Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №16 «Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
“27” январдын 2026-жылдагы №16
Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.К.Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон