Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды обочолонтуу
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар ушул Мыйзамдын 30, 31 жана 33-беренелеринде каралган бөлөк жайгаштыруу талаптарына ылайык жалпы же бир адамдык камераларда кармалат.
2. Шектүүлөр жана айыпталуучулар бир адамдык камераларда бир суткадан ашык прокурордун санкциясы менен, камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын жүйөлүү токтому боюнча кармалат. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бир адамдык камераларга жайгаштырууда прокурордун санкциясы төмөнкү учурларда талап кылынбайт:
1) шектүүнүн же айыпталуучунун жалгыз кармоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы болгондо;
2) шектүүнүн же айыпталуучунун, же болбосо башка шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында;
3) ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган бөлөк жайгаштыруу талаптарын сактоону камсыз кылууга башка мүмкүнчүлүктөр болбой калганда.
3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу жайлардын башка камераларында, башка жайларында кармалган шектүүлөргө жана айыпталуучуларга кандайдыр бир предметтерди берүүгө, кат алышууга, ошондой эле сүйлөшүүлөргө, анын ичинде дубалды каккылоого, кыйкырууга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу жайлардын персоналы менен (медкызматкерлеринен башка), имараттын коридорлорунда же камакта кармоочу жайдын короосунда турушкан кайсы болбосун адамдар менен сүйлөшүүгө жол берилбейт.
4. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын эркиндикте жүргөн адамдар менен сүйлөшүүлөрү, кандайдыр бир предметтерди кийирүүсү жана кат алышуусу ушул Мыйзамдын 18, 21 жана 26-беренелеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Ушул беренеде баяндалган обочолонтууну камсыз кылуу талаптары шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайдан тышкары ташууда да сакталууга тийиш.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-32" title="32-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>