Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-октябры № 687
2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII “2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көрсөтүлгөн Программанын аткарылышы жөнүндө тиешелүү маалымат берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 21-октябрындагы№ 687 токтомуна)Программа · 21.10.2025 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 44-т (“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн “Аэро…Распоряжение · 30.01.2026 · № 44-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 621-т (Мамлекеттик мүлктү уставдык капиталга салым катары "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун…Распоряжение · 13.08.2026 · № 621-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 81-т "Жер тилкени турак эмес жайы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизүү…Распоряжение · 17.02.2026 · № 81-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга…Постановление · 11.03.2026 · № 171
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021