Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жергиликтүү кеңештердин компетенциясы
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 2-глава
1. Жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен шаардык кеңеш административдик чек аралардын чегинде:
1) административдик-аймактык түзүлүш, шаардын райондорунун чектери боюнча сунуштарды карайт;
2) муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет;
3) аймактарды куруу долбоорлорунун башкы пландарын, аймактардын укуктук жактан зоналаштырылышын жана айыл аймагынын калктуу конуштарынын жер пайдалануу эрежелерин бекитет;
4) муниципалдык менчикте турган жерлерди берүү тартибин бекитет;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чектеринде шаар жерлерине салыктын наркын эсептөө үчүн зоналык коэффициентти белгилейт;
6) тооруктарга коюлуучу муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын эсептөө методикасын жана түздөн-түз берүү жолу менен ижарага берилүүчү муниципалдык менчиктеги жер тилкелери үчүн ижара акысынын өлчөмүн бекитет;
7) көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасын бекитет;
8) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет;
9) турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмдөрүн белгилейт.
2. Жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен, айылдык кеңеш:
1) райондун административдик-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт;
2) айыл аймагынын айылдагы калктуу конуштарын куруунун, деталдуу пландоонун долбоорлорунун башкы пландарын жана жерди пайдалануу эрежелерин бекитет;
3) турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмдөрүн белгилейт;
4) муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет;
5) анын аймагынын чегинде жайгашкан жерлер үчүн салык наркын эсептөө үчүн зоналык коэффициентти белгилейт;
6) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыт аянтынын бирдигине, инфратүзүмүнө, ошондой эле алардын түшүмдүүлүгүнө жана алыстыгына оптималдуу жүктү эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилейт.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №16 "Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө"…Постановление · 27.01.2026 · № 16
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 78/XVII-29 "Жер тилкесин трансформациялоого (которуштуруу) макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2026 · № 78/XVII-29
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 79/XVII-29 "Социалдык объекттин жер тилкесинен башка объект курууга жер тилкесин бөлүүгө макулдук…Постановление · 29.04.2026 · № 79/XVII-29
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 82/XVII-29 "Жер тилкесин трансформациялоого жана жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө"…Постановление · 29.04.2026 · № 82/XVII-29
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 83/XVII-29 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара…Постановление · 29.04.2026 · № 83/XVII-29
- Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-майы № 58 "Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2026 · № 58
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 120 "2026-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндөу" токтомуПостановление · 09.02.2026 · № 120
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>