Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 „Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 21-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун он экинчи абзацына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"- асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан жогору эмес же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу айыл чарба жерлери.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы VI глава менен толукталсын:
"VI. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүү
95. Асылдуулугу төмөн жайыттар жерлердин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, андан соң Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен ал өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын пайдалануусуна 20 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн. Асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүдө милдеттүү шарт болуп жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу эсептелет.
96. Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарынын арызы, мамлекеттик органдардын өтүнүч каты асылдуулугу төмөн жайыттарды берүү үчүн негиз болуп саналат.
97. Арыз жер участогу жайгашкан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берилет.
98. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогунун категориясы жана өлчөмү;
- айыл чарба жерлеринин кайсы түрүнө өздөштүрүлүп жатканы жөнүндө маалыматты киргизүү менен техникалык-экономикалык негиздеме.
99. Арызга арыз ээсинин - жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
100. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ушул Жобонун 98 жана 99-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен арыз келип түшкөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде арызда каралган жерлерди тиешелүү түргө которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн райондук комиссиянын кароосуна жиберет.
101. Райондук комиссия асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба жерлеринин өздөштүрүлүүчү түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн учурдан тартып жерлерди бир категориядан экинчисине, бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык жерлерди которуу (трансформациялоо) жол-жобосун демилгелейт, берилген документтер ылайык келген учурда төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен асылдуулугу төмөн жайыттарды которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө;
2) асылдуулугу төмөн жайыттарды которуудан (трансформациялоодон) баш тартуу жөнүндө.
Баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык асылдуулугу төмөн жайыт участокторун өздөштүрүүгө берүүгө чектөө же тыюу салуу белгиленген учурда;
- айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын терс корутундусу болсо;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн эмес өздөштүрүүгө өтүнүч кат берилсе;
- бул жерлер алардын генералдык пландарына жана курулуш пландарына ылайык калктуу конуштардын чектеринде жайгашса;
- маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу жок болсо.
102. Асылдуулугу төмөн жайыттар которулгандан (трансформациялангандан) кийин жергиликтүү мамлекеттик администрация 3 иш күндүн ичинде жер участогун берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана 6-тиркемеге ылайык форма боюнча келишим түзөт.
103. Келишимди бузуу жарандык жана жер мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
104. Которулган (трансформацияланган) асылдуулугу төмөн жайыттарды берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет.
105. Берилген жерлердин натыйжалуу пайдаланылышын жана түшүмдүүлүгүнүн жогорулатылышын контролдоо ушул Жобонун V главасынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январындагы № 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (17)
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243…Положение · 22.06.2007 · № 243
- Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 7 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча…Постановление · 24.01.2024 · № 7
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2023 · № 9
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/67 "Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2023 · № 15/67
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 18/100 "Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2023 · № 18/100
- торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №5 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 30,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2024 · № 5
- Торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №6 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2024 · № 6
- торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №10 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан0,50га жер аянтын которууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2024 · № 10
- Торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №12 "Чоң-Кара айылынын батыш тарабынан0,50га жер аянтын которууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2024 · № 13
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 20-августундагы "Макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.08.2024 · № 111
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 20-августундагы №112 "Макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.08.2024 · № 112
- Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 20-августундагы №113 "Макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.08.2024 · № 113
- Кара-Булак айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-августундагы №78 "Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2024 · № 78
- Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-январы № 6 Савай айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүнүн жер комиссиясын түзүү жөнүндө жөнүндө токтомуПостановление · 28.01.2025 · № 6
- Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №2/2 "АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтому.Постановление · 25.02.2025 · № 2/2
- Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы №23 «Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө» токтомуПостановление · 24.09.2025 · № 23
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №128 "Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2026 · № 128
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон