Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүш түрүндөгү мамлекеттик мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 “2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипке киргизүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-январы № 44-т
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүш түрүндөгү мамлекеттик мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 “2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Манас” май куюу комплекси” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүштүн рыноктук наркын көз карандысыз баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүштү баалоо наркы боюнча мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
3. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүү сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 21-октябрындагы№ 687 токтомуна)Программа · 21.10.2025 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга…Постановление · 11.03.2026 · № 171
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү…Постановление · 21.10.2025 · № 687