Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 31-пункттарында көрсөтүлгөн" деген сөздөр "17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун - жеке жактын, ошондой эле карызкордун - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча сыртка чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө токтом карыздын өлчөмү 500 эсептик көрсөткүчтөн ашкан учурларда чыгарылат.";
б) 31-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Карызкордун чыгуусуна укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча убактылуу чектөө бул тутумга укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча төлөмдөрдүн толук көлөмдө төлөнгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат түшкөндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалыматтык тутуму тарабынан түзүлгөн электрондук отчет менен алып салынышы мүмкүн.";
4) 66-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 31-пунктунда каралган аткаруу документтери боюнча карызкордун акча каражаттарынан өндүрүп алуу жеке жактарга карата колдонулат жана юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге карата колдонулбайт.";
5) 129-беренеде:
а) 10-бөлүктүн 1-пунктунун "г" жана "д" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) 5000001 сомдон 10000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 2 пайыз;
д) 10000001 сомдон жогору мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 1 пайыз;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 111-бөлүк менен толукталсын:
"111. Аткаруу жыйымы түрүндөгү акчалай өндүрүп алууну салуу жөнүндө токтомду кошпогондо, соттун чечими боюнча аткаруу документи жокко чыгарылган учурда, сот аткаруучуга сый акыны эсептөө ушул берененин 10-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.".
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031070/st-2" title="2-берене - Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>