Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:
а) 14-пунктта "1-мартынан" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) Жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешелер боюнча салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммаларын төлөөдөн бошотулат. Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча түзүлгөн салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар карыз, салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же аяктай элек кылмыш иши болгон учурларды кошпогондо, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;";
в) 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"0 пайыздан, 0,1 пайыздан, 0,5 пайыздан жана 1 пайыздан баштап ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча соода ишин жүзөгө ашыруучу, ошондой эле баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча товарды кириштөөнүн кагаз түрүндөгү документин түзүүгө укуктуу;";
г) 18-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 19-22-пункттар менен толукталсын:
"19) төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдери салыктык текшерүүлөр менен камтылууга тийиш эмес:
а) уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүү;
б) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
в) салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
г) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүү же кайра текшерүү;
20) 2025-жылдын 1-январына карата абал боюнча транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы бар салык төлөөчү 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арыз менен салык органына кайрылууга милдеттүү. Белгиленген мөөнөткө чейин арыз берилбеген учурда транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
Транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы тарабынан жүргүзүлөт;
21) турак эмес имаратка, жайга жана курулмага, ошондой эле административдик-аймактык реформанын натыйжасында катталган жери өзгөртүлгөн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн 2025-жылы колдонулуучу зоналык коэффициент 1,0гө барабар белгиленет;
22) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген салык төлөөчү 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органына салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- ири жана орто ишкердиктин субъекти тарабынан - арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып;
- чакан ишкердиктин субъекти тарабынан - отчеттук салык мезгили үчүн.".
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031070/st-3" title="3-берене - Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>