралуу керектөөчүгө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. Газ түйүндөрүнө жана алардын жабдууларына пландуу оңдоо жана/же реконструкция иштерин өткөрүү үчүн газ берүүнү токтотуу зарылчылыгы жаралса,жабдуучу кат жүзүндө керектөөчүнү эскертип, пландуу иштерди жүргүзүү учурунда ага газ берилбей тургандыгын жана анын мөөнөтүн макулдашуусу зарыл. Эгерде эскертүү алгандан кийин керектөөчү 5 күн ичинде газ берүүдөгү тыныгуу убактысын макулдашпаса, жабдуучу бул убакытты өз алдынча коюуга милдеттүү. Газ берүүдөгү тыныгуу керектөөчүгө 24 саат мурда өчүрүүлөр туурасында эскертүү берүү менен жүзөгө ашырылышы керек. Мындай шартта керектөөчү технологиялык процессти авариясыз токтотуу, адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана газ берүүнүн токтоп жаткандыгына байланыштуу жабдуулардын сактап калуу боюнча чараларды кабыл алуусу зарыл;
3).керектөөчүнүн катышуусунда газ эсептөө түйүнүнүн бардык түйүндөрү менен элементтерине, ошондой эле тыгындоочу арматурага пломба коюу жана акт түзүү;
4).бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык бул Эрежелердин талаптары менен келишим шарттары бузулганда газ берүүнү токтотуу же чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
5).келишим шарттары бузулган учурларда чектөө графигин киргизүү жана керектөөчүнү өчүрүү;
6).керектөөчүдөн бул Эрежелерди сактоосун, ошондой эле иш жүзүндө берилген газ көлөмүнө жана аткарылган иштерге өз учурунда төлөм жүргүзүүсүн талап кылуу;
7).төмөнкү учурларда керектөөчүнү газ менен камсыз кылуудан өчүрүү:
–.керектөөчүнүн газ өткөрүүчү түтүгүндө же газ керектөөчү жабдуусунда авариялык кырдаалдар жаралганда; –.жабдуучу тарабынан мурда берилген эскертүү жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйруктарынын керектөөчү тарабынан аткарылбашы; –.тиричилик керектөөчү тарабынан ченемдик документтердеги талаптардын бузулуусу;
8).бузулуулар табылган учурларда бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык жеткирилген газ көлөмү үчүн эсептешүү.
30..Жабдуучу керектөөчү алдында жооптуу эмес:
1).форс-мажордук кырдаалдардан улам келип чыккан, ошондой эле бул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн учурларда газ жеткирүүдөгү чектөөлөр, токтотуулар же тыныгуулар үчүн;
2).керектөөчүнүн туура эмес иштери үчүн: газ керектөөчү жабдууну өчүрүү, газ өткөрүүчү түтүк жана жабдуунунун механикалык бузулуусу, газ менен камсыздоодон өчүрүп салууга, өрткө, кырсык, материалдык чыгым жана башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү бул Эрежелердеги, ошондой эле ченемдик документтердеги эреже бузуулар;
3).керектөөчү тарабынан келишимде көрсөтүлгөн газ пайдалануу шарттарынын сакталбашы.
31..Бул Эрежелер менен келишимдин шарттары бузулган учурларда жабдуучу менен керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Глава 6.. Газ керектөөчү жабдууну пайдаланууда тиричилик керектөөчү (калк) менен жабдып туруучунун милдеттери
32..Жабдып туруучу түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык тиричилик керектөөчүгө газ жеткирүүгө жана газ берүүнүн белгиленген режимдерин сактоосуна көзөмөл жүргүзүү милдеттүү.
33..Батирдин, турак үйдүн менчик ээси алмашканда (турак үйдү сатып алуу-сатуу, алмашуу, белекке берүү) керектөөчү 10 күндүк мөөнөттө жабдып туруучуга кайрылууга, жаратылыш газын жеткирүү келишимин бузууга жана карызын (эгерде бар болсо) жабууга милдеттүү. Мындай болбогон күндө келишим мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тартып жабдуучу келишимди бир тараптуу түрдө бузууга укуктуу.
34..Тиричилик керектөөчү бул Эрежелерди, анын ичинде бул Эрежелерге карата № 5 Тиркемени, Жаратылыш газын эсептөө эрежелерди билүүгө, ошондой эле жаратылыш газын пайдалануу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аталган документтерди жетекчиликке алууга милдеттүү.
35..Юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган керектөөчү Кыргыз Республикасынын иштиктүү курулуш нормалары менен эрежелерине (КНЭ) ылайык жабдуучу менен газ жеткирүү боюнча тиешелүү келишим түзүүсү зарыл.
Мындай шартта жеткирилген газ үчүн эсеп коммерциялык керектөөчүгө берилган баа менен алынат жана газ эсептөө прибору аркылуу жүргүзүлөт. Коммерциялык керектөөчү катары келишим түзүүгө арыз берүү мөөнөтү аныкталгандан кийин үч күндөн ашпоого тийиш жана бул мөөнөт аяктаган соң керектөөчүгө газ жеткирүү токтотулуусу зарыл. Мындай шартта, жеткирилген газ көлөмү жабдуучу тарабынан газ эсептөө приборундагы акыркы көрсөткүчкө ылайык коммерциялык ишканаларга берилген тариф боюнча эсептелет.
36..Газ эсептөө приборун оңдоо же текшерүү үчүн чечип алуу менен жабдуучу керектөөчүгө газ эсептөөчү резервдик текшерилген приборду орнотуп берет жана бул туурасында акт түзөт. Ал эми газ үчүн чыккан эсеп газ эсептөөчү резервдик текшерилген прибордогу көрсөткүчкө ылайык жүзөгө ашырылат.
Текшерүү же оңдоо иштеринен кийин газ эсептөө приборун орнотуу жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт жана керектөөчүгө акт тапшырылат. Газ эсептөө приборуна оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин тиричилик керектөөчүгө оңдоо иштерин өткөргөн ишкананын техникалык корутундусу кошумча тапшырылат. Кандайдыр бир себептер менен газ эсептөө приборун чечип алуу акт түзүү менен ишке ашырылат жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: объектинин жайгашкан орду, керектөөчүнүн аты-жөнү, газ эсептөө приборунун номуру, ошол учурдагы көрсөткүчү, чечилип алынган пломбулардын номурлары, газ эсептөө приборун чечип алуунун себептери, иштеп жаткан бардык газ керектөөчү приборлор, газдын сааттык чыгымдалышы, жабдуучу кызматкеринин аты-жөнү жана ээлеген кызматы.
37..Тиричилик керектөөчүдө газ эсептөө алети жок болгондо (газ эсептөө алети орнотулбаган):
1).пайдаланылган газга эсептешүү калк тарабынан жаратылыш газын жылытууга, тамак даярдоого, ысык суу менен жабдууга керектөөнүн ыйгарым белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
2).газ менен жабдууда тыныгуу болгондо керектөөчү ошол күнү эле жабдуучуга бул тууралуу маалымдайт. Бул факт акт аркылуу таризделет жана ага тиричилик керектөөчү менен жабдуучу кызматкери кол коет.
Керектөөчүнүн кайрылуусу катталган мезгилден тартып жабдуучу кызматкери 6 сааттын ичинде келбесе, актыга үй комитети, кварталдык комитеттин төргасы же үй ээлеринин шериктештигинин төрагасы, ошондой эле арыздануучу менен жалпы газ өткөрүүчү түтүккө ээ эки тиричилик керектөөчү тарабынан кол коюлат. Тиричилик керектөөчүнүн газ менен камыздоодогу тыныгуу тууралуу бул актысы жана арызы газ төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгуулар үчүн негиз болуп саналат. Район же участканы газ менен камсыздоодон өчүрүү фактысы жабдуучунун авариялык-диспетчердик кызматынын журналында катталат. Жабдып туруучу келишимдин шарттарына ылайык тиричилик керектөөчүнү газ менен жабдууну калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө, газ менен жабдуу бир суткадан ашык тыныгууда пайдаланылган газдын көлөмүн кайтадан эсептешүүгө милдеттүү;
3). төмөнкү шарттарда жабдуучу жеткирилген газ үчүн керектөөчү менен кайра эсептешүүлөрү жүргүзөт:
–.жылытылуучу аянт, ошондой эле аталган дарек боюнча жашап жатышкан адамдардын саны өзгөргөндө тиричилик керектөөчү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен 1 айлык мөөнөттө бул туурасында жабдуучуга кат жүзүндө билдирүүсү керек; –.эгер ушул дарек боюнча жашаган Керектөөчү жана анын менен бирге тургандар бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу кетсе жана кайра кайткандан кийин бир айдын ичинде жабдып туруучуга ырастоочу документтерди (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, иш сапар күбөлүгү) тиркөө менен бул туурасында арыз берсе газга төлөм алынбайт; Бекитилген мөөнөт өткөндөн кийинки документтер жабдуучу тарабынан каралбайт жана кайрадан эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт;
4).турак жай узак мөөнөткө (1 айдан ашык) бошогон учурда тиричилик керектөөчү арыз жазуу жолу менен бул туурасында жабдуучуну кабардар кылат;
5).жеке курулуштагы үйлөрдү жылытуу мезгили башталганга чейин жабдып туруучу жабылуу бекитилген түзүлүшкө орнотулган жылылуу газ жабдуусуна (кранда же тыгында) орнотулган пломбду алат, жылуулук берүү мезгили аяктагандыгына байланыштуу газ керектөөчү жабдууну өчүрүү боюнча акт түзөт жана ага орнотулган пломбдун номурун көрсөтөт.
Тиричилик керектөөчүнүн арызы боюнча жылуулук берүү мезгилин өзгөртүүгө уруксат берилет.
6).жеке курулуштагы тиричилик керектөөчү жылытуу же башка муктаждыктар үчүн газ менен камсыздоодон баш тарткан учурларда жабдуучу акт түзүү менен жылытуу максатында коюлган газ керектөөчү приборду өчүрөт.
Тиричилик керектөөчүнү газ менен камсыздоодон өчүрүү иштери тиричилик керектөөчүнүн каражаттарынын эсебинен аткарылат жана аткарылыган иштер жабдуучунун прейскурантына ылайык жүзөгө ашырылат.
Глава 7.. Пайдаланылган газ үчүн эсептешүү
38..Газ эсептөө жабдуучу менен керектөөчүнүн (тиричилик керектөөчүдөн сырткары) менчик таандыгынын баланстык чегинде жүзөгө ашырылуусуз зарыл.
Эгер газ эсептөө приборлору бөлүнүү чегинде орнотулбаса, баланстык таандыктын чегинен керектөөчүнүн (тиричилик керектөөчүдөн башка) газ эсептөө прибору орнотулган жерге чейинки газ өткөргүчтүн тилкесинде газдын коромжусун эсепке алуу менен газга эсептешүү жүргүзүлөт. Жабдып туруучу керектөөчү менен бирдикте колдонуп жаткан газдын коромжусун аныктоо усулдугуна ылайык газ өткөргүчтөгү газдын коромжусун эсептейт. Керектөөчү менен керектөөчү субъекттин газ өткөргүчүндө газдын коромжусу алардын газ пайдалануу үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
39..Ар айдын 3-күнүнө чейин, кийинки отчеттук айга чейин (же келишимде айтылган мөөнөттөр боюнча), жеткирилген жана/же ташылган газдын көлөмү жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмү жөнүндө газ транспорт уюму жана/же Жабдып туруучу жана коммерциялык керектөөчү кол койгон жана мөөрлөрү басылган акт менен таризделет. Акт жеткирилген газ үчүн акыркы эсептешүү үчүн негиз болуп кызмат кылат, бирок тараптар актта көрсөтүлгөн жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмүнө карата актка кол коюлгандан кийин 10 күн ичинде өз оюн билдирип талашууга укуктуу.
Бул Эрежелерди бузуулар табылганда газ көлөмүн корректировкалоо мөөнөтү бул Эреженин 1-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат. Тараптардын бирөө жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмүнүн чоңдугу менен макул эмес болсо, ошол тарап жүйөлүү ой-пикирин айтуу менен актыга кол коет. Пикир келишпестиктер болгондо тараптар сотко кайрылууга укуктуу. Сот чечим кабыл алгычактыжеткирилген-кабыл алынган газ көлөмү кол коюлган актка ылайык белгиленет.
40..Пайдаланылган газга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептешүү мезгилинде газ эсептөөчү прибордун көрсөткүчтөрүн алуу ай сайын Керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн жабдып туруучунун кызматкери тарабынан керектөөчүнүн катышуусунда, соңунда төлөм документин тапшыруу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Газ эсепөөчү прибордун жоктугуна же кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүдөн эсеп приборундагы көрсөткүчтү алууга мүмкүн эмес учурларда жабдуучу биринчи айга берилген газ үчүн болгон эсепти мурдагы ай үчүн, ал эми экинчи эсептешчү айга болгон эсеп көрсөткүчтү – бүтүндөй газ жабдуусунун күнү-түнү иштегендолбоордук кубаттуулугу боюнча жүгүзөт. Ошол эле учурда газ көлөмүн корректировкалоо жабдуучу ишкананын кызматкерлери тарвабынан газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтү кароо жана каттоодон кийин жүргүзүлөт.
41..Төлөм документинде көрсөтүлгөн эсепте, газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтө каталар табылганда керектөөчү бул туурасында жабдуучуга билдирүүсү зарыл.
Жабдуучу 10 жумушчу күндүн ичинде материалдардын арызда келтирилген маалыматтарга дал келер-келбесин текшерип чыгып, бул туурасында керектөөчүгө кат жүзүндө жооп жөнөтөт. Керектөөчүнүн арызында келтирилген фактылар ырасталган учурларда жабдуучу төлөм документин кайрадан жазып берет жана мурдагы көрсөтүлгөн суммага оңдоо киргизет.
42.. Төлөм документинде сумма менен бирге берилген газ үчүн алынуучу төлөм мөөнөтү жана төлөмдүн кечигүүсүнөн улам келип чыккан ар бир күн үчүн туум көрсөтүлөт.
Берилген газ үчүн төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзбөгөндүгү үчүн керектөөчүгө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө туум жазылат, бирок ал негизги карыз суммасына карата 100%дан ашпоого тийиш. Туумду төлөө келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Туумду төлөтүү укугунан сырткары, жабдуучуда бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык газ керектөөчүгө газ берүүнү токтотуу укугу сакталат. Газ жеткирүүгө чектөө киргизүү же керектөөчүнү газ менен камсыздоодон өчүрүп салуу аны туумдарды төлөөдөн бошотпойт. Берилген газ үчүн тиричилик керектөөчүнүн карызы 2 айдан ашык убакытка созулганда жабдуучу газ берүүнү токтотууга укуктуу.
43..Жабдуучу менен керектөөчү ортосунда газ пайдалануу менен байланышкан талаш-тартыш маселелер жаралган учурларда тараптар аны өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же сот аркылуу чечишет.
44..Газ эсептөө түйүнү бузулуп калган учурларда жиберилген газдын эсеби бул Эреженин 1-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
45..Газ керектөөчү объектини ажыратуу учурунда коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү жабдуучу менен биргеликте ажыратуу маалына чейинки коюлган газ үчүн карыздарды текшерип, келип чыккан айырманы милдеттүү түрдө төлөө менен газ эсептөөчү приборундун абалы жөнүндө акты түзүүсү зарыл.
Газ керектөөчү объектини жабылбаган карызы менен бирге сатып алган учурларда, ага чейин берилген, бирок газ үчүн төлөнбөгөн сумма объектинин жаңы кожоюнуна жүктөлөт.
46..Берилген газ үчүн жүргүзүлүүчү эсеп белгиленген эреже боюнча бекитилген газга карата тарифтер боюнча жүзөгө ашырылат.
47..Жеткирилген газ үчүн эсептешүүлөр коммерциялык керектөөчүлөр тарабынан 100% алдын алуу, коммерциялык жылуулук менен камсыздоо жана бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан 25% алдын алуу тартибинде жүргүзүлөт. Акыркы эсептешүү шарты келишим аркылуу аныкталат.
48..Тиричилик керектөөчү эсептик айдан кийинки айдын 20сына чейин берилген газ үчүн эсептешүүгө тийиш.
49..Газ үчүн дебитордук карызды жабуу хронологиялык тартипте бекитилген келишим боюна жүргүзүлөт: керектөөчү тарабынан жүргүзүлгөн төлөм суммасы эң алгач биринчи ай үчүн болгон карыздын негизги суммасын, андан соң биринчи ай үчүн болгон туумду жабууга, андан соң кийинки ай үчүн болгон карыздын негизги суммасы менен туум үчүн жумшалат.
50..Керектөөчүгө таандык газ эсептөөчү приборго чейинки түйүндөрдөн газдын сызылып чыгып жатышы аныкталса, керектөөчү иш жүзүндө берилген газ көлөмүнүн 10%дык өлчөмү менен кошумча газ чыгымы үчүн жабдуучуга төлөм жүргүзөт жана ал жабдуучунун акыркы текшерип кеткен күнүнөн тартып эсептелет.
Глава 8.. Газды берүүгө чектөө киргизүү, газ менен камсыздоо
системасына коммерциялык же бюджеттик керектөөчүнү кошуу же өчүрүү тартиби
51..Газ берүүгө чектөө киргизүү газ пайдаланууну кыскартуу ыкмасынын негизинде коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү тарабынан же газ берүүнү мажбурлоо түрүндө чектөө жолу менен жабдуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө өз алдынча жүзөгө ашырылат.
52..Эгерде керектөөчү белгиленген мөөнөт ичинде бул Эрежелердин 51-пунктунда каралган зарыл чараларды кабыл албаса, анда жабдуучу газ менен камсыздоону чектөөнүн мажбурлоочучараларын кабыл алат. Эгерде жабдуучу газ берүүнү чектөө боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болбосо, анда жабдуучунун катышуусу менен бюджеттик жана коммерциялык керектөөчү газ берүүнү чектөө үчүн өзүнүн газ керектөөчү жабдуусуна ыкчам которуу (өчүрүү-күйгүзүү) иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
53..Өчүрүү иштери газ өткөрүүчү түтүктү кесүү же өчүрүүчү түзүлүштү жабуу, ченемдик документтердеги талаптарга ылайык зарыл элементтерге милдеттүү түрдө пломб коюу менен тыгын орнотуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат жана бул туурасында акт толтурулат.
54..Газ берүүнү калыбына келтирүү ченемдик документтердеги талаптарга ылайык жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт. Газ берүүнү калыбына келтирүү мөөнөтү кезектүүлүк шарты менен керектөөчү тарабынан берилген арыздын негизинде аныкталат жана бузулуулардын оңдолгондугу же берилген газга карата карыздын жабылгандыгы, газ менен камсыздоого кошуудагы кызмат акысынын төлөнүүсү эске алынат.
Глава 9.. Мамлекеттик көзөмөл жана контроль
55..Газ керектөөчү жабдуулар менен газ эсептөө түйүндөрүнүн техникалык абалы, ошондой эле эреже, норма жана башка ченемдик документтердин талаптарын сактоо маселеси боюнча мамлекеттик контроль менен көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
56..Атайын эрежелер боюнча пайдаланылган газ пайдалануучу жабдууга контроль Кыргыз Республикасмынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57..Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген жазма буйруктарды аткаруу, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан бардык чарбакер субъектилер үчүн милдеттүү болуп саналат.
58..Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган же аткарылышына тоскоолдук жаратышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, чарбакер субъектилер Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган жоопкерчилик тартышат.
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесине карата 1-тиркеме
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелерин жана Жаратылыш газын эсептөө Эрежелерин (мындан ары - Эрежелер) бузуулар табылган учурда көрүлүүчү иш-аракеттердин тартиби жөнүндө Нускама
§ 1. Керектөөчүнүн газ менен камсыздоо системасын текшерүүнүн эрежеси
1..Жабдуучунун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери газ эсептөөчү алеттин көрсөткүчтөрүн алуу, газ менен жабдуу тутумуна текшерүүлөрдү, контролдук изилдөө жүргүзүү үчүн керектөөчүгө келгенде, анын талабын күтпөстөн инсандык кызмат күбөлүгүн, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү (изилдөө) жүргүзүү укугун күбөлөндүргөн документти көрсөтүүгө милдеттүү.
2..Жабдуучу ишкана же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызматкерлеринин газ эсептөө приборундагы көрсөткүчүн алуудан башка газ менен камсыздоо системасына жүргүзгөн бардык текшерүү иштерижазуу иштерине негизделген текшерүү болуп саналат жана эки нускадагы акт менен таризделип, бир нускасы керектөөчүгө берилет. Жабдуучу тарабынан газ эсептөөнүн тиричилик приборунан жазылып алынган көрсөткүчтөр ведомостко жазылат жана мындай шартта акт түзүлбөйт, ал эми керектөөчү аны кол коюу менен ырастайт.
Тиричилик керектөөчүнү текшерүү маалында эреже бузуулар катталса, ак түзүлөт. Керектөөчүнү текшерүү акты Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин 2-тиркемесине ылайык түзүлөт. Актыдан кандайдыр бир бузуулар табылган учурларда Эрежелердеги пункттарга жасалган шилтемелери менен буйрук иретинде жазылган бөлүктүн болуусу зарыл. Актыда басмакана ыкмасы менен аткарылган номур болуп, акт эсептөө журналында катталууга тийиш. Журнал бооланып, номурланып, мөөр менен бекитилип, жабдуучуда сакталат. Газ эсептөөнүн өнөр жай приборуна ээ керектөөчүлөр үчүн акт газ эсептөөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен жабдуучу тарабынан иштелип чыккан формага ылайык таризделет.
3..Керектөөчүнүн газ менен камсыздоо системасын текшерүү учурунда жабдуучунун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1).газ өткөрүүчү түтүктүн кириш бөлүгүнөн тартывп газ пайдалануучу жабдууга чейин текшерүүгө;
2).газ менен камсыздоо системасынын монтажынын долбоордук документтерге туура келүүсүн текшерүүгө;
3).газ эсептөө приборун, газ эсептөө түйүнүн текшерүүгө, бардык өлчөө каражаттарынын текшерилиши туурасында маалымат алууга;
4).пломб жана пломбу чынжырчаларынын бүтүндүгүн, пломб номурлары менен алардагы оттисктердин актыда көрсөтүлгөн пломб орнотуу эрежелерине ылайык келүүсүн, алардын абалын жана газ эсептөө приборуна пломб салуу боюнча чаралардын жетиштүүлүгүн, тиешелүү мамлекеттик органдын, завод-даярдоочунун пломбасынын болуусун текшерүүгө;
5).газ чыгымдоо диапазонунун газ эсептөө приборунун диапазонуна ылайык келүүсүн текшерүүгө;
6).эсептөө механизмин коргоочу айнек жана корпусту текшерүүгө;
7).газ эсептөө приборунун, өлчөө каражаттарынын көрсөткүчүн алууга, алардын газ эсептөө боюнча документтердеги жазууларга дал келүүсүн текшерүүгө жана башка зарыл маалыматтарды алууга.
§ 2. Эрежелердин бузулгандыгы аныкталган маалда документтерди тариздөөнүн эрежеси
4..Эрежелерди бузууларга кирет:
1).жасоочу заводго, тиешелүү мамлекеттик органга жана жабдуучуга тиешелүү пломбунун болбошу же дал келбеши, анын майышуусу жана бүтүндүгүнүн бузулушу, пломбдогу оттисктин жана пломдун номурунун жасалышы же пломб орнотуу актысынын маалыматтарга дал келбеши, чылбырдын жана чылбырды пломбого бириктирүүнүн бузулушу;
2).сынган айнек же анын кыймылдап калышы, газ эсептөө прибордун коргоочу эсептөө механизмин коргоочу айнекте же корпуста жылчыктын, жарака же тешиктин болушу;
3).газ сарптоо диапазонунун газды эсептөө приборунун өлчөө диапазонуна дал келбеши;
4).газ эсептөө прибору менен өлчөө каражаттарын (коммерциялык, бюджеттик керектөөчүчдө) өтүп кеткен текшерүү мөөнөтү менен пайдалануу;
5).газ керектөөчү жабдуунун, газ эсептөө түйүнүнүн монтажынын газ менен камсыздоо долбооруна дал келбеши;
6).кайсы бир себептерге байланыштуу жабдуучу тарабынан өчүрүлгөнүнө карабастан керектөөчүнүн газ менен камсыздоо системасына өз алдынча кошулуп алуусу;
7).газ эсептөө приборунун эсептөө механизмин жасалма жол менен токтотуу багытталган түзүлүштүн болуусу;
8).жашыруун төшөлгөн газ өткөргүчтүн жана газ уурдоо максатында колдонулуп келген жабдуу же түзүлүштөрдүн башка түрлөрүнүн (шланг, кошумча түтүк ж.б.у.с.) табылышы;
9).газ эсептөө приборун пайдалануу шарттарынын бузулушу жана Эреже талаптарына каршы келүүчү башка бузуулар;
10).керектөөчүгө тиешелүү газ эсептөө приборунун толук кандуу иштебей калуусу;
11).газды ар түрдүү ыкмалар менен уурдоо.
5..Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт жана ага бузуу фактысын көрсөтүүчү материалдар тиркелет.
Коммерциялык, бюджеттик керектөөчү үчүн акт керектөөчүгө тиешелүү газ керектөөчү жабдуунун коопсуз иштөөсү үчүн жооптуу адамдын катышуусуна түзүлөт.
6..Тиричилик керектөөчү үчүн акт үй же квартира ээсинин катышуусунда түзүлөт. Эгер үй ээси жок болсо, акт керектөөчүнүн бойго жеткен үй бүлө мүчөсүнүн же ошол үйдө же квартирада такай жашап жаткан адамдын катышуусунда түзүлөт жана күбөлөр тарабынан (эгерде болсо) кол коюлат.
7..Керектөөчү кол коюудан баш тарткан учурларда деле акт жарактуу болуп саналат. Мындай учурларда керектөөчүнүн кол коюудан баш тарткандыгы актыда көрсөтүлөт. Аты-жөнү көрсөтүлгөн актынын бир нускасы керектөөчүгө тапшырылат жана бул туурасында актыга жазылат.
Мындай шартта керектөөчү актынын мазмуну боюнча өз дооматын айтып, кол коюудан баш тартуусунун себеби жазылган түшүнүк жазып, актыга кошо тиркөөгө укуктуу.
8..Акт түзүлүп жаткан маалда тиричилик керектөчүгө Эрежелерде каралган укук жана милдеттер түшүндүрүлөт жана бул туурасында актыга жазылат. Эрежелердин бузулгандыгы туурасында акт жабдуучунун кофликтик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлөт. Конфликтик комиссиянын иш тартиби жана анын курамы жабдуучунун буйругунун негизинде бекитилет.
Жабдуучунун конфликтик комиссиясынын чечими тараптардын макулдугунун негизинде протокол менен таризделет жана керектөөчү жана/же жабдуучу тарабынан аткарылууга тийиш. Жиберилген, бирок эсепке алынбай калган газ өлчөмүн эсептөө иштери Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
9..Керектөөчү өз ыктыяры менен төлөм жүргүзүүдөн баш тарткан учурларда материалдар укук коргоо органдарына жана/же соттук органдарга өткөрүлүп берилет.
§ 3. Керектөөчү тарабынан Эрежелерди бузуу фактысы аныкталган учурда жабдуучу тарабынын көрүлүүчү чаралардын тартиби
10..Газ уурдоонун бети ачылганда жана/же газ керектөөчү жабдууга карата газды өз алдынча коёо жибергендиги аныкталган учурда, жабдып туруучу керектөөчүнү газ менен жабдуудан өчүрөт, акт түзөт жана ага бузуу фактыларын сүрөттөгөн материалдарды (кол менен тартылган схема, видео тартуу, сүрөт ж.б. же предметтер, аспаптар) кошо алат.
11..Жашыруун түрдө төшөлгөн (тамда, там ортолорун бөлүүчү дубалдарда, жер алды менен өткөн газ түтүгү ж.б.) газ өткөрүүчү түтүк бар экендигине шек жаралган учурларда өзгөчө кырдаалдардын жаралуусун (жарылуу, өрттөнүү ж.б.) алдын алуу үчүн Жабдуучу ишкананын кызматкери газ өткөрүүчү түтүктү жаап калган курулушту алып салууга, ошондой эле бул тууралуу акт түзүп ага Эреже бузуу фактыларын иллюстрациялай турган материалдарды (кол менен тартылган схема, видео тартуу, сүрөт ж.б.) тиркеп, укук коргоочу органдарынабузуу фактысынын далили катары көрсөтүү үчүн газды уурдоодо пайдаланылган предметтерди (түтүктөрдү, шланг ж.б.) кошууга укуктуу.
Жашыруун түрдө төшөлгөн (тамда, там ортолорун бөлүүчү дубалдарда, жер алды менен өткөн газ түтүгү ж.б.) газ өткөрүүчү түтүк бар экендиги такталбаса жана газ өткөрүүчү түтүгүнүн монтажы долбоордук документацияга ылайык келген учурларда жабдуучу 30 күндүн ичинде керектөөчүгө келтирилген чыгымды калыбына келтирет же ордун толуктайт.
12..Жабдуучунун же соттун конфликтик комиссиясынын чечиминен кийин, ошондой эле керектөөчү тарабынан газдын баасы төлөнгөндөн кийин керектөөчүнү газ менен камсыздоо иштери берген арызына ылайык жүргүзүлөт. Керектөөчүнү газ менен камсыздоо иштерин калыбына келтирүү жабдуучу тарабынан кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт жана бул кызмат үчүн акы алынат.
13..Газ эсептөө приборунун туура иштөөсүнө жана бүтүндүгүнө шек жаралган учурларда, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын пломбусунун жоктугунда же пломбу талапка жооп бербөөсүндө, деформациялануусу же бүтүндүгүнүн бузулуусунда, жасалма болуусунда же пломбудагы оттиск менен номурдун пломбу орнотуу боюнча акт талаптарына ылайык келбөөсүндө, тиричилик керектөөчүнүн газ эсептөө түйүнүндөгү зымдын бузулуусунда жабдуучу төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:
1).керектөөчүнүн катышуусу менен үч нускада акт түзөт жана ага акт түзүлгөндөн күндөн тартып 3 күн ичиндетехникалык корутундуну алып кетүү боюнча керектөөчүнүн милдетин көрсөтөт;
2).тиричилик керектөөчүнүн газ эсептөө приборун чечет жана аны актынын нускасы менен биргеликте транспорттоочу тарага салып, жабдуучуга тиешелүү пломб менен чаптайт;
3).актынын бир нускасын керектөөчүгө тапшырат;
4).жабдуучунун адистештирилген кызматына чечилип алган газ эсептөө приборун жеткирет;
5).транспорттоочу тарага чапталып коюлган пломбунун сакталышына, транспорттоочу таранын бүтүндүгүнө жана жабдуучунун адистештирилген кызматына газ эсептөө приборун өз убагында жеткирүүгө милдеттендирилет;
6).газ эсептөө прибору чечилип алынгандыгына байланыштуу тиричилик керектөөчүгө газ эсептөөчү резервдик текшерилген прибор орнотот жана бул туурасында акт түзөт;
7).газ эсептөө приборуна кийлигишүү фактысы аныкталбаган учурларда тиричилик керектөөчү үчүн орнотулган газ эсептөө приборундагы көрсөткүч боюнча, ал эми коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү үчүн өткөн айлардын бири үчүн газдын орточо суткалык керектелиши боюнча (окшош мезгилдин жана газ керектөөчү жабдуунун санын сактоо шарттарынан тандалган) эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
14..Кийлигишүү фактысы аныкталган учурларда керектөөчү акттын материалдары боюнча эсептелген төлөөдөн сырткары, жабдуучунун газ эсептөө приборун алмаштыруу, чечип алуу, текшерүү жана орнотуу боюнча кыматтары үчүн кеткен чыгымдардын ордун толуктайт.
Ошону менен бирге жабдуучу коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү үчүн берилген, бирок керектөөчүнүн газ эсептөө прибору тарабынан катталбай калган газгабүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун максималдык долбоордук кубаты боюнча кайра эсептешүүлөрдү жүргүзөт. Мындай шартта жабдуучу кызматкеринин акыркы текшерүүсүнөн тартып аныкталган күнгө чейинки мезгил аралыгы (бирок, бир календардык жылдан ашпаган) эске алынат.
15..Өз алдынча эле иштен чыгып калган газ эсептөө приборуна кезектеги текшерүү жана оңдоо иштерин өткөрүү жабдуунун эсебинен жүргүзүлөт.
16..Тиричилик керектөөчүнун күнөөсү боюнча иштен чыккан газ эсептөө приборун кезектеги текшерүү жана оңдоо иштери жабдуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
17..Жабдуучунун адистештирилген кызматынан алынган газ эсептөө приборунан жана/же пломбдон табылган дефект тууралуу техникалык корутунду (техникалык корутундуну түзүү керектөөчүнүн катышуусунда жүргүзүлөт) жабдуучунун андан аркы иш-аракети үчүн негиз болуп берет.
Жабдуучунун адистештирилген кызматы техникалык корутундуну эки экземплярда түзөт, анын бир нускасы керектөөчүгө берилет да, экинчиси жабдуучуда сакталат. Эгерде керектөөчү жабдуучунун техникалык корутундусу менен макул болбосо, жабдуучунун конфликтик комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ал эми конфликтик комиссиянын чечими менен макул болбогон шартта керектөөчү сотко кайрылуу укугуна ээ. Соттун чечими (эгерде ал болсо) мыйзамдуу күчүнө киргиче жабдуучунун адистештирилген кызматынын корутундусу жабдуучунун конфликтик комиссиясы үчүн милдеттүү болуп саналат. Эгерде керектөөчү текшерүү үчүн чечилип алынган акт түзүлгөн учурдан баштап 10 күн ичинде транспорттук идишти ачуу жана чечилип алынган газ эсептөө приборун текшерүү үчүн жабдуучунун адистештирилген кызматына келбесе, анда ал газ менен камсыздоо системасынын өчүрүлөт.
18..Коммерциялык, бюджеттик керектөөчүнүн газ эсептөө түйүнү текшерүү же оңдоо иштери үчүн чечилип алынганда керектөөчү жабдуучунун катышуусу менен газ эсептөөчү резервдик текшерилген приборду орнотот.
Газ эсептөөчү резервдик текшерилген прибор жок, ал эми газ эсептөө приборунун өзү текшерүү же оңдоо иштерин өткөрүү үчүн чечилип алынганда керектөөчүгө газ берүү иштерин улантууга уруксат берилет. Мындай шартта, берилген газ көлөмүн эсептөө бүтүндөй газ эсептөө жабдуусунун күнү-түнү иштеген максималдык-долбоордук кубаттулугу боюнча жүргүзүлөт.
§ 4. Пайдаланылган, бирок эсепке алынбаган газ көлөмүн эсептөө
19..Бул Эрежелердин бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча төлөнүүсү керек болгон пайдаланылган, бирок эсепке алынбаган газ көлөмүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Q = ∑Qсаат x 24 саат x n, мында:
Q – жиберилген газдын эсептик көлөмү (куб.м); n – эсептешме күндөрдүн саны; ∑Qсаат – газ керектөөчү жабдуунун суммардык сааттык чыгымы (куб.м/саат). Газ керектөөчү жабдуунун газды сааттык сарптоосу техникалык паспорту боюнча, ал эми ал жок учурларда тыгын орнотуу жана өчүрүүчү түзүлүштү жабуу жана аларды эки тараптуу акт түзүү менен пломбулоо жолу аркылуу газ менен жабдуу системасынын ажыратылган газ керектөөчү жабдуудан сырткары бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун максималдык долбоордук кубаттуулугу боюнча кабыл алынат.
20..Төмөнкү себептер боюнча тиричилик керектөөчүнүн газ эсептөө приборун чечип алуу:
1).газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтүн так экендигине күмөн саноолор жаралганда;
2).текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен газ эсептөө приборун пайдалануу маалында
газ эсептөө прибору жок мезгилге карата жеткирилген газга эсеп жүргүзүү жабдуучу тарабынан орнотулган резервдик текшерилген газ эсептегичтеги көрсөткүч боюнча жүзөгө ашырылат.
21..Текшерүү учурунда керектөөчү тарабынан газдын уурдалгандыгы билинсе же экспертиза тарабынан аныкталса, жабдуучу жеткирилген, бирок эсепке алынбаган газ көлөмүнө бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун күнү-түнү иштеген максималдык-долбоордук кубаттуулугу боюнча төмөнкү мезгилдер үчүн кайра эсептешүүлөрдү өткөрөт:
1).тиричилик керектөөчү үчүн – бир календардык жылга чейин (эреже бузуулардын конкретүү кырдаалын, газ уурдоо көлөмүн эске алуу менен);
2).коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн – газ эсептөө приборун орноткон (текшерген) күндөн тартып, бирок бир жылдан ашык эмес, ал эми газ уурдоо газ эсептө приборуна карата кийлигишүүлөр менен байланышпаса – бир калердардык жыл үчүн.
22..Юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган керектөөчү газ жеткирүү үчүн өз кезегинде жабдуучу менен Кыргыз Республикасынын иштиктүү Кыргыз Республикасынын курулуш нормалары жана эрежелерине ылайык тиешелүү келишим түзүүсү керек.
Мындай шартта жеткирилген газ үчүн эсепорнотулган газ эсептөө прибору жана газга карата тариф боюнча коммерциялык керектөөчүгө коюлган шартта жүргүзүлөт. Коммерциялык керектөөчү катары келишим түзүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш; мындан соң керектөөчүгө газ берүү иши токтотулат. Мындай шартта, керектөөчүгө жеткирилген газ көлөмү газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтү акыркы ирет жазып алуу мезгилинен тартып коммерциялык ишкана үчүн болгон тарифке ылайык эсептелет.
23..Мындан сырткары, коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчү үчүн:
1).газдын сарпталышын аныктоо үчүн зарыл болгон өлчөөчү комплекс, газ эсептөөчү прибор, басымдын өйдө-ылдый болуп туруусун жаратуучу прибор жана башка приборлор иштен чыкканда, салынган пломб кокусунан бузулганда жана бул туурасында жабдуучуга кечиктирилбестен маалымдалганда, жеткирилген газдын көлөмүн эсептөө бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун күнү-түнү иштеген шарты менен максималдык-долбоордук кубаттуулук боюнча жүргүзүлөт.
Эсептик мезгил 3 айдан ашпоосу керек жана бул мезгилде өлчөө каражаттары калыбына келтирилүүгө тийиш.
2).контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө жабдуучу тарабынан басымды өйдө-ылдый болуп туруусун жаратуучунун, газ басымынын жана/же терможаратуучунун бузуктугу аныкталса, жеткирилген газ үчүн эсеп, жабдуучу тарабынан жүргүзүлгөн соңку текшерүүдөн берки, бирок 3 айдан ашык эмес убакыт үчүн болгон газ параметрлеринин келишимдик мааниси боюнча жүзөгө ашырылат;
3).контролдук текшерүүнүн жана/же тарытуучу түзүлүштү алмаштыруунун жүрүшүндө жабдуучу тарабынан ченемдик документтердин талаптары бузулгандыгы аныкталса, жабдуучу жеткирилген газ үчүн болгон эсепти жабдуучу тарабынан жүргүзүлгөн соңку текшерүүдөн берки, бирок 3 айдан ашык эмес убакыт үчүн бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун күнү-түнү иштеген максималдык-долбоордук кубаттуулугу боюнча жүргүзөт.
§ 5. Керектөөчүгө газ берүүнү токтотуу жана чектөө боюнча жабдуучунун иш-аракеттеринин тартиби
24..Өчүрүү иштери газ өткөрүүчү түтүктү кесүү же өчүрүүчү түзүлүштү жабуу, талаптарга ылайык зарыл болгон бардык элементтерге милдеттүү түрдө пломб коюу, тыгындоочуну орнотуу жана акт түзүү жолу аркылуу жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
Газ берүүнү чектөө, коммерциялык, бюджеттик керектөөчү тарабынан газ пайдаланууну кыскартуу ыкмасы аркылуужабдуучу көрсөткөн мөөнөттө өз алдынча же газ берүүнү мажбурлоо түрүндө чектөө менен жабдуучу тарабынан ишке ашырылат. Эгерде керектөөчү белгиленген мөөнөт ичинде Жаратылыш газын жеткирүүнүн жана пайдалануунун Эрежесиндеги 1-тиркеменин 24-пунктунун 2-абзацында каралган зарыл иш-аракеттерди кабыл албаса, анда жабдуучу газ менен камсыздоого мажбурлоо иретиндеги чектөө чараларын кабыл алат. Эгерде жабдуучу газ жеткирүүнү чектөөнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болбосо, коммерциялык, бюджеттик керектөөчү газ берүүнү чектөө үчүн жабдуучунун катышуусунда өз газ түзүлүштөрүнө зарыл болгон ыкчам кошууларды өткөрөт.
25..Керектөөчүгө газ жеткирүү иштерин калыбына келтирүү ченемдик документтерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
Газ берүүнүн калыбына келтирүү мөөнөтү керектөөчүнүн арызынын негизинде жана жеткирилген газ үчүн болгон карыздар, туум жана газ менен камсыздоого кошуу үчүн кызмат акылар төлөнгөн соң же бузуулар оң жолго салынгандан кийин 10 күн ичинде аныкталат.
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесине карата 2-тиркеме
Жабдуучу: _______________________________________________________ дареги: __________________________________________________________ телефону: _______________________________________________________
Жаратылыш газын керектөөчүнү текшерүү Актысы “___” ___________ 20__-жыл № ____
Ушул акт ________________________________________________________ (Керектөөчүнүн өкүлүнүн аты-жөнү, кызмат орду) катышуусунда ___________________________________________________ (Жабдып туруучунун өкүлүнүн аты-жөнү, кызмат орду) тарабынан түзүлдү. Текшерүү жүргүздү _______________________________________________ (коммерциялык керектөөчүнүн аталышы же тиричилик керектөөчүнүн аты-жөнү) Дареги: _________________________________________________________ Газ эсептөө приборунун техникалык маалыматтары: түрү ____________________________________________________________ номуру __________________________________________________________ Текшерүү жүргүзүлдү: ____________________________________________ Пломбу, номур, пломбуну орнотуу актысына жооп берет ________________ Газ эсептөө приборундагы көрсөткүч ________________________________ Жабдуучу кызматкери тарабынан текшерилген акыркы күн ______________ Иштеп жаткан газ керектөөчү жабдуунун тизмеси ______________________ Газдын сарпталышы: ______________________________________________ Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталды: ________________________________ Жазма буйрук: ___________________________________________________ Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелерин сактоо боюнча укук жана жоопкерчиликтер керектөөчүгө түшүндүрүлдү.
Жабдуучунун өкүлү: ______________________________________________ (колу) Керектөөчүнүн өкүлү _____________________________________________ (колу) Күбөлөр _________________________________________________________ (колу) “___” _____________ 20__-жыл
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесине карата 3-тиркеме
Тиричилик керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүү боюнча Жалпы Келишим
§ 1. Келишим предмети
1..Тараптар өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине, Жаратылыш газын эсептөө эрежелерине жана керектөөчүлөргө жаратылыш газын жеткирүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга жана бул келишимге таянышат.
2..Жабдуучу тиричилик муктаждыктары үчүн (жылытуу, ысык суу менен камсыздоо жана тамак аш жасоо) тиричилик керектөөчүнү (жеке жакты) Жабдуучунун тарифи боюнча жаратылыш газ – товары менен үзгүлтүксүз түрдө камсыз кылат, ал эми Керектөөчү жеткирилген товар үчүн өз учурунда төлөм жүргүзөт.
3..Жабдуучу төмөндө көрсөтүлгөн газ эсептегичти Керектөөчүгө орнотот, ал эми Керектөөчү аны иш режиминде сакталышын, пломб жана башка коргоочу каражаттардын бүтүн сакталышын камсыз кылат, ошондой эле ишине кийлигишпөөгө милдеттеме алат.
4..Жабдуучу менен Керектөөчү ортосундагы менчиктин баланстык таандыгынын бөлүнүү чеги газ керектөөчү жабдуунун алдындагы өчүрүүчү түзүлүшкө (жеке турак жайлар үчүн кириштеги кран/көп кабаттуу квартиралар үчүн газды ачуучу кран) орнотулат, ошол эле учурда өчүрүүчү түзүлүш жана газ эсептөө прибору Жабдуучунун жеке менчиги болуп саналат.
5..Жабдуучунун эксплутациялык жоопкерчилигинин чеги өзүнө газ эсептөө прибору менен менчиктин баланстык таандыгынын бөлүнүү чегине чейинки газ менен камсыздоо системасын камтыйт. Жабдуучу өз балансында турган газ эсептөө прибору менен газ менен камсыздоочу системаны техникалык жактан оң абалда кармап турат.
6..Жабдуучунун эксплуатациялык жоопкерчилигинин чеги өзүнө жеке турак жай үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системасын жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн квартира ичиндеги газ менен камсыздоо системасын, ошондой эле газ керектөөчү жабдууларды (газ плиталары, суу ысыткычтар, казандар, күймөлөр) камтыйт. Керектөөчү кран, газ өткөрүүчү түтүк жана газ керектөөчү жабдууларды техникалык жактан оң абалында кармап турат, ал эми аларга техникалык тейлөө жана оңдоо иштери Керектөөчүнүн арызына жана Жабдуучунун прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде Жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт.
§ 2. Тараптардын укуктары
7.. Керектөөчүнүн укугу:
1).жаратылыш газын үзгүлтүксүз жана коопсуз түрдө алуу;
2).Жабдуучуга берилген арызга жана бекитилген Прейскурантка ылайык ылайык техникалык тейлөө иштери менен газ керектөөчү жабдууга карата өткөрүлүүчү оңдоо иштерди өз учурунда алып туруу;
3).Жабдуучудан газ, көрсөтүлүүчү кызмат жана колдонулган материалдардын баалары жана башка маселелер боюнча маалымат алуу;
4).газ менен камсыздоо убактылуу токтоп турганда, төлөм документинде (эсепте) каталар менен так эместиктер табылганда эсептелген төлөм суммасын кайра эсептеп чыгуу боюнча Жабдуучуга арыз менен кайрылуу;
5).жабдуучунун ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирүүчү маселелерди чечүү үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылуу;
6).Жабдуучу тарабынан Келишим шарттарынын тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгы тууралуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана сотко кайрылуу.
8.. Жабдуучунун укугу:
1).Керектөөчүнү эскертпей туруп газды жабуу жана төмөнкү шарттарда бул үчүн жоопкерчилик тартпоо:
–.газ системасындагы аварияларда; –.Керектөөчүнүн мурда кесилген газ өткөрүүчү түтүгүнө өз алдынча кошуулуусу, кошумча газ керектөөчү жабдууну өз алдынча кошуу же газ менен камсыздоодогу аткарылган иштердин долбоордук документтерге жооп бербөөсү; –.Керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газды пайдалануу фактысы аныкталган учурларда; –.Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү токтотулганда же чектелгенде. –.газ эсептегичти текшерүү, алмаштыруу жана изилдөө үчүн керектөөчү тарабынан ага эркин кирүүнү камсыз кылуудан баш тарткан же камсыз кылбаган учурларда.
2).Керектөөчүнү алдын ала кабардар кылуу менен газ берүүнү азайтуу же таптакыр токтотуу жана бул үчүн төмөнкү учурларда Керектөөчү алдында жоопкерчилик тартпоо:
–.Керектөөчү тарабынан төлөм мөөнөтү сакталбай жана/же Келишим жана Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелериндеги тиешелүү пункттарда бекитилген шарттар бузулганда; –.газ тармактарына жана алардын курулмаларына карата пландуу оңдоо жана/же реконструкциялоо иштеринде; –.Жабдуучунун эскертүүлөрү Керектөөчү тарабынан аткарылбаганда; –.Кыргыз Республикасынын иштиктүү мыйзамдарында жана Келишимде каралган учурларда Керектөөчүнүн газ эсептөө приборлору менен газ керектөөчү жабдууларына Жабдуучу ишкананын кызматкерин киргизбей койгондо; –.газ өткөрүүчү түтүк жана алардын курулмаларынын кайтарууга алынган аймактардын бузулуусунда; –.Керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдаланылгандыгы тууралуу факт аныкталган учурларда; –.Кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен саат 8:00 дөн тартып 21:00 гө чейин төмөнкү учурларда Керектөөчүнүн территориясына кирүүгө: –.газ өткөрүүчү түтүк менен бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун, пломб жана башка газ эсептөө приборлорунун коргоочу каражаттарынын бүтүндүгүн текшерүүгө, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн квартираларында айына – 1 жолудан көп эмес, ал эми жеке турак жайларда айына – 2 жолудан көп эмес газ эсептөө приборунун көрсөткүчүн алууга; –.долбоордук документтердин газ өткөрүүчү түтүк жана газ керектөөчү жабдууларынын монтажынын бири-бирине дал келүүсүн текшерүү үчүн, текшерүүнүн натыйжасы боюнча газ эсептөөдөгү табылган бузулуулар туурасында эки тараптуу акт түзүү; –.Өзгөчө кырдаалдардын (жарылуу, күйүү ж.б.) алдын алуу максатында күндүн кайсы мезгили болбосун кызматтык күбөлүк көрсөтүү менен Керектөөчүнүн территориясына кирүүгө: –.авариялык кырдаалдарда; –.авариялардын алдын алуу боюнча иштерди өткөрүү үчүн; –.жашыруун төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүк бар экендигине шек жаралганда (дубалда, дубал ортолорундагы тосмо тамадарда, жер алдына төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүк ж.б.), эреже бузууларды табуу максатында газ өткөрүүчү түтүктү жаап калган курулушту бузуу. Бул туурасында акт түзүү жана ага бузуу фактысын чагылдыруучу материалдарды (колго тартылган схема, видосүрөт, фото ж.б.) жана пайдалануу менен газдын эсепке алынбаган керектөөсү жүзөгө ашырылып келген зат же жабдууларды (шланг, түтүк ж.б.) кошуу, ошондой эле бузуу фактысынадалил катары укук коргоо органдарына көрсөтүү үчүн ар кандай аспаптарды алуу. Жашыруун төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүктүн бар экендиги такталбаган учурларда жана газ өткөрүүчү түтүккө өткөрүлгөн монтаждоо иштери долбоордук документтерге дал келгенде жабдуучу 30 күндүн ичинде керектөөчүгө келтирилген чыгымды калыбына келтирет же чыгымдын ордун толуктайт;
3).газ эсептөө приборунун электрондук бөлүгүнүн ишинде жаңылуу фактысы бар экендигин аныкталган учурларда, Жабдуунун техникалык корутундусуна ылайык, жеткирилген жаратылыш газы үчүн төлөм эсебин газ эсептөө приборунун механикалык интегратору боюнча жүргүзөт.
§ 3. Тараптардын милдеттери
9.. Жабдуучу милдеттүү:
1).Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарынын талаптарын жана ченемдерин, ошондой эле жаратылыш газын берүү жана пайдалануу эрежелерин, жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин, жаратылыш газын берүү келишиминин шарттарын жана керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды сактоо;
2).газдын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу;
3).бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу жана токтотула турган мөөнөтүн, ошондой эле себебин көрсөтүү менен 3 күндүн ичинде газ берүү ишиндеги пландалып жаткан чектөөлөр жана токтотуулар туурасында Керектөөчүгө маалымдоо;
4).массалык маалымат каражаттарына жайгаштыруу жана/же газ үчүн төлөм кабыл алуу пункттарына маалымат баракчасын илүү менен, мындай иш-аракет башталгандан тартып 5 күн ичинде газга болгон баанын өзгөргөндүгү туурасында Керектөөчүнү кабардар кылуу;
5).газ менен камсыздоо убактылуу токтоп турганда, төлөм документинде көрсөтүлгөн эсепте каталардын бар экендиги аныкталганда Керектөөчүнүн арызы боюнча эсептелген төлөм суммасын кайрадан эсептеп чыгуу. Төмөнкү шарттарда газ эсептөө прибору жок Керектөөчүгө жеткирилген газ үчүн кайрадан эсептешүүлөрдү өткөрүү:
–.жылытылуучу аянт, ошондой эле аталган дарек боюнча жашап жатышкан адамдардын саны өзгөргөндө керектөөчү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен 1 айлык мөөнөттө бул туурасында жабдуучуга кат жүзүндө билдирүүсү керек; –.эгер Керектөөчү жана ушул дарек боюнча анын менен бирге жашаган адамдар бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу чыгып кетип, кайра кайткандан кийин бир айдын ичинде жабдып туруучуга ырастоочу документтерди (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, иш сапар күбөлүгү) тиркөө менен бул туурасында арыз берсе газга төлөм алынбайт. Бекитилген мөөнөтү өтүп кеткен документтер каралбайт жана кайра эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт;
6).иш жүзүндө берилген газ үчүн топтолгон карыздарынын кесепетинен улам газ берүү токтотулуп жаткандыгы тууралуу Керектөөчүнү 3 сутка мурда кат жүзүндө кабардар кылуу;
7).Керектөөчү тарабынан жеткирилген газ үчүн карыздар, туумдар толук жабылып, кошуу кызматы үчүн акы төлөнгөн соңКеректөөчүнүн арызы боюнча кезектүүлүк шарты менен газ берүүнү калыбына келтирүү;
8).Керектөөчүнүн арызына Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарында бекитилген мөөнөттө жооп кайтаруу;
9).кийинки айдын онунан кечикпей жеткирилген газ үчүн төлөм (мурдагы календардык ай үчүн) эсебин ай сайын берип туруу;
10).техникалык тейлөө же газ керектөөчү жабдууну оңдоого карата берилген арыздарды Керектөөчү менен макулдашылган мөөнөттө жана бекитилген тартипте Жабдуучунун прейскурантына ылайык аткаруу;
11).газ эсептөө приборун текшерүү үчүн чечип алып кетүү учурунда анын жана ташуучу идиш менен номурдук пломбунун бүтүн баруусу үчүн жоопкерчилик алуу;
12).газ эсептөө приборун текшерүү үчүн чечип алып кетери жөнүндө керектөөчүнү 7 кун мурда эскертүү;
13).газ эсептөө приборун текшерүүгө алып келгенден кийин жана ташуучу идиш ачылгандан баштап 3 күн ичинде керектөөчүнүн катышуусу менен текшерүү иштерин өткөрүү, ошондой эле техникалык корутунду түзүлгөн мезгилден баштап 7 күндүн ичинде аны Керектөөчүгө кайрадан орнотуп берүү;
14).электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар керектөөчүлөргө жеткирилген газ үчүн эсепти прибордун механикалык интегратору боюнча жүргүзүү;
15).төлөм киргизүү маалындагы тарифтерге ылайык электрондук картанын балансына жаратылыш газынын көлөмүн каттоо аркылуу Керектөөчүнүгаз үчүн алдын ала төлөө иштерин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу;
16).газ эсептөө приборун алмаштыруу маалында жүргүзүлгөн алмаштыруулар тууралуу эки тараптуу акт түзүү;
17).жабдуучунун газ эсептөө аспабын андан ары тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок (газ эсептөө аспаптарынын өндүрүштө токтотулушу, газ эсептөө аспаптарын эксплуатациялоо үчүн запастык бөлүктөрдүн, шаймандардын жана таандыктардын жоктугу ж.б.), алмаштырылган газ эсептөө аспаптын эксплуатациялоодон чыкан (өндүрүштүк брак, эксплуатация учурунда аныкталган өндүрүүчү белгилеген ченөө катасынын өлчөмүнөн ашканда ж.б.) жана жабдуучу тарабынан алдыңкы технологияларды жана жабдууларды киргизүүнүн негизинде уюмдун газ бөлүштүрүүчү системасынын техникалык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда газ эсептөө приборун алмаштыруу (жаңы газ эсептөө приборун алмаштыруу).
10..Керектөөчү милдеттүү:
1).Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарынын талаптарын жана ченемдерин, ошондой эле жаратылыш газын берүү жана пайдалануу эрежелерин, жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин, жаратылыш газын берүү келишиминин шарттарын жана керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды сактоо;
2).Келишимде бекитилген мөөнөттөн кечиктирбей аткарылган иштер менен иш жүзүндө жеткирилген газ үчүн төлөмдөрдү Жабдуучуга төлөө. Көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргендиги үчүн Келишимдин 19-пунктуна ылайык эсептелген туумду Жабдуучуга төлөөгө;
3).газ чарбасындагы коопсуздук боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык газ өткөрүүчү түтүк, газ керектөөчү жабдуу, газ эсептөө прибору, газ жабдуусу, түтүн чыккыч жана/же желдетүүчү каналдарды ишке жарамдуу абалында кармоо, орнотулган пломб жана башка коргоо каражаттарынын бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды берилген уруксаттын негизинде жана Жабдуучу ишкана кызматкеринин акт түзүүсү менен чечүүгө;
4).Керектөөчүгө тиешелүү газ эсептөө приборлорду, газ керектөөчү жабдууларды тиешелүү техникалык абалында кармоо жана коопсуз пайдалануу боюнча Жабдуучунун эскертүүлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга;
5).газ эсептөө приборунун, газ керектөөчү жабдуунун ишиндеги бузулуулар, ошондой эле пломбунун жулунуп же жабыркап калуусу тууралуу Жабдуучуга өз учурунда кабар берүүгө;
6).жекече турак жайлар үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системаларынын жана көп кабаттуу үйлөрдүн квартиралары үчүн газ менен камсыздоочу квартира ичиндеги системалардын, ошондой эле газ пайдалануучу жабдуулардын (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күймө ж.б.) пайдаланылышын эксплуатациялоо боюнча иштиктүү документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
7).Келишимдин 8-пунктунун 2-пунктчасына ылайык өз территориясына Жабдуучу кызматкерлеринин тоскоодугу жок коопсуз түрдө кирүүсүн камсыз кылууга;
8).газ чыгып жаткандыгы аныкталганда жана/же башка авариялык кырдаалдарда 104 номуру аркылуу бирдиктүү телефон боюнча Жабдуучунун авариялык кызматына кайрылууга;
9).мүлк ээси алмашкандан кийинки ( мүлктү сатып алуу-сатуу, алмашуу, белек кылуу ж.б.) 10 күн ичинде Жабдуучуга кайрылып, газ жеткирүү үчүн түзүлгөн келишимди бузуу жана карыздарды (эгерде ал болсо) төлөө. Мындай болбогон учурда, келишим мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып Жабдуучу бир жактуу түрдө келишимди бузууга укуктуу;
10).ай сайын газ эсептөө приборунун көрсөткүчүн Жабдуучуга маалымдап туруу. Эсептөө приборунун көрсөткүчү Жабдуучуга бүтүндөй мүмкүн болгон ыкмалардын негизинде берилет жана Жабдуучу тарабынан бекитилген мөөнөт менен эсеп тактыгы камсыз кылынат;
11).электрондук карта жоголуп кеткенде же бузулуп калганда (электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар болсо) Жабдуучуга кайрылып, өз эсебинен башка электрондук карта сатып алууга;
12).газ эсептөө приборунун электрондук бөлүгүнүн ишинде токтоп калуу фактысы катталганда, Жабдуучунун техникалык корутундусуна ылайык, Жабдуучу тарабынан электрондук карталуу газ эсептөө приборунун механикалык интегратору боюнча эсептелген жаратылыш газы үчүн төлөм жүргүзүүгө;
13).тиешелүү арыз берүү менен узак убакыт (1айдан көбүрөөк) жок болгондугу жана жаратылыш газын пайдаланбагандыгы туурасында Жабдуучуга билдирүүгө;
14).ташуучу идишти ачуу жана чечилип алынган газ эсептөө приборуна комиссиялык текшерүү иштерин өткөрүүгө катышуу үчүн прибор чечилип алынгандан тартып 10 күн ичинде Жабдуучуга келүүгө;
15).газ өткөрүүчү түтүктүү кошуу (алмаштыруу, оңдоо) үчүн Жабдуучуга арыз менен кайрылууга;
16).Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежесин, Жаратылыш газын эсепке алуу алуу эрежесин билүү, ошондой эле жаратылыш газын пайдалануу маалында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аларга таянып иш алып баруу;
17).Жабдуучунун кызматкерлерине кызматтык күбөлүгүн жана керектөөчүнүн газ колдонуучу жабдууларын өчүрүү (кошуу) боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жазуу жүзүндөгү негиздемени көрсөткөндө, өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн камсыз кылуу.
§ 4. Төлөм жүргүзүү шарты жана тартиби
11..Механикалык газ эсептөө прибору бар Керектөөчүлөр үчүн жеткирилген жаратылыш газынын баасы газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтөр жана иштиктүү тарифтер боюнча аныкталган көлөмгө ылайык эсептелет.
12..Электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар Керектөөчүлөр үчүн төлөм акы төлөө мезгилиндеги тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.
13..Газ эсептөө прибору жок Керектөөчүлөр үчүн жеткирилген газдын баасы Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринде бекитилген керектөө нормаларына ылайык эсептелет.
14..Жабдуучу тарабынан газ эсептөө приборундагы көрсөткүч жөнүндө маалымат Келишимдин 10-пунктунун 10-пунктчасында бекитилген мөөнөттө Жабдуучуга берилбесе, өткөн эсептик, ошондой эле керектөөчү тарабынан жаңыртылган, бирок катары менен 3 айдан көп эмес маалыматтардан турган келерки эсептик мезгил үчүн жеткирилгенгаз көлөмү Керектөөчү тарабын керектелген орточо айлык газ көлөмүнөн алынат; өз кезегинде ал газ эсептөө прибору аркылуу бир жылдан кем эмес мезгил үчүн аныкталат, эгерде газ эсептөө приборунун иштөө мезгили бир жылга жетпеген убакытты түзсө – газ эсептөө приборунун факт жүзүндө иштеген мезгили үчүн алынат. Көрсөтүлгөн 3 айлык мөөнөт аяктагандан кийин ар бир кийинки ай жана керектөөчү тарабынан жаңыртылган, бирок катары менен 3 айдан көп эмес маалыматтардан турган эсептик мезгилге чейинки ар бир кийинки ай үчүн жеткирилген газ көлөмү Газ жеткирүү жана пайдалануу Эрежеси тарабынан бекитилген газ керектөө нормативдерине ылайык аныкталат.
Газ эсептөө прибору боюнча жеткирилген газ көлөмүн аныктоо Жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылуучу текшерүү өткөрүлгөн күндөн кийинки күнү жаңыртылат.
15..Керектөөчүнүн газ эсептөө приборун чечип алуу менен Жабдуучу ага газ эсептөөчү резервдик текшерилген приборду орнотот жана бул туурасында акт түзөт. Газ эсептөө приборуна кийлигишүү фактысы ырасталбаган учурларда газ үчүн коюлган эсеп орнотулган газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
16..Үй ичиндеги (квартира ичиндеги) газ керектөөчү жабдууну, ошондой эле газ менен камсыздоо системасын техникалык жактан тейлөө, алмаштыруу жана оңдоо боюнча жүргүзүлүүчү иштердин прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча Жабдуучу тарабынан аныкталат.
17..Газ менен камсыздоонун токтогондугу, көрсөтүлгөн төлөм документинде (эсепте)каталардын бар экендиги тууралуу Керектөөчүнүн кайрылуусунан (арызы боюнча) кийин төлөмдө көрсөтүлгөн сумманы кайрадан эсептеп чыгуу Керектөөчүнүн катышуусунда же кезектеги төлөм документин жазып берүү менен жүзөгө ашырылат.
18..Жеткирилген газ үчүн эсеп кийинки эсептик айдын 20-числосуна чейин жүргүзүлөт.
19..Төлөм жүргүзүү мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн Керектөөчүгө ар бир мөөнөтүнөн кечиктирилген күнгө карата карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө, бирок карыз суммасынын 100% нан жогору эмес туум кошулуп жазылат. Газ үчүн дебитордук карызды жабуу акцептсиз же хронологиялык тартипте жүргүзүлөт: керектөөчү тарабынан жүргүзүлгөн төлөм суммасы, эң ириде биринчи ай үчүн болгон карыздын негизги суммасын, андан кийин биринчи ай үчүн туумду жабууга жумшалса, калган бөлүгү кийинки ай үчүн болгон карыздын негизги суммасы менен туумдарын жабууга багытталат.
§ 5. Тараптардын жоопкерчилиги
20..Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбай калган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда, тараптар Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарынын жана келишимдик мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын каралган ченемдерине ылайык жоопкерчилик тартышат.
21..Керектөөчү Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат:
1).жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин, жаратылыш газын эсептөө эрежелеринин, жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин № 1 Тиркемесине ылайык тиричилик приборлорун жана аппараттарын коопсуз пайдалануу боюнча нускамасынын талаптарын бузгандыгы үчүн;
2).Газ эсептөө прибору бузук экендиги тууралуу Жабдуучуга айтпастан газ керектегендиги үчүн. Мындай учурларда газды керектөө эсепке алынбаган болуп саналат да, төлөм жүргүзүү Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык Жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылат;
3).газ эсептөө приборунун ишине кийлигишкенде, Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык.
22..Жабдуучу Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат:
1).завод-даярдоочу тарабынан бекитилген мөөнөттө газ эсептөөчү тиричилик приборун текшерүү үчүн;
2).газ жабдуусуна карата өткөрүлгөн сапатсыз техникалык тейлөө иштери үчүн өз учурунда жана өз каражаттарынын эсебинен бардык сапатсыз аткарылган иштерди кайрадан жасоо үчүн.
23..Керектөөчүнүн күнөөсү боюнча газ эсептөө прибору ишке жараксыз болуп калган учурларда, Керектөөчү жаңы газ эсептөө приборун сатып алуу жана орнотуу боюнча Жабдуучунун чыгымдарынын ордун толуктайт.
24..Текшерүүнүн жүрүшүндө анык болгон жана Жабдуучунун техникалык корутундусу менен ырасталган бузулуулар табылганда жана/же өз алдынча кошулуу/монтаждоо иштеринде жабдуучу жеткирилген газдын көлөмү боюнча Жабдуучу менен кайра эсептешүүлөрдү жүргүзөт жана мындай шартта бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун акыркы текшерүү/орнотуу иштери өткөрүлгөндөн тартып бир календардык жылга чейинки күнү-түнү иштеген максималдуу долбоордук кубаттуулугу эске алынат. Эсеп жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин
1-тиркемесине ылайык Жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт.
§ 6. Өзгөчө шарттар
25..Тараптар Келишим боюнча милдеттемелердин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы, ошондой эле аларды аткаруу мөөнөтүн создуктургандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат; эгерде булар мыйзамдар менен бирге башка ченемдик актылардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тыюу салуучу же чектөөчү актыларынын өзгөрүүсүнө жана каршы турууга мүмкүн болгон күчтөрдүн кесепетине (форс-мажор) алып келсе.
Форс-мажордук кырдаал-бул суу ташкыны, өрт, зилзала жана башка жаратылыш кырсыктары, техногендик катастрофалар (авариялар), тиешелүү территорияга өзгөчө жана аскердик абал киргизүү, террористтик акттар, массалык баш аламандыктар ж.б.
26..Келишимди аткарууда келип чыккан талаш-тартыштар менен пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилет. Эгерде макулдукка келе алышпаса, талаш-тартыш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет.
27..Бул Келишимде сөз кылынбаган кандайдыр бир жагдайлар жаралган учурларда тараптар Кыргыз Республикасынын газ менен камсыздоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга (анын ичинде эрежелер, нускамалар) таянышат.
§ 7. Келишимдин таасир этүү мөөнөтү
28..Бул Келишим тиричилик керектөөчүнү жабдуучунун газ менен камсыздоо тармагына иш жүзүндө кошкон жана/же жабдуучунун газ менен камсыздоо тармагына кошулган кыймылсыз мүлккө карата укуктарды (мыйзам чегинде каралган менчик же ээлик кылуу жана пайдалануу) сатып алган күндөн тартып күчүнө кирет жана бир жыл боюу жарактуу болуп саналат. Бул мезгил ичинде тараптардын кайсы бири кат жүзүндө Келишимди бузуу тууралуу экинчи тарапка арыз менен кайрылбаса, Келишим ушундай эле мөөнөткө узартылат.
§ 8. Жабдуучунун реквизиттери: _______________________________________________
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесине карата 4-тиркеме
Газ эсепке алуучу прибор жок учурда жылытуу, тамак-аш даярдоо жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн калк тарабынан жаратылыш газын керектөө Нормалары
Газ керектөө шарттары, газ керектөөчү жабдуу түрлөрү жана алардын иш багыты
Өлчөө бирдиги
Газ керектөө нормасы, айына куб.м
1..Борбордук ысык суу менен камсыздалган үйлөрдө тамак жасоо үчүн керектелүүчү тиричилик газ плитасы
1 адам
10,0
2..Борбордук ысык суу менен камсыздалбаган же маал-маалы менен ысык суу келүүчү үйлөрдө тамак жасоо үчүн керектелүүчү тиричилик газ плитасы
1 адам
14,0
3..Борбордук ысык суу менен камсыздалбаган же маал-маалы менен ысык суу келүүчү үйлөрдөгү ысык суу менен камсыздоо үчүн керектелүүчү жана газ менен иштөөчү суу жылыткыч
1 адам
11,0
4..Жылытуучу газ приборунун түрүнө карабастан газды үй жана батирлерди жылытуу үчүн максатында пайдалануу жылуулук берүүчү 6 айлык мезгил
(15-октябрдан 15-апрелге чейин) эсебинен алынган календардык жылга барабар
1 кв.м
8,0
5..Катуу тоюттуу бууга жибитүү, ошондой эле ичүү жана санитардык максаттар үчүн суу жылытуу менен катар айбанаттар үчүн азык даярдоо
бир малга:
1 жылкы; 1 уй; 1 чочко; 1 кой (эчки)
5,6 23,7 12,5 2,2
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесине карата 5-тиркеме
Тиричиликте жаратылыш газын пайдалануу Нускамасы
1..Турак жайларда жана батирлерде иштеп жаткан тиричилик газ приборлорун коопсуз эксплуатациялоо, ошондой эле оң абалында кармап турууга алардын ээлери жана газ пайдалануучу адамдар жоопкерчилик тартышат.
2..Газды турмуш-тиричиликте пайдаланып келе жатышкан тиричилик керектөөчүлөр төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1).газ приборунун, түтүн чыккыч менен желдетүүчү системанын нормалдуу иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүү, күйгөн газ продуктулары түтүн чыгуучу түтүккө кетчү газ приборлорунун күйгүзгөнгө чейин жана иш маалындагы сүйрөөчүсүн (тяга) текшерүү. Газдаштырылган мешти пайдалануудан мурда шибер толук ачык тургандыгына ынануу. Мезгил-мезгили менен түтүн чыккычтын “чөнтөгүн” тазалап туруу;
2).газды пайдаланып бүткөн соң газ приборлорундагы крандарды жабуу;
3).газ жабдуусу бузук учурларда газ чарба ишканасынын кызматкерлерин чакыруу;
4).газ берүү капысынан эле токтоп калса, газ приборундагы күймө крандарды дароо жаап, 104 телефону боюнча авариялык газ кызматына кабарлоо;
5).батир имаратында газ жыттана баштаган маалда токтоосуз түрдө газ приборун пайдаланууну токтотуп, приборлорго кетчү жана приборлордогу крандарды жаап, имаратты желдетүү үчүн терезе жана терезенин кичи көзүн ачып, газ чыгып жаткан жерден обочорок туруп 104 телефону боюнча авариялык газ кызматын чакыруу. От жакпоо, тамеки чекпөө, электр жарык берүүчүлөрдү жана электр приборлорду күйгүзбөө жана өчүрбөө, электр менен иштөөчү коңгуроону пайдаланбоо;
6).жер төлөгө кирип, электр жарыгын күйгүзүү же от жагуудан мурда газ чыгып жатпагандыгына ынануу;
7).жер төлөдө, подъезде, короодо жана көчөдө газ жыттанып баштаса, төмөнкү иш-аракеттерди кылуу зарыл:
–.айланадагыларга сактык чаралары тууралуу билдирүү; –.газ чыгып жаткан жерден обочо туруп 104 телефону боюнча авариялык газ кызматына билдирүү; –.газ чыгып жаткан жерден элдерди кетирүү, электр жарыгын күйгүзүү жана өчүрүү, өрт жана учкундун пайда болуусун алдын алуу чараларын кабыл алуу; –. авариялык бригада келгиче имаратты желдеттүү.
3..Тиричилик керектөөчүгө тыюу салынат:
1).үйгө (батирди, бакча ичиндеги үйдү) өз алдынча газ киргизүү, газ приборлорун жана тыгындоочу арматураны бир орундан экинчи бир орунга жылдыруу, алмаштыруу жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
2).тиешелүү ишканалар менен макулдашпай туруп, газ приборлору орнотулган имаратты кайрадан пландоого;
3).газ приборлорунун конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү. Түтүн чыгуучу жана желдетүүчү система түзүлүштөрүн өзгөртүү. Желдетүүчү каналдарды чаптоо, түтүн чыгуучу түтүктөрдү тазалоого арналган “чөнтөк” жана люктарды чаптоо же шыбап бүтөп салууга;
4).коопсуздук жана жөнгө салуу автоматикасын өчүрүүгө, газ приборлору, автоматика, арматура жана газ баллондору бузук учурда, өзгөчө газ чыгып жаткан учурларды газды пайдаланууга;
5).коюлган кыш, шыбактын тыгыздыгы, газ мештери менен түтүн чыккычтар бузулган учурларда газды пайдаланууга. Түтүн чыккыч жана суу жылытуучудан бери түтүн сыртка айдоочу түтүктөргө кошумча шиберлерди өз алдынча орнотууга;
6).кезектеги текшерүү иштерин өткөрбөй жана түтүн чыккыч менен желдетүүчүканалдарды тазалабай туруп газды пайдаланууга;
7).терезенин ачылма көзү (форточка), жалюзалык зым тор, желдетүүчү тор каналдар жабык учурда, түтүн чыккыч менен желдетүүчү каналдан жел чыкпай жатканда, ванна бөлмөлөрүнүн эшигинин алдында жылчыкчалар жок учурда газ приборлорун пайдаланууга;
8).иштеп жаткан газ приборлорун (үзгүлтүксүз түрдө иштөөгө эсептелген жана бул үчүн тиешелүү автоматикага ээ приборлордон сырткары) көзөмөлсүз калтырууга;
9).мектепке чейинки балдар менен катар өз иш-аракетин көзөмөлдөй албаган жана бул приборлорду кантип пайдалануу керектигин билбеген адамдарга газ приборлорун пайдаланууга уруксат берүүгө;
10).газ жана газ приборлорун максатсыз пайдаланууга. Газ плиталарын имарат жылытуу иштерине пайдаланууга;
11).газ приборлору орнотулган имараттарды уктоо жана эс алуу максаттары үчүн пайдаланууга;
12).газдын чыгып жатканын аныктоо үчүн ачык отту пайдаланууга (бул максаттар үчүн самын эмульсиясы же атайын приборлор пайдаланылат).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 "Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуу…Приказ · 29.09.2025 · № 63-3
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа "Кыргыз Республикасында курулуш иштерине…Приказ · 02.07.2025 · № 93-нпа