Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 171
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 "2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасында:
1) жогоруда көрсөтүлгөн Программага 1-тиркемеде:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-пункттар менен толукталсын:
«
41
«Аэро Кыргызстан» ЖЧК *
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 30-январындагы № 44-т тескемесине ылайык «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
358 056, 129
100,0
100,0
42
«Таза Энержи» ЖЧК * «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
1,0
100,0
100,0
»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-главалар менен толукталсын:
«
3. Ысык-Көл облусу
6
«Ляззат» ЖЧК *
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
156 370, 991
100,0
100,0
4. Ош облусу
7
«Нурдан Транс» ЖЧК *
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
31 274, 8
100,0
100,0
8
«Wholesale International» («Хоулсейл интернешнл») ЖЧК *
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
1
100,0
100,0
»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Программага 2-тиркемеде:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«
31
Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 101 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайы менен аянты 0,996 га жер тилкеси
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү…Постановление · 21.10.2025 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 44-т (“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн “Аэро…Распоряжение · 30.01.2026 · № 44-р
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31