Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Жер тилкесин трансформациялоого жана жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 82/ХVII-29
Жер тилкесин трансформациялоого жана жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сессияда "В.Мансуза атындагы айыл чарба кооперативинин" төрагасынын жер участокторун трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-2026-жылдарга "Менин үйүм" турак жай программасынын 3-бап, 14-пункт, 4-пунктчага ылайык турак жай программасына катышкан жарандардын категорияларын кеңейтүү үчүң, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-39-беренесинин негизинде Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. "В.Мансуза атындагы айыл чарба кооперативинин" Милянфан айылы, Ленин көчөсү №96 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 8365,81 м.кв., анын ичинен курулуштардын алдындагы жерлер -3093,03 га, короолордун алдындагы жерлер -5272,78 кв.м, “айыл чарба багытындагы эмес” жер участокторун, “өндүрүштүк” максаттуу багытын өзгөртүү менен “калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин,
2. Ак-Кудук айыл өкмөтү:
- бул жер участокторун которуу боюнча документтерди колдонуудагы жер мыйзамдарына ылайык түзсүн.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төраганын орун басары: | | Ү.Карагулов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149