Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин “Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин” жана “Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин” бекитүү жөнүндө” буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2015-жылдын 17-октябры № 152 “Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин” жана “Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин” бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 15-пунктуна ылайык жана жаратылыш газын пайдалануунун тартибин регламентациялоо жана газ жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен өз ара мамилелерин тартипке келтирүү, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу маселесин бирдиктүү мамиле кылуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМЫН: Тиркелгендер бекитилсин:
- Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери;
- Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелери.
2. Басма сөз катчысы бул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин веб-сайтына анын мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Отун, газ жана жылуулук камсыздоо бөлүмү бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып бир иш күндүн ичинде бул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки пускадагы көчүрмөсүн, жарыяланган булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары А.Р.Калиевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр
К. Турдубаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Курулуш Ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин…Норма · 05.06.2024 · № 71-нпа
- СТРОИТЕЛЬНЫЕ НОРМЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ "ГАЗ МЕНЕН КАМСЫЗДАНДЫРУУ СИСТЕМАЛАРЫН ДОЛБООРЛОО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак…Норма · 28.01.2021 · № 39
- Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 "Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуу…Приказ · 29.09.2025 · № 63-3
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон