Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер тилкени турак эмес жайы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-февралы № 81-т
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттик каражаттарды толтуруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов пр., 101 дарегинде жайгашкан, аянты 0,996 га, идентификациялык коду 1-01-11-0059-0448 болгон жер тилкесин турак эмес жайы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 "2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси турак эмес жайы менен 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизилгенден кийин белгиленген тартипте:
1) рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү…Постановление · 21.10.2025 · № 687
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31