Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 7 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын сессиясы
2024– жылдын 24-январы № 7
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 243 , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомдоруна ылайык Савай айылдык округунун кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери мыйзам чегинде ижарага берилсин.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин.
Караходжаев Заирбек - Савай айылдык округунун кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы Каратаева Назира - Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы Комиссия мүөлөрү:
1.Женмуратов Алмаз - Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси
2.Абдиашим уулу Каныбек – Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
3.Хайдарова Кылара – Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
4.Алымова Айнура – Савай айылдык округунун кенешинин депутаты
5.Оморова Кайринса – Савай айылдык округунун кенешинин депутаты
6.Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өз айылында
7.Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү
8.Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери ( макулдугу менен )
3. Түзүлгөн комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүү тартиби” мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барышсын.
4. Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ынгайсыз жана сай жерлерин, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдетин аткаруучуну дайындоо жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кенешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.Мамашов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик…Постановление · 21.01.2023 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 09.09.2022 · № 494
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябры № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары…Постановление · 18.11.2016 · № 599
- 2012-жылдын 3-сентябры № 602 " КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө…Постановление · 03.09.2012 · № 602