Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Жер тилкесин трансформациялоого (которуштуруу) макулдук берүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 78/ХVII-29
Жер тилкесин трансформациялоого (которуштуруу) макулдук берүү жөнүндө
Сессияда Ак-Кудук айыл аймагынын №132 контурдагы дыйкан чарбаларынан АЧМФнын №81 контурдагы жер тилкесинен алмаштыруу жолу менен алынган 5 га жер тилкесин которуштуруу маселесин карап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Торобаевдин 10.10.2025ж №14-11062 сандуу протоколдук тапшырмасына, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 21.11.2025ж №66 сандуу токтомуна ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл- өткөрүү пунктунун жанына тейлөө борборун куруу, аймактарын кеңейтүү боюнча мамлекеттик долборду ишке ашыруунун алкагында, КР Жер Кодексинин 21-беренсине, КР “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине таянып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын №132 контурунда жайгашкан айыл чарба багыты категориясындагы 5 га жер тилкесин өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуштурууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө :
- Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 14.10.2024ж. №20 сандуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17.12.2021г. №309 сандуу токтомун аткаруу максатында АЧМФнын жерлеринин 50% Ысык-Ата райондук айыл чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө чечимине төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүү киргизилсин:
- №81 контур боюнча өткөрүп берилген 173,95 га жер тилкесинин ордуна Ысык-Ата райондук айыл чарба башкармалыгына 168,95 га өткөрүлүп берилсин.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага: | | Дж. Маванкуй |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149