Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4121-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
1. Атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн, транзакцияны жүзөгө ашырган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү транзакцияга салык төлөөчү болуп саналат.
2. Атайын салык режиминин салык төлөөчүсү тарабынан транзакция үчүн алынган акы ушул бөлүмдө белгиленген салык сапуу объектиси болуп саналбайт.
3. Атайын салык режиминин салык төлөөчүсү тарабынан транзакцияга салык боюнча эсептөө, төлөө жана отчет берүү ушул Кодекстин 245-1-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.";
61) 413-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Патент салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн салыктык же эсептик каттоосу болгон учурда ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча салык органынан сатып алынышы мүмкүн, ал эми соода ишин жүргүзгөн ишкердиктин субъектиси үчүн соода ордунун жана/же объектинин болушу кошумча шарт болуп саналат.";
62) 414-беренеде:
а) 2-бөлүк "салыктын суммасын" деген сөздөрдөн кийин "соода аянтына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурларды кошпогондо, салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо жана аны түзөтүү хронометраждык иликтөөлөрдүн, ошондой эле салык кызматынын органдарында болгон маалыматтын негизинде же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
4. Эгерде салык төлөөчү иштин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, анда патент экономикалык иштин ар бир түрүнө өзүнчө алынат.";
63) 416-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
-1-пунктта "катары менен" деген сөздөр "соода ишин кошпогондо, катары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) жалпы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү жеке жак.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурда, салык төлөөчү шайкеш келбестик белгиленген мезгилдин ичинде салык органына шайкеш келбестик белгиленген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Эгерде салык органына салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат. Ушул бөлүккө ылайык патенттин негизиндеги салыкты төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү мындай эсептен чыгарылгандан кийин 1 жылдан эрте эмес убакытта патенттин негизиндеги салыкты төлөөгө кайрадан өтүүгө укуктуу.";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) жеке жак ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган талаптарды бузса;
5) жеке жак товарды, жумуштарды берүүчү же кызматтарды көрсөтүүчү субъект-берүүчү менен курулай же жалган бүтүм түзүү максатында патентти иш жүргүзүү ниети жок алса.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Соода аянты жана/же учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча салык органына календардык жылдын калган айларына түшкөн акчанын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө жана түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасы менен патент сатып алууга милдеттүү. Эгерде ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органына соода аянты жана/же учурдагы календардык жылдын калган айларына алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып соода аянтынын аныкталган өлчөмүнө жана/же түшкөн акчанын көлөмүнө тиешелүү патенттин негизиндеги салыктын ставкасын колдонуу менен салык төлөөчү деп таанылат.";
64) 417-беренеде:
а) 2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патент төмөнкүлөргө алынышы мүмкүн:
а) учурдагы календардык жылдын калган айларына карата соода иши үчүн;
6) катары менен келген 15, 30, 90, 180 жана 365 күнгө калган иштер үчүн. 90 календардык күнгө патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга, 365 календардык күнгө - 15 пайызга төмөндөтүлөт.
3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте колдонуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын, ошондой эле ушул Кодекстин 416-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, патент алынгандан кийин кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы патент алынгандан кийин кайтарып берилүүгө тийиш эмес.
4. Патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү менен алектенген, ушул Кодекстин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчү өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчетторду берүүгө жана ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында патенттин негизинде иш боюнча жүргүзүлгөн чыгымдар патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууларга кирбейт.";
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
65) 418-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
66) 419-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) ушул Кодекстин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерге карата ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу ЭЭЗ субъектиси.";
б) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жаппы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү субъект;";
67) 422-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча товарды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө анын бажы наркы саналат;
7) виртуалдык активди сатууда жүзөгө ашырылуучу иш боюнча сатып алуу наркын кемитүү менен аларды сатуудан түшкөн акча салык базасы болуп саналат.";
б) 3-бөлүктө "VIII бөлүмүнө" деген сөздөр "VII жана VIII бөлүмдөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
68) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектти, импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, ошондой эле дары каражаттарын, медициналык буюмдарды сатуучу жана ишин Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары жүзөгө ашыруучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчасынын көлөмү 50000000 сомго чейин болгон субъект 0,5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт. Ушул пункт, майлоочу майларды жана башка майларды сатууну кошпогондо, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга жайылтылбайт;";
б) 2-бөлүктө "Ушул Кодекстин" деген сөздөр "ЭЭЗ субъектисин кошпогондо, ушул Кодекстин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"2-2. ЭЭЗ субъектиси ушул Кодекстин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) жарым-жартылай кайра иштетилген товарларды ташып чыгууда - 1 пайыз;
б) товарларды өзгөртүлбөгөн түрдө ташып чыгууда - 3 пайыз.";
г) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Төмөнкүдөй субъект 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт:
1) тигүү жана/же текстиль өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу;
2) зер буюмдарын өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашыруучу.";
д) 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүзөгө ашыруучу, экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган субъектти кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды сатууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:";
е) 11-бөлүктө "30000000 сом," деген сөздөр алып салынсын;
ж) 13-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 15-бөлүктө:
- ", 13" деген цифралар алып салынсын;
- "6" деген цифра "4" деген цифрага алмаштырылсын;
и) төмөнкүдөй мазмундагы 17-19-бөлүктөр менен толукталсын:
"17. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер мамлекеттик бюджеттен каржылануучу каражаттардын суммалары боюнча салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
18. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
19. Виртуалдык активди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъект сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы айырмадан 8 пайыз ставка боюнча салык төлөйт.";
69) 426-беренеде:
а) 3-бөлүк "режимди колдонуучу субъект" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗдин субъектиси" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-бөлүктө "8, 13-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "8-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 430-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына берүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС жана акциз төлөөдөн бошотулат. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНС суммасы төлөнүүгө тийиш.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, келип чыгышы ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды андан ары ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъектиси ушул бөлүккө ылайык ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга милдеттүү.";
в) 9 жана 10-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
71) 436-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
72) 443-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
73) 450-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
74) 457-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул главада каралган салык режими Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө гана (мындан ары - өзгөчө режимдеги соода зонасы) карата колдонулат. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык, импорттоочу субъект жана дистрибьютор тарабынан товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүргүзүүчү субъект салыкты тандоо боюнча жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде төлөөгө укуктуу.";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүгө жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү субъектти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймагында товарларды сатуу боюнча иш жүргүзүүгө тыюу салынат.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда, салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө жана салык төлөөчү арыз берген ай боюнча мындай бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде эсептелген салыктарды төлөөгө милдеттүү. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салык төлөөчүнүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы каттоосун жокко чыгарууга арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз учурунда бербесе, анда салык төлөөчү мындай тартип бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып шайкеш келбегендиги аныкталган ай боюнча жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат.";
д) 51 жана 52-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
75) 459-берененин 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
76) 460-беренеде "товарларды" деген сөздөн кийин "арызда көрсөтүлгөн соода жайында" деген сөздөр менен толукталсын;
77) 461-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"461-берене. Салыктын ставкасы Учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө жараша бир соода ордуна салыктын ставкасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
78) 462-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын орточо айлык суммасы белгиленген болуп саналат жана учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнөн ашкан учурда салыктын орточо айлык суммасын кайра эсептөөнү кошпогондо, кайра эсептелүүгө тийиш эмес. Ушул Кодекстин 457-беренесинин 31-бөлүгүндө каралган, төлөнгөн салыктын суммасы сатуудан алынуучу салык боюнча салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары таанылган учурларды кошпогондо, салыктын төлөнгөн суммасы салык төлөнгөндөн кийин кайра кайтарылбайт.".
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031070/st-4121" title="4121-берене - Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>